Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бой тартуу, бойго жетүү, чоңоюп калуу. Бүкөн көзгө көрүнүп, бой тарткандан бери эмнелер жөнүндө ойлонот (Мырзаев). – Кагылайын Алымкан, кечэ эле сакалымы кармалап ойноп отурган бала эле, бүгүн кара, жакшы гүлзардын гүлүндөй тез жетилип, көзгө көрүнүп калыптыр (Касымбеков). 2. Таанылуу, белгилүү боло баштоо, дайын болуу (көбүнчө жакшы сапаттары боюнча). Окушка өтүп калса, бая баланчанын баласындай болуп деп көзгө көрүнүп, эл оозуна илингиси бардыр (Өмүрбаев). Эмгеги менен элге таанылды, көзгө көрүндү, сөзгө илинди («Советтик Кыргызстан»). 3. дин. Сыйкырдуу күчтөр көз алдыга тартылуу, элестөө, аян берүү деген сыяктуу мааниде. Булактын ээси ак тайлак көзгө көрүнүп, үйүнө тил-оозу жок келиптир («Ала-Тоо»).