КӨЗ АЙЫРБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөнү же бир нерсени тигилип көпкө карай берүү, тиктөө, тиктеп тура берүү. Батийна алардан көз айырган жок (Сыдыкбеков). Келаткан аялдан көзүмдү айырбай, бүшүркөп кайра-кайра карай бердим («Ала-Тоо»). Соопкер колун жая дубананын оозунан көз айырбай тиктеп турат (Осмоналиев).