КӨЗҮ КАТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көрүүгө же жетүүгө зар болуу, кемчил болгон нерсени аябай самоо, абдан эңсеген абалда болуу. Балдарынын баары токтобой жүрүп, көзү катканда Шамбетти көрүшүп, аны да алда-жалда менен араң чоңойтушпады беле (Исмаилов). - Бул акчадан көзү каткан байкуш турбайбы (Каимов). Тамактан көзү каткан бечаранын обору ачылып калган тура («Ленинчил жаш»).