Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өтө тез жүргөн, абдан ылдам жүгүргөн, бат кыймылдаган, тез чимирилген ж. б. көрүнүштө болуу. Тоо эчкилер өтө жытчыл болот, кичине эле шамал үлп этип, киши тараптан жел келдиби, дароо жыт алат да, көзгө илээшпей зымырылат (Таштемиров). Станок көзгө илээшпей тегеренет (Бөкөнбаев). Ашырбекке тигинин буту-колу а дегенде жай кыймылдап, бара-бара көзгө илээшпей чимирик атып жаткансыды (Ашымбаев). 2. Өтө майда, эң кичинекей, кымындай болуп көрүнүү, көзгө араң-араң көрүнгөндөй болуу. Тээ көк асманда көзгө илээшпес нокоттой болуп торгойлор безилдеп, чуулдап сайрап турат (Сыдыкбеков). Сааттын тетиктери көзгө илээшпейт. В.: Көзгө илинбөө. Караса көзгө илинбейт, Кашындагы жандардын кай кеткени билинбейт («Манас»). Көз илээшпөө. Самолёттор көз илээшпей каршы-терши учуп, кайта кайтып жатты (Абдукаимов). Атаа... береги неменин кесме кескенине көз илээшпейт (Сыдыкбеков). Машиналар көз илээшпей чымын-куюн болуп Фрунзе тарапка зымырайт (Баялинов).