КӨЗГӨ КӨРҮНБӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Иштеген иши, кылган жумушу ж. б. эсепке алынбоо, бааланбоо. Үй тиричилигинде канчалык чыйрактык кылды? Бул далалаттарынын бирөө да көзгө көрүнбөдү (Осмоналиев). Канчалык кунт коюп иштесең да иштеген ишиң көзгө көрүнбөйт, нааразы болосуң («Ала-Тоо»). В.: Көзүнө көрүнбөө. Менин кылган жумушум бул ырайымсыздардын көзүнө таптакыр көрүнбөйт (Баялинов).