КӨЗҮНҮН АГЫ МЕНЕН ТЕҢ АЙЛАНУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Бирөөнүн ою менен болуу, айткан-дегенинен чыкпоо, көзүн кароо (көбүнчө аёо, жакшы керүү, сыйлоо маанисинде). Өзгөчө Темирдин күйүтүнөн соң көзүнүн агы менен тең айланып, баланы эркине коё беришкен (Касымбеков). Анын кыңыр ишин көрүп-билип турушса деле, жалгыздыгына ыйгарышып, көзүнүн агы менен тең айланышчу (Медетов). Бечара, апа деп көзүбүздүн агы менен тең айланып турат, келинибиз жаман киши эмес (Өгөбаев). 2. Бирөөгө толук көз каранды болуп, айткан-дегенин аткаруу, анын каалаганын иштөө, жагынуу аракетин жасоо (көбүнчө баш ийүү, көз каранды болуу маанисинде). Нечен жыл малын багып, көзүнүн агы менен тең айланып турдум (Үмөталиев). Бекей таежем эмне үчүн эрине арак берип, көзүнүн агы менен тең айланат? (Айтматов). Тирешкен кишилердинкөңүлүнтабуу үчүн байбиче лыпылдап ордунан туруп, дасторкон жайып, чай коюп, алардын көздөрүнүн агы менен тең айланууда (Каимов).