КӨЗГӨ СУУК КӨРҮНҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көрүнүшү, кебете-кешпири жаман, жагымсыз сезилүү, адам иренжигидей көрүнүштө болуу, өөн учуроо. Айганыштын каны качып, кумсарып, көзгө суук көрүндү (Байтемиров). Демек, дардайган корукка суу жетпей куурап турса, көзгө суук көрүнөрү бышык (Бейшеналиев).