КӨЗГӨ СУУК КӨРҮНҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Көрүнүшү, кебете-кешпири жаман, жагымсыз сезилүү, адам иренжигидей көрүнүштө болуу, өөн учуроо. Айганыштын каны качып, кумсарып, көзгө суук көрүндү (Байтемиров). Демек, дардайган корукка суу жетпей куурап турса, көзгө суук көрүнөрү бышык (Бейшеналиев). В.: Көзгө суук учуроо. Анын кейпи негедир көзгө суук учурады («Ала-Тоо»). Суук көрүнүү. Жылдызкансыз үйдүн ичи мүрзөдөй суук көрүндү (Байтемиров). Токтонбойт санаа, көңүлүм, Элиме суук көрүндүң («Кедейкан»).