КӨЗҮНӨ ЧӨП САЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Алдыртан, билгизбей чыгыштык кылуу, бузуктук кылуу, көзүн боёо. Менин Мариям көзүмө чөп салбайт деп ага ичинен жалына берчү (Ашымбаев). Кыздай асыраган Серкебайга кара санаган токол кимдин көзүнө чөп салбайт, эгем? (Сыдыкбеков). 2. Бирөөгө алдыртан, билгизбей жаманчылык издөө, бузукулук, чыккынчылык иш жасоо, кастык кылуу, көзүн будамайлоо. Сенин кандай саясат жүргүзүп, кантип менин көзүмө чөп салайын деп жүрүшүңдү түшүндүм («Чалкан»). Экинчи транспорт жөнөгөндө аны Доллежанова катып коюп, полицейдин көзүнө чөп салат (Ашымбаев). В.: Көзүнө топурак салуу. Бектин көзүнө топурак салып, Айсалкынды өзүң качырып, күнөөнү мага жүктөгөнү жаткандырсың (Жоошбаев). Арабызга жоро-жубан, сатандарды жиберип, жолубуздан адаштырып, анан көзүбүзгө топурак салгысы келишет («Кыргызстан маданияты»).