КӨЗ АЙЫРБОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөнү же бир нерсени тигилип көпкө карай берүү, тиктөө, тиктеп тура берүү. Көпөлөктү көргөндө, Эки көзүн айырбай, Жүгүрүшөт балалык (Токтогул). Ойлоп-ойлоп көңүл толкуп, Көз айырбайм бул жерден (Маликов). Батийна алардан көз айырган жок (Сыдыкбеков). Келаткан аялдан көзүмдү айырбай, бүшүркөп кайра-кайра карай бердим («Ала-Тоо»). Соопкер колун жая дубананын оозунан көз айырбай тиктеп турат (Осмоналиев). В.: Көзүн албоо. Алымкул башын көтөрбөй, Буурсун жиреп бараткан, Бороздон көзүн албады (Абдукаримов). Жапар Жамыйладан көзүн албады (Баялинов).