Киргизско-русский словарь Юдахина
1. голова;
уйдун башы голова коровы;
өз башындагы төөнү көрбөгөн киши бирөөнүн башындагы чөптү керөт погов. на своей голове верблюда не видит, на чужой голове былинку видит;
башым ооруйт у меня голова болит;
чоң баш большеголовый;
башын карап бер- поискать у кого-л. в голове;
башың аман болсо - болгону будешь жив - и довольно (больше ничего не нужно);
аксакал болсоң сый көрүп, алдыңда койдун башын же фольк. так как ты старейшина, будь в почёте, кушай голову, что перед тобой (варёная овечья, реже козья, голова без нижней челюсти и языка считается, за исключением некоторых мест на юге, лакомым угощением, а потому подаётся почётному гостю);
баш тарт-
1) подать (гостю) голову;
баш тартпаса, мал сойбогондой болот этн. если не подать (гостю) голову, то это равносильно тому, что (для него) животное (овцу, козу) не резали (в прежнее время это могло служить выражением неуважения к гостю и вести к обиде);
2) с исх. п., перен. уклоняться, отлынивать от чего-л.;
башка чап- хлестнуть (плетью) по голове;
башка чапкандай
1) будто по голове хлестнули;
2) перен. как ошпаренный;
башка чапкандай кайра тартты он, как ошпаренный, отскочил назад;
2. верхняя часть чего-л., головка, верхушка; вершина;
чөптүн башы верхушка, головка растения;
ал чөп башын сындырып да койгон жок он даже верхушку травы не сломил; он палец о палец не ударил;
тоонун башы вершина горы;
бийик тоону көремүн десең, башына чыкпа погов. если хочешь посмотреть высокую гору, то на вершину её не всходи;
3. колос;
баш сал- или баш ал- колоситься;
арпа баш салды ячмень заколосился;
эгин баш алып калган кез время, когда заколосились посевы;
жел баш пустой колос;
4. человек, душа (при счёте людей);
мал-башы менен качкан бежали со всеми своими людьми и скотом;
алты баш шесть душ, шесть человек;
Зарылдын үй ичи төрт баш киши эле семья Зарыл состояла из четырёх человек;
баары төрт баш жан всего их четыре человека;
баштык ичпейт, баш ичет погов. ест не мешок, а человек (судить нужно не по количеству пищи, а по количеству людей);
мал берди кудай, башым аз, жалгыз балам Бокмурун фольк. бог дал (мне) скот, (но) детей мало, единственный сын мой Бокмурун;
5. изголовье;
башымда у меня в головах, в изголовье;
6. начало;
суунун башы начало, исток реки;
жыл башы начало года;
октябрдин башында в начале октября;
башта сначала, раньше, прежде;
ушу баштан начиная с этого момента;
баштан-аяк с начала до конца;
баш-аягы жыйырма күн жол басышты всего они были в пути двадцать дней;
баш-аягы жок аңгеме рассказ без начала и конца (бессвязный, беспорядочный);
башы-кашынан беркисин толук билишет они знают о нём (об этом) всё с самого начала;
башы-кашында бирге бол-гон экенсиз вы, оказывается, были при этом (или участвовали в этом) с самого начала;
7. конец; кончик;
көчөүн тиги башынан бул башына с одного конца улицы до другого;
үч колунун башы менен туураган эттен эки алды кончиками трёх пальцев он дважды взял нарезанное мясо;
темирдин эки башы да ысык погов. у железа оба конца горячи; палка о двух концах;
8. глава, начальник, предводителъ, старший;
жүз башы ист. сотник, аульный старшина;
элүү башы ист. пятидесятник;
он башы ист. десятник;
миң башы ист. (выборная должность)
1) тысяцкий;
2) южн. волостной управитель;
кербен башы ист.
1) старший в караване, начальник каравана, хозяин каравана;
2) маклер по найму верблюдов;
айылдын башы ист. человек, пользовавшийся в ауле авторитетом и влиянием;
баш көтөрөр (или баш көтөргөн) адам знатный человек;
карагай башы см. карагай 2;
баш бол- возглавлять;
баш болуп во главе;
Кусейин баш болуп, беш киши келди пришло пять человек во главе с Хусеином;
баш кылып
1) сделав главным;
2) во главе с..., начиная с...;
ак олпокту баш кылып, кийимдин баарын чечели фольк. снимем с себя всю одежду, начиная с белого олпок'а (см.);
9. главный;
баш ат ист. лучший из коней, которых давали в дар или в уплату штрафа или в счёт калыма;
карындашыңдын баш атына өзүмдүн көк кашка күлүгүмдү ал в качестве главной части калыма за твою младшую сестру возьми моего серого лысого скакуна;
баш сүйлөм грам. главное предложение;
10. первый, высший (по чину, по социальному положению);
чайды баш ылдый сун чай подавай по нисходящей линии (начиная с более почётного гостя);
11. штука (при счёте некоторых предметов);
үч баш пыяз три головки лука;
элүү тогуз баш боз үйү бар есть у него юрта в пятьдесят девять унин;
эт баш ирон. большая (но неумная) голова, голова с мозгами, башка;
ал эт баш кайда жүрөт? где носит эту башку?
бор баш зоол.
1) большой серый сорокопут;
2) лунь;
боз баш название хищной птицы;
боз баш катын разбитная бабёнка;
боз баш балдар молодые ребята, зелёная молодёжь;
башы асоо (о коне) строгий (не даёт надеть узду); строптивый;
баш териге баш тери каптап койгондой как две капли воды (похожи), вылитый;
башка чык- сесть кому-л. на голову; взять верх;
тез келбесең, душманың башыңа чыгып баратат если ты скоро не явишься, то враг твой уже берёт верх над тобой;
башы (-м, -ң и т.д.) чыкпады с предшеств. исх. п. он (я, ты и т.д.) был целиком занят чем-л.; он (я, ты и т. д) ни на минуту не освобождался от чего-л.;
баштан ашкан убара погов. хлопот полон рот;
өз башы менен (он) самостоятельно, по своей воле;
баш-көз бол- присматривать за кем-чем-л., стеречь кого-что-л.;
башма-баш баш на баш, голову на голову (напр. менять);
башма-баш саттым я обменял без доплаты;
баш көтөрбөй непрерывно, упорно;
баш көтөрбөй оку- учиться упорно, неустанно;
баш көтөрбөй ич- предаваться беспробудному пьянству, пить запоем;
баштан өткөр- или баштан кечир- переживать;
бул иш башынан өткөн это для него не ново;
башы ачык
1) то, в отношении чего не может быть споров, выяснений, уточнений; то, что бесспорно;
бул иштин башын ачыш керек это дело нужно выяснить, уточнить;
башы ачык акыл калбады фольк. не осталось никого, кто бы не знал;
2) непричастный;
3) свободный (никому не принадлежащий);
башын ач- этн. открыть голову (т.е. узаконить возможность выйти замуж за другого, напр. вдове или просватанной девице);
башын ачкыла десем, Аалыбай старчы кызымын башын ачпайт я просил открыть голову моей дочери, но аульный старшина Аалыбай не открывает;
баш ачуу этн. открывание головы (обряд, связанный с разрешением вдове или просватанной девице или разведённой выйти замуж за другого; это разрешение даётся старшими родственниками покойного мужа или жениха);
башын ачтыр- понуд. от башын ач-;
зайыбың Бегайымдын башын ачтырып жиберүүгө да мен себепкер болгомун я был причиной того, что твою жену заставили отказаться от тебя;
кыздын башын ачтырууга чейин чара колдонушту были приняты меры вплоть до освобождения невесты от обручения;
башын байла- лишить кого-л. своей воли, сделать несвободным;
башы байланган лишённый собственной воли (раб, пленный или, в старом быту, просватанная девица);
кыздын башын байлагыла, куда болуп просватайте девицу, определите её (лишив других женихов возможности претендовать на нее);
башы байланган зависимый, закабалённый;
байга башы байланган жакыр бедняк, находившийся в кабале у бая;
башы байланган ат лошадь, которой хозяин уже не распоряжается (напр. захвачена при набеге, оставлена за долги и т.п.);
баш байлап решительно, энергично;
башты байлап, ишке кириштик мы энергично взялись за дело;
башы байлалуу см. байлалуу;
башы менен или баш-оту менен целиком, полностью;
башы менен сат- продать целиком, оптом (а не частями);
башы менен бердим или баш-оту менен бердим я отдал в полную собственность;
эгер эмдиги жылы да тааныбасаң - балаң баш-оту менен меники (из сказки) если ты и на будущий год не узнаешь (его), то сын твой будет моим собственным;
сага баш-отум менен кул болоюн (из сказки) я стану полностью твоим рабом;
...нын башы разное, всякое такое;
ар кызыктын башы бар фольк. есть там интересные разные разности;
бир топ сөздүн башы целый короб разных разговоров;
майда сөздөрдүн башы разговоры с всяких мелочах;
...башын жеген (о возрасте) ...с хвостиком;
ал элүүнүн башын жеген ему пятьдесят с хвостиком;
кара баш только с притяж. аффиксами: кара башыңа тебе самому, на тебя одного;
кара башым только я сам, я один;
кара башына ему самому, только ему;
сенден кара башымды да аябаймын для тебя я и головы своей не пожалею;
кара башыңды жегир! ух ты, негодник!;
башын жебей, оңорбу! (если он так поступит, то) ему несдобровать!;
башы-көтү кылып таштаптыр груб. он перевернул всё вверх дном;
улуу башыбызды кичүү кылып, алдыңызга келдик мы явились к вам со смиренной просьбой; баш (-ым, -ың, -ы и т.д.) менен в таком-то возрасте или при таком-то положении (мне, тебе, ему и т.д.) прилично;
колго түшкөн карышкырды эркек башың менен куткарып жибергениң уят эмеспи? разве тебе, мужчине, не стыдно, что ты упустил пойманного волка?
сакалдуу башың менен ушундай да иш кыласыңбы? как тебе, бородачу, не стыдно так поступать?
мен аял башым менен... я вот женщина и то...; даже вот я, женщина,...;
баш сала кир- войти без разрешения и целиком отдаться на милость (напр. на суд людей);
башынан чыгарган это он выдумал (это неправда);
баш айландыргыч нерсе головоломка;
очок башы место у очага;
очок башында тамак жасашып жүрөт
1) она у очага готовит пищу;
2) она находится в услужении;
бир-бирине баш бербей ни в чём не уступая друг другу, не идя ни на какое примирение;
баш кош-
1) объединяться;
2) оказывать поддержку;
3) стать супругами (пожениться, выйти замуж);
баш кошуп, оокат кылалы давай поженимся и будем жить (вместе);
баш кошкондук сплочённость, единодушие;
баш кой или баш ий- или баш ур-
1) подчиняться, покоряться; склонять голову;
Акунхандын алдына Семетей турду баш уруп фольк. перед Акунханом Семетей стоял покорно;
карылыкка баш койдуңузбу? вы сдавать (стареть) стали?
2) отдать себя целиком;
эл учүн өлүмгө баш койбодукпу? разве мы не решили пожертвовать жизнью за народ?
башка кел- свалиться на голову, случиться неожиданно;
башка келгенди көз көрөр погов. что на голову свалится, то глаз увидит; поживём - увидим;
башына зарыл иш түштү у него случилось неотложное дело;
баш-аягына карабай очертя голову;
баш-аягына карабастан качкан бежал без оглядки;
баш-аягы или груб. башы-көтү шиворот-навыворот;
сен баарын баш-аягы (или башы-көтү) кылдың ты всё сделал шиворот-навыворот;
башы-көзүнө карабай сабады он бил нещадно; он бил, не разбирая где голова и где глаза;
баш-терисинен эле көрүнүп турат го да его и так видно, да его внешний вид говорит сам за себя;
катын башын эр кылып, жеңекең салды чоң жаңжал фольк. тётушка (см. жеңе), как мужчина, учинила большое побоище;
баш буучу сев. разг. паспорт;
ак баш то же, что акбаш;
баш бак- см. бак- IV;
башы батпай, багалчагы сыйбай см. багалчак;
жабык баш то же, что жабыкбаш;
как баш см. как III;
өз башын ала кач- см. кач-;
баш чалгыч см. чалгыч 1;
устү-баш см. үст;
баш-аягын тарт- см. тарт-;
чил баш см. чил;
баш таң-, баш таңуу см. таң- VI;
баш ыргытуу см. ыргытуу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адам менен айбандын көз, мурун, ооз, кулак, мээ орношкон мүчөсү.
  1. 2.                  Адамдын өзү, керт башы. Жалгыз баш киши. Төрт баш бүлө. Миң өнөр бир башына көптүк кылбас (Нуркамал).
  2. 3.                  Арпа, буудай, конок, таруу сыяктуу эгиндин дан байлаган уч жаккы бөлүгү, дандуу жагы. Дандарың жерге тушпөсүн, Башыңды бирөө үзбөсүн (Осмонов). Бир баш буудай. Таруу баш алган кез.
  3. 4.                  Башчы, жетекчи. Кербен башы. Миң башы.
  4. 5.                  Төбөсү, кылда учу. Бактын башы.
  5. 6.                  Башталган жери. Көчөнүн башы. Суунун башы. Арыктын башы.
  6. 7.                  Үстү, кашы. Иштин башында туруу.
  7. 8.                  Негизги, биринчи, мыкты. Баш байге. Баш козу.
  8. 9.                  Алды жактагы, биринчи орундагы, үстүндөгү. Баш тамга. Баш босого. Баш макала.

Башына суу куюу к. куй III. Кашка баш — 1) куу, бышкан, дасыккан; 2) башында, маңдайында чачы жок. Баш маанек к. маанек. Баш чалгыч — керегенин башын кыркалата чалып курчап коюучу кооз сызма. Ак кийиз басып кылдатып, Баш чалгычы жибектен Баарын сонун чырматып («Олжобай менен Кишимжан»). Баш байлоо — кудалашып, кудалыкка макулдашып, кызды келиндикке негиздеп коюу. Боз баш — жаш, ар нерсеге көп түшүнө бербеген. Беш жолдошуң бар экен, Бешөө тең боз баш бала экен («Саринжи—Бөкөй»). Баш кесер к. кесер. Кара башы к. кара III. Артык баш к. артык. Как баш—кары кишилерге наалат айтканда колдонулат. Куу баш — баласыз, бала көрбөгөн. Баш алуу — жок кылуу, өлтүрүү, башын кесип таштоо. Баш тосуу — тобокелге салуу, кайраттануу, кыюу. Жанында бирге боломун, Өлүмгө башты тосомун (Турусбеков). Башы менен — биротоло, бүт боюнча. Башма-баш— эч кандай үстөк кошпой (алмашканда, айырбаштаганда). Баш багуу — башын созуп, башын киргизип кароо. Баш көтөрүү 1) ордунан туруп отуруу, башын жогору кылуу. Баш көтөрүп көзүңдү ач («Курманбек»); 2) каршылык көрсөтүү. Баш көтөргөн душманды Темир колго кысабыз (Аалы). Башкөз болуу — акыл айтып, башкарып туруу; каралашуу, көз салуу. Журт ээсибашкөз боломун деп, жашынан бир айылдын жигиттерин сүрө чыккан (Сыдыкбеков). Башы ачык — эч кимге тиешеси жок, эч ким ээ болбогон. Баш тартуу — тайсалдоо, качуу, макул болбоо, киришпөө. Баш кошуу к. кош III. Баш ийүү к. ий III. Баш сүйлөм — багыныңкы сүйлөмдөр менен кошулуп, татаал сүйлөмдү уюштуруучу сүйлөм. Баш мүчө — сүйлөмдүн ээ, баяндоочу

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
баш
баш айлануу
баш ал- (мис., эгин)
баш аламан
баш аламандык
баш алуу, баш берүү (кудалашуу)
баш ат
баш-аяк
баш бак-
баш барак (комп.)
баш бармак
баш бербөө (баш ийбөө)
баш бол-
баш босого
баш буттуулар (биол.)
баш жазуу (похмелье)
баш жазуу (комп.)
баш ий-
баш ийке-
баш калаа (борбор)
баш калкала-
баш кат
баш катырма
баш келте
баш кесер
баш-көз
баш кийим
баш кош
баш көтөрбөө
баш кыл-
баш маана (маанек)
баш макала
баш маңка (ылаң)
баш мүчө (лингв.)
баш мыйзам
баш оору
баш-оту менен
баш сүйлөм
баш тамга
баш таңмай
баш тартуу (көнбөө)
баш тартуу (кулдук уруу)
баш тоголотуу (жол көрсөтүү)
баш уруу (жалынуу)
баш-уч
баш чалгыч(керегенин)
баш ылдый
баш-этек
башка чыгуу (бийлеп
алуу)
башма-баш
баштан аяк
башты байлоо
башы ачык
башы байлануу
башы бышкан
башы бышуу
башы катуу
башы оор
башын албоо
башын аттоо
башын байлоо
башын жутуу
башын катуу
башы маң болуу
башын куттуктоо
башын саюу
башын ташка койгулоо
башын тегеретүү
башына келүү
башына кирбөө
башына тийүү, башына
түшүү

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Адамдын, жаныбарлардын башы деген учурдагы баш сөзү Махмуд Кашгариде бааш түрүндө жазылган. Тофалардын тилинде ал баhш болуп айтылат. Кыргыз тилинде баш тердим дегенди машак тердим деп айтса болот. Мындагы машак сөзү алгачкы башак сөзүнөн келип чыгат. Мына ушул башак сөзү алгачкы багаш сөзүнөн келип чыгышы мүмкүн. Алгачкы багаш сөзү баг+аш бөлүктөрүнөн турган. Баг уңгусу азыркы буу, байла дегендеги буу жана бай уңгуларына туура келет, ага -аш мүчөсү уланганда келип чыккан багаш сөзү «байлоочу, буучу» дегенге жакын маани берген. Анткени жаныбарлардын башы жип менен байлап, бошотуп жибербей кармап турчу жери экени белгилүү. Ал эми эгиндин башы болсо данын ошол жерине байлайт. Алгачкы багаш сөзүндөгү г тыбышы тофалар тилинде фарингализацияланып, болор-болбос айтылышка айланып, байыркы багаш сөзү баhш түрүнө келген. Ал эми Махмуд Кашгаринин заманында ал тыбыш эки үндүүнүн ортосунда түшүп, бааш сөзү жаралган. Көпчүлүк түрк тилдеринде бааш сөзүндөгү аа үндүүсү кыскарып, а түрүнө келип, баш сөзү колдонула баштаган. Бирок алгачкы багаш сөзүнүн тыбыштары метатезаланып, башаг>башак>машак болуп айтылган түрүндө байыркы г тыбышы к тыбышына өткөн абалында сакталып кала берген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдың, жалпы эле жаныбарлардын көз, мурун, ооз, кулак, мээ орношкон дене мүчөсү. Эсен унчукпай гана башын ийкеди да, Жуманын артынан басты (Жантөшев). Таякчан, көпчүлүгү көз айнекчен, Кашка баш чекелери бир карыштап (Токомбаев). Ат башы менен эр башы, Абалдан кайда калбаган (Бөкөнбаев). 2. Адамдын же айбандын өзү. Баштагыдай ата-энең Малга сатпайт башыңды (Тоголок Молдо). Жаңжалдан жалын чыкпайбы, Жамандык башты жутпайбы («Эр Табылды»), Санаса, баарысы отуз эки баш бодо (Бейшеналиев). || Белгилүү бир бирдик, бир бүтүн катарында алынган эсеп саны. Кош башына бир семиз Жылкыдан тандап сойгула («Эр Табылды»). 3. Бир нерсенин алгачкы чыккан жери, жогорку жагы, башталышы. Жыл башы январь. Иштин башы жакшы башталды Мен суу башына барамын, Жогортон кечүү чаламын («Эр Табылды»). Сай башынан кыйгач канал чыгарып, Так өзөндүн үстү менен жүргүзгөн (Маликов). – Ууру! Жылганын башын көздөй чапкыла (Байтемиров). 4. Дан эгиндердин дан берүүчү бөлүгү. Кызыл буудайдын ар биринин башы кере карыш (Абдукаримов). || Кээ бир өсүмдүктөрдүн тоголоктонуп чыккан желе турган бөлүгү, түбү. Шамбет, сенин Жеңиштайың ал күнү бир баш кызыл пиязды бүт жеди (Сыдыкбеков). Капустанын ар бир башы чарадай (Осмонкул). || Жалпы эле өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын эң жогорку жагы, учу. Кыштактын эли кандайдыр бир сары гүлдүү чөптүн кургатылган баштарын укалап чайнекке салып демдешет (Абдукаримов). Салкын жел көк шибердин башын ыргайт (Нуркамал). Эки жараканын башын отко салып коюп бир кемпир отурат (Бөкөнбаев). 5. Чоку, төбө, бир нерсенин жогорку, үстүнкү бөлүгү. Тоо баштарына караңыз, башыңыз айланбайт, – деди (Сыдыкбеков). Каныбек бийик асканын башында атасы Сансыздан үйрөнгөн ырын ырдап отурат (Жантөшев). 6. Тескөөчү, башкаруучу, башчы. Айымкан менен Жээнтай стол башы болуп отурушат (Бөкөнбаев). Анда он үйгө бир он башы (Жантөшев). Элүү башы, жүз башы, Эл баштаган эрлериң, Бириң калбай баарың кел («Сейтек»). 7. Болуп жаткан иштин, окуянын ж. б. дал үстү, өзү, жаны. Башына келип көп малдын Башкарма көрүп мактансын (Маликов). Жинхуа үч кыз менен очок башында тамак жасашып жүрөт (Жантөшев). 8. Мыкты, тандамал, башкалардан жогору, биринчи. Баш козу. Баш жылкы. // Ойдо жаткан таш элең Орокчунун башы элең (Тоголок Молдо).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө көп же татаал нерсенин учу-кыйрын таба албай калуу. Окшош үйлөрдүн көбүн айтпа, кайсы экенин билбей баш адашат («Ленинчил жаш»). Кең төрлөр, Эркинче жайылган калың мал, чынын айтсам, башым адашты («Советтик Кыргызстан»). Ал гүлдөрдүн улам бирине учуп-конгон эң сонун, кооз көпөлөктөрдөн башың адашат (Мидин).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө көп, же татаал нерсенин учу-кыйрын таба албай калуу. Окшош үйлөрдүн көбүн айтпа, кайсы экенин билбей баш адашат («Ленинчил жаш»). Кең төрлөр, Эркинче жайылган калың мал, чынын айтсам, башым адашты («Советтик Кыргызстан»). Ал гүлдөрдүн улам бирине учуп-конгон эң сонун кооз көпөлөктөрдөн башың адашат (Мидин).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көнүлү караңгылоо, өзүн начар сезүү, башы тегеренүү, алсырап кетүү. Башым айланып, бүткөн боюм жанчылгандай, тырп этерге каруум жоктой сезилет (Жантөшев). Ышкынаалы көчөгө жеткенде, башы айланып кетчүдөй сендиректей барып токтоду (Бейшеналиев). – Туруп олтуруп сүйлөшсөм болот эле башым айланып кетет (Осмоналиев). 2. Кандайдыр бир ишти аткарууда, маселени чечүүдө ж. б. учурда көпкө чейин ойлонуп, эмне кыларын билбей ыргылжың болуу, өзүнчө бир чечимге келе албай башы маң болуу. Капыстан бул маселе алдына коюлуп, торго чалып алды да, Абылкасым буйдалып, башы айланып, бир топко бул тордон чыга албай турду (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Көңүлү карангылоо, өзүн начар сезүү, башы тегеренүү, алсырап кетүү. Башым айланып, бүткөн боюм жанчылгандай, тырп этерге каруум жоктой сезилет (Жантөшев). Ышкынаалы көчөгө жеткенде башы айланып, кетчүдөй сендиректей барып токтоду (Бейшеналиев). - Туруп олтуруп сүйлөшсөм болот эле башым айланып кетет (Осмоналиев). 2. Кандайдыр бир ишти аткарууда, маселени чечүүдө ж.б. учурда көпкө чейин ойлонуп, эмне кыларын билбей ыргылжын болуу, өзүнчө бир чечимге келе албай башы маң болуу. Капыстан бул маселе алдына коюлуп капыстан бул маселе торго чалып алды да, Абылкасым буйдалып, башы айланып, бир топко бул тордон чыга албай турду (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иретсиз, тартипсиз, чакчелекей, чаржайыт. Бул жерде тартип да жок баш аламан, Куш көргөн каргалардан болдук жаман (Токомбаев). Үй ичи күү-күү болуп, башаламан сөздөр айтылат (Байтемиров). Андан ары баш аламан боло түштү, ушунум түш болсо экен деп тиледи (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иретсиз, тартипсиз, чакчелекей, чаржайыт. Бул жерде тартип да жок баш аламан, Куш көргөн каргалардан болдук жаман (Аалы). Үй ичи күү-күү болуп, баш аламан сөздөр айтылат (Байтемиров). Андан ары баш аламан боло түштү, Ушунум түш болсо экен деп тиледи (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сырдуу белги, касиеттүү аян; Кээде касиет, кудурет маанилеринде да колдонула берет. Эч башарат көрө албай. («Манас» С. О.). 2. Ишарат, жаңсап. Бир аксакал дубана келип башарат берип: «Сен ыйлап, кайгырып жатканың менен эч пайда таппайсың, зил болуп өлөсүң» дейт («Эл адабияты»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или таш башат)
родничок (вода которого впитывается в землю недалеко от выхода);
добушунан Буурулдун, башаттын суусу ташыган фольк. от (зычного) голоса Буурула (коня) вода родничка вышла из берегов.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Булактын, суунун башталышы, башы. Таш кумдуу жердин түбүнөн Таш башат көзү ачылган (Маликов). Бул суу бадалдуу жылгадагы башаттардан чогулган (Абдумомунов). 2. өт. Бир нерсенин чыккан жери, булагы. Башаты болдуң Ала-Тоо, Коргошун, сымап, сурьманын (Бөкөнбаев). Каймак, сүттүн башаты өсүмдүктүн денинде (Токомбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч ойлонбой, алды-кийинин ойлонбостон эле, мейлиге салып. Баш-аягына карабай качты. Куугунчулардан кутулган экөө баш-аягына карабай жаналакетке түшүп, чаап барышканда «күр-р» эткен доош чыгат (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жыйынып-теринип иреттелип алуу, тартипке келүү, жыйынтыктуу абалга келүү. Туш келди бытырабай баш-аягын жыйнап, антсе да, сыртта да тартип бир кыйла бекемделип калган («Ала-Тоо»). 2. Эсине келүү, өзүнө келүү, мурдагы калыбына келүү. Баягыдай эмес, бир аз баш-аягын жыйып, кайраттанып калыптыр. Болуш жылкынын артынан куугунчу жөнөтө албай бөгөлүп жатканда кара тамандар баш-аягын жыйып алышты («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жыйынып-теринип иреттелип алуу, тартипке келүү, жыйынчактуу абалга келүү. Туш келди батырабай баш-аягы жыйнап, ичте да, сыртта да тартип бир кыйла бекемделип калган («Ала-Тоо»). 2. Эсине келүү, өзүнө келүү, мурдагы калыбына келүү. Баягыдай эмес, бир аз баш-аягын жыйып кайраттанып калыптыр. Болуш жылкынын артынан куугунчу жөнөтө албай бөгөлүп жатканда кара тамандар баш-аягын жыйып алышты («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эшиктен баш созуп кароо, башын кылтыйтуу, бир аз көрүнүү. Залга батпай эшиктен баш баккан адамдардын жалтырап эле көздөрү көрүнөт (Баялинов). Күн уясына баш бакты (Баялинов). Иттер арсылдап, аттар дүбүрттөп, үй-үйлөрдөн зайыптар баш багышты (Сыдыкбеков). 2. Кирүү, кирип чыгуу. Иштин жөн-жайын тактамак үчүн алардыкына баш бактым («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кызга куда түшүп, кудалашып коюу же жесир аялды бирөөгө алып берүү, никелештирип коюу. Кыйыр тууганы Төлөмүшкө чапма нике кыйып, баш байлаган соң, ал жесирдин үстүнө кирет (Бейшеналиев). Аталаш агабыз -Акинге баш байлап койсок кантет ? - Сага айтайын деп оозум батпай жүрбөйбү (Осмоналиев). Эгерде сен Сарыгул менен баш байласаң да менден жашырбооң керек эле (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кудалашуу, кызга куда түшүп коюу же жесир аялды никелеп коюу. Чынын айтсам, нике кайып, башын байлап коёюн, – деп жатам (Турусбеков). Аталаш агабыз – Акинге баш байлап койсок кантет? Сага айтайын деп оозум батпай жүрбөйбү (Осмоналиев). Эгерде сен Сарыгул менен баш байласаң да менден жашырбооң керек эле (Абдукаимов). 2. Көз каранды кылып коюу, өз эркинче боло албай калуу. Байга башы байланган жакыр.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жолобоо, келбөө, жакындабоо, кирбөө. Акбаланын үйүнөн башка бир да үйгө баш бакпады (Укаев). А Болот мойнун кессе да меймандар үстүнө баш бакпайт (Бейшеналиев). В.: Баш катпоо. Ошондон кийин алардыкына баш катпай калды («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баш багып кароо. Бир бул короого, бир тиги короого башбактай бердим (Байтемиров). 2. Учу, чети чыгып туруу, кылтыйып көрүнүү Апасынын аркасына далдаланып, ийинден башбактаган чычканча башын кылтыйтып карап коёт (Каимов), Кечикпей эле тоонун туш-туш тарабынан, булуттар башбактай баштады (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тил албоо, айтканга көнбөө, моюн сунбоо, өз билгенин иштөө. Калпа ажынын миң жылкысын жылкычылары баш бербей, он эки семизин тандап бөлүп союп жешет (Бейшеналиев). Касымбек таянганы бар үчүн баш бербей, коругун комсоолотту (Бейшеналиев). Томаяктарды ашарга чогултуп тамын салдырып, өзүнчө эле дүңкүлдөп баш бербеген неме дейт (Бейшеналиев). В.: Баш койбоо. Ар элде бийлик жүргүзүп турган балдары бири-бирине баш койбой, ар кимиси ар жакка чоюп бөлүнүп кетти (Касымбеков). Бой бербөө. Бу жолу да энем кайнилерине бой бербейт (Сыдыкбеков). Төрт гана адам бууракандаган толкундарга бой бербей жакын сүзүп бара жатышат («Советтик Кыргызстан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тил албоо, айтканга көнбөө, моюн сунбоо, өз билгенин иштөө. Калпа ажынын миң жылкысын ... жылкычыларына баш бербей, он эки семизин тандап бөлүп союп жешет (Бейшеналиев). Касымбек таянганы бар үчүн баш бербей, коругун комсоолонтту (Бейшеналиев). Томаяктарды ашарга чогултуп тамын салдырып.. өзүнчө эле дүңкүлдоп баш бербеген неме дейт (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Билерман, мыкты, баштоочу, башкаруучу. Бирок экөөң тең түпкүрдөгү тоо элинин таасирдүү баш билгиси катары тааныласыңар (Бейшеналиев). Бойлошту баш кылып Тынымсеитуруусунан дагы беш-алты баш билгисин жиберди («Ала-Тоо»).2. Үйрөтүлгөн, элпек (малга карата). Баш билгимал. Баш билги торпок.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Билерман, мыкты, баштоочу, башкаруучу. Бирок, экөөң тең түпкүрдөгү тоо элинин таасирдүү баш билгиси катары тааныласыңар (Бейшеналиев). Бойлошту баш кылып Тынымсеит уруусунан дагы беш-алты баш билгисин жиберди («Ала-Тоо»). 2. үйрөтүлгөн, элпек (малга карата). Баш билги мал. Баш билги торпок.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Башкаруу, башчылык кылуу, баштоо. Бөтөнчө ага умтулган Касымбек. Анын максаты Коңорчок, Тогуз-Торого чейинки элге баш болуп келген Келдибек тукумунун жолун торгоо (Бейшеналиев). Кара баркут кемселчен Саякбай акенин директор баш болгон бир топ мугалимдер ээрчитип келди (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башкаруу, башчылык кылуу, баштоо. Бөтөнчө ага умтулган Касымбек. Анын максаты Коңорчок, Тогуз-Торого чейинки элге баш болуп келген Келдибек тукумунун жолун торгоо (Бейшеналиев). Кара баркут кемселчен Саякбай акени директор баш болгон бир топ мугалимдер ээрчитип келди (Осмоналиев). Бир айылга баш болуу. 2. Баштоо. Култай баш болуп анын артынан ээрчий басышты (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айткан-дегенинен чыкпоо, макул болуу, тил алуу, моюн сунуу. Баккоргон баш булгай албады (Осмоналиев). Оозунан чыгып кеткен сөзүнүн айыбын тартып баш булгай албай калат да, Кайрак тору бээсин берип кутулат (Осмоналиев). Бирөө бир орундуу сөз айта калса, башкалары баш булгабай көнө калышат (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айткан-дегенинен чыкпоо, макул болуу, тил алуу, моюн сунуу. Баккоргон баш булгай албады (Осмоналиев). Оозунан чыгып кеткен сөзүнүн айыбын тартып, баш булгай албай калат да, Кайрак тору бээсин берип кутулат (Осмоналиев). Бирөө бир орундуу сөз айта калса, башкалары баш булгабай көнө калышат (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Макул болуу, багынуу, моюн сунуу. Баатырдын бирөөгө баш ийип, ыйлаганы уят (Жантөшев). Биз жоого кол куушуруп, баш ийбейбиз, Күңгүрөп жер козголуп, ай батса да (Маликов). Бул өмүрүмдө эч кимге баш ийбедим (Жантөшев). Чындап баш ийгенин байката, бутун солбуй чөгөлөй комдонду (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Моюн сунуу, багынуу, айтканына, талабына макул болуу, көнүү. Бул өмүрүмдө эч кимге баш ийбедим (Жантөшев). Чындап баш ийгенин байката, бутун солбуй чөгөлөй комдонду (Бейшеналиев). - Байым башынан мыйзамга баш ийген адам (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. другой, иной, прочий;
башка киши другой, иной человек;
башка амал жок иного выхода нет;
эки башка не одно и то же, разные, неодинаковые (о двух предметах или явлениях);
орус мектептеринен башка мектептер нерусские школы;
адамдан башка выдающийся среди людей;
Аяз деген бир балбан, айбаты башка адамдан фольк. силач по имени Аяз, грозность его исключительная (не такая, как у всех других людей);
эйбандан башка исключительный среди животных;
айбандан башка жаныбар фольк. (этот конь) лучшее из животных;
адамдан башка сандалдым фольк. я испытал столько мытарств, как никто другой;
дагы башкалар или жана башкалар и другие, и прочие, и так далее;
2. кроме, особо, отдельно;
мындан башка кроме этого;
сенден башка киши болдубу? кроме тебя ещё кто-нибудь был?
бу өгүздү башка байла этого быка привяжи отдельно (от других);
ал атасынан башка турат он с отцом живёт врозь, он живёт отдельно от отца;
казаны башка живущий отдельно (своим котлом), живущий отдельным хозяйством (напр. об отделённом сыне);
казаны башканын кайгысы башка погов. котёл отдельный, и забота отдельная;
адамдан башка сана- не считать человеком;
башкасы го башка болсун, ал эми... ну, об этом довольно, а вот...;
атасы башка см. ата I 1.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бөлөк, өзгө. Башка колхоздорго да киши жибердик (Байтемиров). Жыйналыштын акыры башка күнгө калды (Убукеев). || Айырмасы бар, айырмалуу, өзгөчөлүгү бар. Жумуру баш адамдын Башка-башка өнөрү (Токтогул). 2. Бөтөнчө, өзгөчө, айрыкча, артык. Манастын уулу Семетей Адамдан башка жаралган («Манас»). Баатырдыгы башкача, Балбандыгы эң башка («Эр Төштүк»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаңы бүлөлүү болуу, жаңы бүлө кошулуу (көбүнчө келин алгандаргакарата). Албетте, жаңы келаткан келин кайдан, кимдин кызы болбосун ошол таптагы сүйүнчүлүү дүрбөлөң, кантсе да башка баш кошулганы, үйгө баш киргени турат («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаңы бүлөлүү болуу, жаңы бүлө кошулуу (көбүнчө келин алгандарга карата). Албетте, жаңы келаткан келин кайдан, кимдин кызы болбосун ошол таптагы сүйүнчүлүү дүрбөлөң, кантсе да, башка баш кошулганы, үйгө баш киргени турат («Ленинчил жаш»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКА ЖҮКТӨР МЕНЕН ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ – камсыздандырылган жүккө башка жүктөр менен көмүскө же көрүнөө зыян же залал келтирүү. Адатта камсыздандырылбайт. Бирок, көрсөтүлгөн зыяндар камсыздандыруунун шарттарында каралган коркунучтардын натыйжасында болгон учурларда алар төлөнүп берүүгө тийиш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кокусунан кандайдыр бир нерсеге (көбүнчө кырсыкка, оор абалга, кыйынчылыкка ж.б.) дуушар болуу. Башка келгенди көз көрөт (макал). Башка келсе көтөрбөскө чара жок. В.: Башка түшүү. Карыпчылык абал башка түшүп, мүңкүрөп отурган кишилердин көңүлүн көтөргүсү келди окшойт («Ала-Тоо»). Айдан улам кыгыздар күн эсебин, аба ырайын, жылдын оор-жеңилин, башка түшөр жамандык-жакшылыкты болжогон (Жусупов). Жапаа жеке эле биздин башка түшүптүрбү (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. переменять, изменять;
2. отделять кого-что-л., считать кого-что-л. чужим, не принимать кого-л. в свою компанию;
жай башкала- заниматься житейскими делами; проявлять заботу о пропитании своей семьи.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир жерге баш маана кылуу, байыр алып, эптеп күн көрүү, кимдир бирөөнүн кароосунда болуу, аны кара тутуп, жан сактоо. Нусуке Аталуу башкарган элде баш калкалап туруп калат (Осмоналиев). Курткадан куугунтук жеп, баш калкалап качып кеткен мен деле,... жерсинип сиңишип калдым (Бейшеналиев). Кайын атасы -кастарлуу карыянын калкасында үч баласын багып баш калкалаган Коңур жесир (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир жерге баш паана кылуу, байыр алып, эптеп күн көрүү, кимдир бирөөнүн кароосунда болуу, аны кара тутуп, жан сактоо. Нусуке Аталуу башкарган элде баш калкалап туруп калат (Осмоналиев). Курткадан куугунтук жеп, баш калкалап качып кеткен мен деле жерсинип, сиңишип калдым (Бейшеналиев). Кайын атасы – кастарлуу карыянын калкасында үч баласын багып баш калкалаган Коңур жесир (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
өлүм коркунучу башына келген өтө оор абалда, жоокерчилик шартта, кыйын кезең учурда. Азыр жай жаткан эч ким жок, баш канжыгада, кан көөкөрдө (Абдукаримов). Жигиттер, баш канжыгада, кан көөкөрдө (Турусбеков). В.: Баш канжыгада. Ушинтип биздин тагдыр таймашта. Баш канжыгада, Жан өчүгүштө (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өлүм коркунучу башына келген өтө оор абалда, жоокерчилик шартта, кыйын кезең учурда. Азыр жай жаткан эч ким жок, баш канжыгада, кан көөкөрдө (Абдукаримов). Жигиттер, баш канжыгада, кан көөкөрдө (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жетекчилик кылуу, башчылык кылуу. Уул, кыз окуп билимдүү Өз өлкөсүн башкарган (Осмонкул).
2. өт. Тейлөө, иштөө. Заводдордо станокту башкарган, Ар күн сайын 4-5 норма аткарган (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
башкар- I
1. управлять, возглавлять;
эл башкар- управлять народом, стоять во главе народа, вести за собой народ;
жакшы жашынан эл башкарат, жаман карыган сайын жашарат погов. хороший смолоду ведёт народ, а дурной чем больше стареет, тем больше молодеет (т.е. ведёт себя несообразно с возрастом);
2. ухаживать (за скотом);
мал башкар- ухаживать за скотом;
кыштак эли өз-өз короолорунда малдарын эчак башкарып болушкан жители кишлака давно уже управились со своим скотом.
башкар- II
изменяться;
мүнөзү башкара түштү поведение его вдруг изменилось.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башчылык кылуу, жетекчилик кылуу, бийлик жүргүзүү. Эстүү жигит бийлесе, Элин жакшы башкарат (Осмонкул). Билген миңди башкарат, билбеген миңге кошулат (макал). || Баш-көз болуу, тартипке салуу. Акылман Айкын байбиче Балдарды үйдө башкарат (Барпы). 2. Тейлөө, машинаны, станокту ж. б. жүргүзө, иштете билүү. Машина да жолдон чыкчу беле апай,– деди Акия озунуп кемпирге. – Муну башкарып бараткан шофер эмеспи, көрбөйсүзбү (Сыдыкбеков). Заводдордо станокту башкарган, Ар күн сайын 4–5 норма аткарган (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. управление;
жергилнктүү башкарма органдары местные органы управления;
2. уст. редакция (газеты, журнала и т.п.);
"Эркин-Тоо" башкармасы редакция (газеты) "Эркин-Тоо";
3. сев. правление колхоза;
башкармабыздын председатели председатель нашего правления;
4. сев. председатель правления колхоза.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир мекемеге, уюмга жетекчилик кылуучу орган. Борбордук курорт башкармасы. Жеңил өнөр жай башкармасы. // Авария болгон шахтага дүрбөп кен башкармасынан да келишти (Сасыкбаев). Тезинен башкарманын мүчөлөрүн чакыр (Жантөшев). || Ушул орган жайгашкан жай, имарат. Колхоздун башкармасы эл менен жык, Тынышпай, бири кирсе, бири чыгып (Үмөталиев). 2. сүйл. Колхоздун председатели. Тигил коңшу колхоздо он жылча калыс башкарма болуп турдум (Шимеев). Улууга жаман айтпаган Биздин, биздин башкарма (Осмонов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРМА (ДИРЕКЦИЯ) – акционердик укук боюнча акционердик коомдун коллегиалдуу аткаруу органы. Коомдун уставынын, ошондой эле аны чакыруунун жана чечим кабыл алуунун мөөнөтү жана тартиби белгиленүүчү, директорлор кеңеши тарабынан бекитилген коомдун ички документинин (жобо, регламент же башка документинин) негизинде иш жүргүзөт. Акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кеңешинин чечимдерин аткарат. Акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирбеген коомдун күндөлүк ишмердигин жетектөөнүн баардык маселелери Б-нын компетенциясына таандык. Б. ишеним катсыз эле коомдун атынан иш жүргүзөт, анын мүдөөлөрүн чагылдырат, анын атынан бүтүмдөрдү түзөт, штаттарды бекитет, коомдун баардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от башкар- I
заведывание, управление;
башкаруу аппараты управленческий аппарат,
башкаруу мекемеси уст. административный орган;
коомдук өзүн өзү башкаруу уст. общественное самоуправление.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРУУ ТАРИЗИ – анын шарттуу булактары менен мүнөздөлгөн бийликти уюштуруу таризи; түзүмү жана жогорку органдарынын абалы (мамлекет, парламент, өкмөт башчысы), ошондой эле алардын өзара мамилелеринин белгиленген тартиби. Мамлекет башчысынын укуктук статусу Б. т. негизги аныктоочу белгиси болуп саналат (республикада – шайлануучу жана алмашуучу, монархиялык мамлекетте – мурасталуучу). Заманбап мамлекеттерге эки түрдүү: республикалык жана жеке бийлик Б. т. мүнөздүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын талаптагыдай башкаруу иштерине каршы аракеттенүүчү, алардын кадыр-баркын түшүрүүчү, ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуучу кылмыштар. Андайларга: бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү; мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү; өзүмбилемдик жана башкалар кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРУУЧУ КОМПАНИЯ – түзүлгөн келишимдин негизинде белгилүү ишмердикти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар коммерциялык уюм. КР мыйзамдарында Б. к-нын бааракы активдеринин жана инвестициялык фонддордун активдерин башкаруу чөйрөсүндө ишкердик жүргүзүү мүмкүндүгү каралган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРУУЧУ УЮМ – акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен, келишим боюнча акционердик коомдун аткаруучу органынын ыйгарым укугу берилиши мүмкүн болгон коммерциялык уюм. Түзүлгөн келишимдин шарттары, эгер коомдун уставында башка жагдайлар каралбаса, коомдун директорлор кеңиши тарабынан бекитилет.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
managed code (noun)
Code that is executed by the common language runtime environment rather than directly by the operating system. Managed code applications gain common language runtime services such as automatic garbage collection, runtime type checking and security support, and so on. These services help provide uniform platform- and language-independent behavior of managed-code applications.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКА ТУРУКТУУ ИШКЕ КОТОРУЛУУ – иш-милдетин өзгөртүү же аракеттеги эмгек келишиминин шарттарын (ошол эле уюмдагы) өзгөртүү, демек, туруктуу иштөө үчүн башка уюмга же өз уюму менен бирдикте башка жерге которулуу. Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча Б. т. и. к-га кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БАШКА КЕЛҮҮ Карыпчылык абал башка түшүп, мүңкүрөп отурган кишилердин көңүлүн көтөргүсү келди окшойт («Ала-Тоо»). Айдан улам кыргыздар күн эсебин, аба ырайын, жылдын оор-жеңилин, башка түшөр жамандык-жакшылыкты болжогон (Жусупов). Жапаа жеке эле биздин башка түшүптүрбү (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оңой-олтоң биле койгудай эмес, өтө татаал, табышмактуу. Жаңыдан гана кадам шилтеген өмүрүмдө ушунчалык баш катырмаларга кездешүүдөмүн (Бейшеналиев). Түндүн далайы өткөнчө, кызынын тагдырын ойлоп башын катырды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Заматта, тез, күтүлбөгөн жерден бир кокустук боло калгандай, бир нерсе катуу таасир эткендей деген мааниде. Башка чапкандай кайра тартып, караандарды көздөй жүгүрдү (Осмоналиев). Сагыналы башка чапкандай шарт бурулуп далиске чыкты («Кыргызстан маданияты»). Чагыр башка чапкандай бир бозоруп, бир кызарды (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Заматта, тез, күтүлбөгөн жерден бир кокустук боло калгандай, бир нерсе катуу таасир эткендей деген мааниде. Башка чапкандай кайра тартып, караандарды көздөй жүгүрдү (Осмоналиев). Сагыналы башка чапкандай шарт бурулуп далиске чыкты («Кыргызстан маданияты»). Чагыр башка чапкандай бир бозоруп, бир кызарды (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Үстөмдүк кылуу, бийлеп алуу, күч алып кетүү. Башкарма, башкарма деп койсо, башка чыгып баратасың (Абакиров). Кутуруп башка чыгып баратышкан букараларды эсине келтирүү үчүн атайлап иштеген (Каимов). Келинди өзгөчө бөпөлөп кеттиң, башыңа чыгарып алба -деп бетине айтканы кайда («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үстөмдүк кылуу, бийлеп алуу, күч алып эсирип кетүү. Намысы жоктор, душманыңар башка чыкты (Каимов). Булардын башка чыгып кетиши Кудайберген үчүн жаман белги эле (Каимов). Башкарма, башкарма деп койсо, башка чыгып баратасың (Абакиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Киши өлтүргүч, кан ичкич, мыкаачы. Бай-манаптын тушунда Айдалып жүрүп куурадым, Баш кесерлер жоголуп Кубанып жүргөн убагым (Токтогул). Нурхан келери менен баш кесерлер өздөрүнүн карасанатай ойлорун ишке ашыруу үчүн чогулуп сүйлөштү («Кыргызстан маданияты»),

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Киши өлтүргүч, киши өлтүрүүдөн да кайра тартпаган, зулум, зөөкүр, мыкаачы. Бай-манаптын тушунда Айдалып жүрүп куурадым, Баш кесерлер жоголуп, Кубанып жүргөн убагым (Токтогул). Нуркан келери менен баш кесерлер өздөрүнүн карасанатай ойлорун ишке ашыруу үчүн чогулуп сүйлөштү («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Баш кийим бардык элде бар, Байыртан жашап келди алар, Атадан калган балага, Андан да кымбат эмне бар» (Байдылда). Бул — башка кийилүүчү кийимдин жалпы наамы. Ар бир элдин, жердин шартына, салтына жана жынысына карата баш кийим да ич ара бөтөнчөлөнөт. Кыргыз элинде калпак, тебетей, малакай, топу, элечек, шөкүлө, кеп такыя өңдүүлөр болгон. Баш кийим жылдын төрт мезгилине жана аба ырайына карата кийип жүрүүгө шартташат да, малдардын, андардын терилеринен, кийизден жана кездемелерден бычылып тигилген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баш ийүү, моюн сунуу. Бара-бара карылыкка баш коюп, бойдон кубат тайды (Каимов). 2. Киришүү, өтүү. Түн ортосунда гана Эрмек экөөбүз уйкуга баш койдук («Ден соолук»). Аюу бекем жасалган үйүнө кирип, узак уйкуга баш койду (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Баш ийүү, моюн сунуу. Бара-бара карылыкка баш коюп, бойдон кубат тайды (Каимов). 2.Киришүү, өтүү. Түн ортосунда гана Эрмек экөөбүз уйкуга баш койдук («Ден соолук»). Аюу бекем жасалган үйүнө кирип, узак уйкуга баш койду (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирге болуу, чогулуу, биригүү, бирдикте болуу, биргелешүү. Баатырлары баш кошуп, Сап-сап болуп жөнөштү («Семетей»). Баш кошуп жаңы турмуш куруп жатат. Эзилген ал күндөгү өңкөй шордуу (Турусбеков); 2. үйлөнүү, турмуш куруу. Күлайым – менин байбичем, Бармактайда баш кошкон («Эр Төштүк»). Баш кошуптур жаңыдан Эки бирдей чырагым (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бирге болуу, чогулуу, биригүү, бир тилектеш, мамилелеш болуу. Улуу-кичүү дебей баарыбыз баш кошуп, аракет кылсак, колдон келбей турган эч нерсе жок, жолдоштор! («Ленинчил жаш»). Баатырлар баш кошуп, сап-сап болуп жөнөштү («Семетей»). Кээде аталары баш кошуп, минтип баарлашып отуруп чер жазчу (Кыдырмышев). 2. Үйлөнүү, турмуш куруу. Экөөнүн көңүлү жакын болуп, кат жазышса, баш кошкону жүргөндүр (Абдукаимов). Менин жүрөгүм таза эле. Жапаш менен баш кошуп, бирге өмүр сүрүп, эл үчүн эмгек сиңирсем дечү элем (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башчылык кылуу, башкаруу, көз кырын салуу, каралашуу, жардамдашуу. Агалары жоокерчиликке аттанып, ал жакадагы жалчы-койчуга баш-көз болуп калат (Абакиров) – Кой, сен үй-жайга, тегирмениңе баш-көз бол (Бейшеналиев). Мындай жигиттер кантип бизге баш-көз болбосун (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Башчылык кылуу, башкаруу, көз кырын салуу, каралашуу, жардамдашуу. Агалары жоокерчиликке аттанып, ... ал жакадагы жалчы-койчуга баш-көз болуп калат (Абакиров) - Кой, сен үй-жайга, тегирмениңе баш-көз бол (Бейшеналиев). Мындай жигиттер кантип бизге баш-көз болбосун (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсеге өтө берилип иштөө, бүт мүмкүнчүлүгү, бардык күчү менен аракеттенүү, катуу киришүү. Калемиңди койкоңдотуп кечке бирдемени шилтегенсип, такыр баш көтөрбөйсүң (Бейшеналиев). Кедейлердин баш көтөрбөй термелеген мээнетчилдиги кайра өзүлөрүнүн шорун кайнатууда (Бейшеналиев). Биз күнү-түнү баш көтөрбөй иштедик («Кыргызстан аялдары»). 2. Каршылык көрсөтө албоо, алсыздык кылуу. Ай, алдуунун таманы алдында баш көтөрө албай тебеленген алсыздык күн ай! (Осмоналиев). Жармач туугандарың жер чукушуп, баш көтөрө алышпай калышпадыбы? – деди Асанбайга туугандары (Сыдыкбеков). 3. Катуу сынып калуу, уят болуп калуу. Эл алдында баш көтөрө албай, журттан обочолоп калышты (Каимов). Уялганыман кечке баш көтөрө албадым (Мырзаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсеге өтө берилип иштөө, бүт мүмкүнчүлүгү, бардык күчү менен аракеттенүү, катуу киришүү. Калемиңди койкоңдотуп кечке бирдемени шилтегенсип, такыр баш көтөрбөйсүң (Бейшеналиев). Кедейлердин .. баш көтөрбөй термелеген мээнетчилдиги кайра өзүлөрүнүн шорун кайнатууда (Бейшеналиев). Биз күнү-түнү баш көтөрбөй иштедик («Кыргызстан аялдары»). 2. Каршылык көрсөтө албоо, өзүнүн алсыз экендиги көрүнүү. Ай, алдуунун таманы алдында баш көтөрө албай тебеленген алсыздык күн ай! (Осмоналиев). Жармач туугандарың жер чукушуп, баш көтөрө алышпай калышпадыбы? - деди Асанбайга туугандары (Сыдыкбеков). 3. Катуу сынып калуу, уят болуп калуу. Эл алдында баш көтөрө албай, журттан обочолоп калышты (Каимов). Уялганыман кечке баш көтөрө албадым (Мырзаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунан иш келер, бир нерсеге жарар, кол кабыш кылар. Үйдө кайненем экөөбүздөн башка баш көтөрөр жан калган жок (Элебаев). Баш көтөрөр үй-бүлөнүн баары майданда жүрсө, силерге кайрылбаганда, силерден кол кабыш күтпөгөндө, анан эмне кылабыз? (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Колунан иш келер, бир нерсеге жарар, кол кабыш кылар. Үйдө кайненем экөөбүздөн башка баш көтөрөр жан калган жок (Элебаев). Баш көтөрөр үй-бүлөнүн баары майданда жүрсө, силерге кайрылбаганда, силерден кол кабыш күтпөгөндө, анан эмне кылабыз? (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч мүмкүнчүлүк бербөө, буямасын, чактысын келтирбөө, көз ачырбай үстөмдүк кылуу. Баш көтөртпөй иштетти («Ала-Тоо»). Баш көтөртпөй жетимди, Молдо кылып аламын (фольк.). Байлар жарды-жалчыларды баш көтөртпөй, алардын ар кандай аракетин ырайымсыздык менен басып турду (Абдукаримов). Ушул кездегидей билимим анда болсо, бай-манаптарды баш көтөртөт белем? – деп отол кездеги билимсиздигине арман кылды (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч мүмкүнчүлүк бербөө, буямасын, чактысын келтирбөө, көз ачырбай үстөмдүк кылуу. Баш көтөртпөй иштетти («Ала-Тоо»). Баш көтөртпөй жетимди, Молдо кылып аламын (фольк.). Байлар жарды-жалчыларды баш көтөртпөй, алардын ар кандай аракетин.. ырайымсыздык менен басып турду (Абдукаримов). Ушул кездегидей билимим анда болсо, бай-манаптарды баш көтөртөт белем? - деп ошол кездеги билимсиздигине арман кылды (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Оорусунан оңоло баштоо, жакшы болуу, төшөктө жата бербей, тыңып туруп калуу, сакаюу. Ошол жылкы улуу тумоодон бирин-серин киши гана баш көтөрдү (Элебаев). 2. Жандануу, каршылык көрсөтө баштоо, каршы туруу. Демек, ар кыл калктын уулдары деле бизчилеп азапка чыдабай баш көтөрүптүр (Бектенов). Жаңыдан баш көтөргөн кедей, кембагалдар бириге баштады (Сасыкбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Катуу оорудан айыга баштоо, сакайып, оңолуп, жакшы болуп кетүү. Жаңы эле баш көтөрдүң, онтоону тилебечи (Сыдыкбеков). Ошол жылкыулуу тумоодон бирин-серин киши гана баш көтөрдү (Элебаев). Мен баш көтөрүп отуруп калдым (Сыдыкбеков). 2. Жандануу, каршылык көрсөтө баштоо, такоол бергидей кудурети болуу. ..Кедейлерди баш көтөрүүгө, зулумдардан өч алууга үндөй жүр (Бейшеналиев). Жаңыдан баш көтөргөн кедей, кембагалдар бириге баштады (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алгачкы, эң биринчи, алдыңкы, баш жагындагы. Белек аны ары-бери которуп, Көз жүгүрттү ырдын башкы жолуна (Токомбаев). Көпөлөк терезенин башкы кашегине жабышып, тыптынч болду (Сыдыкбеков). || Түпкү. Башкы атасы Каракан («Семетей»). 2. Негизги. Мал чарбасын өнүктүрүүнүн башкы шарты тоюттардын өндүрүлүшүн көбөйтүү («Советтик Кыргызстан»). 3. Кызмат абалы жагынан жогору башкаларга башчылык кылып, же тиешелүү кызматы боюнча башкаруу ишин жүргүзүүчү. Башкы инженер. Башкы врач.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКЫ АГЕНТпринципал (бүтүмкер) үчүн зарыл аракеттердин тобун башка агенттерди (субагенттүүлүк) чегерүү менен аткаруу милдетин алган жак. Б. а. менен принципалдын өзара мамилеси узак, же белгисиз мөөнөткө түзүлгөн башкы агенттик келишимдин негизинде жөнгө салынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКЫ АКТ – мамлекет ижарага алган порт (суубекет) тарабынан сырттан кабыл алынган импорт жүктү орун саны, салмагы жана сапаты боюнча жол-жоболоштурган документ. СИФ шарты менен жеткирилген импорттук жүк боюнча Б. а. товар сатуучу тараптын милдеттенмеси аткарылгандыгын тастыктайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКЫ БУЮМ ЖАНА ТААНДЫКТЫК – маңызы таандык буюмдун башкы буюмга кызмат кылуусунда жана ага негизги чегерилиши боюнча байланышында жаткан (м.: кайык жана калак), жарандык укуктагы кадыресе буюмдарды бөлүштүрүү. Мындай бөлүштүрүүнүн юридикалык маңызы таандык буюм баардык жагдайларда башкы буюмдун тагдырын ээрчигенинде жатат. Ал тараптардын келишиминде башкача каралбаса, башкы буюмдун сатып алуучусуна өтөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКЫ ДИСТРИБЬЮТОР – өндүрүүчүдөн баардык өндүрүлгөн товарларды же товардын белгилүү түрүн, андан ары аларды орто жана майда дүң сатуучу уюмдарга сатуу үчүн сатып алуу милдетин өз моюнуна алган дүң соода уюму. Адатта Б. д. менен келишим түзүү экспорттоодо колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКЫ КОЛБАШЧЫ – тынчтык учурунда да, согуш учурунда да мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн эң жогорку башчысы. КР Президенти КР Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы болуп саналат жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку башчылыгын дайындайт жана алмаштырат.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Материнская компания (Parent (associated) company) —Материнская компания – компания, владеющая как минимум контрольным пакетом акций и обладающая полномочиями управления по отношению к своим дочерним компаниям.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКЫ КОНСУЛ өзалдынча башкы консулдукту жетектейт. Анын укуктук абалы жана ишинин мүнөзү дегеле консулдукуна окшош. Алардын ортосундагы өзү өкүлү болгон жана кабыл алган өлкөлөрдүн консулдук мамилелеринин деңгээлин чагылдырган айырмачылыктары шарттуу гана. Б. к-га айрым учурларда, өзгөчө эларалык уюмдардын алдында саясий же өкүлчүлүк милдеттер тагылуусу мүмкүн. КР Б. к-у КР тышкы иштер министринин сунушу боюнча КР Президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКЫ МАКУЛДАШУУ – тармактык жана аймактык макулдашуулар менен жармакташ (жамааттык) келишимдерди түзүүдө эске алына турган социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин белгилөөчү укук актысы. КРде Б. м. тийешелүү мөөнөт аралыгына мамлекеттик бюджет бекитилгенге чейин КР Өкмөтү, республикалык жумуш менен камсыз кылуу бирикмелери жана КР кесиптик бирлик федерациясынын ортосунда жүргөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде иштелип чыгат жана түзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКЫ ПОДРЯДЧЫ – өз милдеттенмесинин бир бөлүгүн башка бирөөгө (жармакташ аткаруучуга) жүктөгөн подряд келишиминин бир тарабы. Ушундай шартта ал Б. п. аталуу менен, тапшырыкчынын алдында жармакташ аткаруучу тарабынан милдеттенменин аткарбай калышынан же талаптагыдай аткарылбай коюусунан улам келип чыгуучу жоопкерчиликтерди тартат, ал эми жармакташ аткаруучунун алдында подряд келишими боюнча тапшырыкчынын өз милдеттенмелерин таптакыр аткарбай же талаптагыдай аткарбай койгон жоопкерчилигин көтөрөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКЫ ПОЛИС БОЮНЧА КАМСЫЗДАНДЫРУУ – жарандык укукта бир тектүү мүлктөрдүн (товарлар, жүктөр д. у. с.) аркыл топторун белгилүү бир мөөнөт ичинде жана бирдей шарттарда тутумдуу камсыздандыруу, ал бир эле келишим – башкы полис боюнча жүзөгө ашырылат. Камсыздануучу башкы полиске тийешеси бар мүлктүн арбир тобу жөнүндө ушул полисте каралган маалыматтарды анда көрсөтүлгөн мөөнөттө, эгер мөөнөт көрсөтүлбөсө, топту алары менен дароо камсыздандыруучуга билдирип турууга милдеттүү. Камсыздоочу ордун толтурууга тийиштүү зыян тартуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда камсыздануучу тийиштүү маалыматтарды билдирүү милдетинен бошотулбайт. Камсыздануучунун талабы боюнча камсыздоочу башкы полиске тиешеси бар мүлктүн аркайсы топтору боюнча өзүнчө полистерди берүүгө милдеттүү. Бул полистердин мазмуну башкы полиске тура келбеген учурда өзүнчө полис жарактуу деп табылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКЫ РЕДАКТОР – редакцияны жетектөөчү (ээлеген кызматынын аталышына карабастан), жалпыга маалымдоо каражаттарын чыгарууга жана өндүрүүгө байланыштуу акыркы чечимдерди кабыл алуучу адам. Уюштуруучулар, басмакерлер, таратуучулар, жарандар, жарандардын бирикмелери, ишканалар, мамлекеттик органдар менен мамилелерде, ошондой эле сотто Б. р. редакциянын атынан чыгат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Баш калкалай турган жай. -Э, Кашкарым, алдастабай жайыңды айтчы. Сопоюп жалгыз кайтканыңа, энтелегениңе караганда бизге баш маанек табылган эмес го (Бейшеналиев). 2. Караан. Үйгө баш маанек болсун үчүн гана бирөөнү ала качып келүүгө болбойт (Каимов)... баш-көз болбосо да, баш маанек болуп берсе кана («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баш калкалай турган жай. – Э, Кашкарым, алдастабай жайыңды айтчы. Сопоюп жалгыз кайтканыңа, энтелегениңе караганда бизге баш маанек табылган эмес го (Бейшеналиев). 2. Караан. Үйгө баш маанек болсун үчүн гана бирөөнү ала качып келүүгө болбойт (Каимов). ...Баш-көз болбосо да, баш маанек болуп берсе кана («Чалкан»). В.: Баш баана. Же баш баана кылар жериң жок, ушинтип жүргөндөн уялсаң боло – дешип туугандарым ортого алышты («Ала-Тоо»). Кыскасы, кыйлага чейин баш баана болду (Убукеев). Баш паана. Кайда барарын, дагы кимден баш паана сурай турганын өзү да билбейт сыяктанат («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина

башмалдак, башмандак
кувырканье;
башмандак ат кувыркаться;
башыңа күч келсе, башмандак атасың погов. придётся, так будешь и кувыркаться;
башмандак атып ойно- (о детях) играть в "кувыркашки".

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башмандак атуу – төбөсү менен ала-салуу, төбөсүн жерге тийгизүү менен тоголонуу, тоңкочук атуу. Баш-мандак атып ойногон балдар. 2. өт. Болгон күчүн, аракетин сарптап иштөө. Таңдан кечке башмандак атып иштеп жатсак да мунуң бүтөөр эмес (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ойлонуу, сары санаа болуу, тынчсыздануу. - Ой,... андагыны ойлоп башыңды оорутпачы, - деп койду эжекем (Сыдыкбеков). Кудай алсын, кайсы чечилбей койчу баш ооруткан талаш иштер бар эле! (Осмоналиев). Бай антип башын оорутуп көргөн жан эмес (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ойлонуу, сары санаа болуу, тынчсыздануу. – Ой, кайдагыны ойлоп башыңды оорутпачы, – деп койду эжекем (Сыдыкбеков). Кудай алсын, кайсы чечилбей койчу баш ооруткан талаш иштер бар эле! (Осмоналиев). Бай антип башын оорутуп көргөн жан эмес (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Биротоло, такыр, бүт бойдон, бир жолу. Атасы баш-оту менен бийликти берген соң, күчүнө чиренген манап эч нерседен күмөн санабады (Бейшеналиев). Кары кадырын сыйлабагандар, ичкиликке баш-оту менен кирип кеткендер ...деги кайдан чыгып жатат? («Ленинчил жаш»). – Алиги мендеги аласадан бат-оту менен кечиңиздер (Бейшеналиев). Ошондон тартып коомдук иштерге да баш-оту менен киришип кетти («Советтик Кыргызстан»). В.: Башы менен. Бул китебиңиздин күчүн гана тургай, башы менен берээриңизге ишенем (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Биротоло, такыр, бүт бойдон, бир жолу. Атасы баш-оту менен бийликти берген соң.. күчүнө чиренген манап эч нерседен күмөн санабады (Бейшеналиев). Кары кадырын сыйлабагандар, ичкиликке баш-оту менен кирип кеткендер ... деги кайдан чыгып жатат? («Ленинчил жаш»). - Алиги мендеги аласадан баш-оту менен кечтиңиздер (Бейшеналиев). Ошондон тартып коомдук иштерге да баш-оту менен киришип кетти («Советтик Кыргызстан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
башта I
прежде, раньше;
башта күндөн с самого начала, с первого же дня, давно;
ай, айланайын Канчоро, башта күндөн билесиң фольк. о, милый Канчоро, ты давно (это) знаешь.
башта- II
1. начинать;
баштап с предшеств. исх. п. начиная от...; начиная с...;
жекшембиден баштап начиная с воскресенья;
энеси баштап, отурган элдин бардыгы макул алды фольк. все присутствующие, начиная с матери, одобрили;
башын баштап, аягын таштап кеткен начать-то он начал, да потом бросил;
Манас баштап кырк чоро оюн баштап жайкыдай фольк. сорок витязей во главе с Манасом начали игру, как летом;
2. возглавлять, руководить;
Белек баштаган бир топ киши группа людей во главе с Белеком;
жол башта быть путеводителем;
көч башта- см. көч I;
3. то же, что башмакта-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I такт. А дегенде, мурун, мурда, илгери. Ал башта райкомдо иштеген адам экен (Сыдыкбеков).
БАШТА II этиш. 1. Ишке, аракетке жаңыдан киришүү, өтүү. Ашыкпа, Наке, шашпагын, Кызык өрнөк баштагын (Тоголок Молдо).
  1. 2.                  Ээрчитүү, багыт алдыруу, башчылык кылуу, жол көрсөтүү, жетекчилик кылуу. Жол башта. Көпчүлүктү баштап, тартипке салуу.
  2. 3.                  Бут кийимдин башын кайрадан жаңыртып тигүү, кончуна жаңы баш салуү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурун, мурда, а дегенде. Башта Садык келе жатканда алда кайдан ызаат кылып, кол сунуп туруучу (Байтемиров). Борис Айнанын сурмалуу көзүнө жарашып турган кара кирпиктерин башта эле жакшы көрүүчү (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыймыл-аракетке, ишке, айтууга ж. б. киришүү. Түтүнүнө мал союп, Тойду баштап салышты («Мендирман»). Эртеңден баштап колхоздун курулушун баштайбыз (Сыдыкбеков). 2. Биринчи болуп журүү, алдында жүрүү, кандайдыр бир иштин башталышында биринчи болуп киришүү. Эркек бала өңөрүп, Жеңекем көчтү баштаптыр («Эр Табылды»). Шамбет-байкем өзү баштап кетменин таптаган (Сыдыкбеков). || Башында болуу, башкысы болуу. Бир жагында ордонун Манас баштап кырк чоро («Эр Төштүк»). Ат баштап, акча-пул берип, Кезегинде мен турдум (Саринжи – Бөкөй»). || Жол көрсөтүү, ээрчитүү, багыт алдыруу, башчылык кылуу, жетекчилик кылуу. Баштап жүргөн киши метрого түшүүгө кеңеш берди (Байтемиров). Бүгүн бизди саякатка мугалимдер баштап чыгышты (Сыдыкбеков). 3. Чакчыл формада: баштап. Чыгыш жөндөмөдө турган сөздөрдү жандап кыймыл-аракеттин белгилүү бир мезгилден башталгандыгын билдирүүдө колдонулат Күздөн баштап кызым Динар мектепке жаңы бара баштады (Сыдыкбеков). Эртеңден баштап колхозчуларга эмгек акы берилет (Жантөшев). 4. Бут кийимдин, көбүнчө өтүктүн же масынын башын жаңыртып, жаны баш салуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурункудай, мурдагыдай. Табылды оорудан аман-эсен айыгып, тору этине толо албай, баштагыдай боло албай жүрдү («Эр Табылды»). Малдар өз короолоруна тегиз кирген кезде кыштак кайра баштагыдай тынчый түшөт (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от башта- II
1. формой головы быть похожим на кого-что-л.;
бөрү башганган имеющий голову, как у волка;
бала жолборс баштанган с головой тигрёнка;
2. взять наплравление;
ак каңкыны жазданып, кыбыланы баштанып фольк. подложив под голову седло, (лёг) головой в сторону киблы (см. кыбыла);
иш оңуна баштанды дело пошло на лад;
3. задумать, возыметь намерение;
ата турган баштанып, мылтыгын бетине алыптыр фольк. с намерением выстрелить он приложил ружьё к своей щеке;
урушчу баштанып турат он как будто намерен драться;
кетпей калчу баштанып турам я начинаю подумывать о том, чтобы мне не уезжать;
дал болгон баштанып как громом поражённый.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башын белгилүү бир жакка баштап жатуу, башын коюу, багыт алуу. Калмак ээрди жазданып, Күн чыгышты баштанып, Алп уйкуну салыптыр («Манас). 2. Бир нерсенин кебете-кейпине окшоо, кейиптенүү. Бордоку күрпөң баштанып Кел эми мага тең келгин (Осмонкул). 3. Кандайдыр бир ишти иштөөгө, аткарууга пейилденүү. Ал уруша турган баштанып турат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башынан, башталышынан. Кайра баштан залимге, Кармалам деп чочунам (Токтогул). Айтылат баары бир баштан, Адамдардын мүнөзү (Тоголок Молдо). // Кайра башынан түшүү, кайта кайталоо. Ал ишти кайра баштан баштай турган болду.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Турмуштун көп нерселерине (чоң кырсыкка, оор кайгыга, же жыргалчылыкка ж.б.) дуушар болду деген мааниде. Оор эмгек, кайгылуу турмушту баштан өткөрүп чоңойдум (Жантөшев). Көрдүк бейм баштан өткөрүп, Кесирлүү жаат урушун (Тоголок Молдо). В.: Баштан кечирүү. Акындын жаштыгы катмар тоолордун ар жагындагы көрүнбөс дүнүйөдөй баштан кечирген кууралы, жыргалы менен алыстап далдоого сорулду (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Турмуштун көп нерселерине (чоң кырсыкка, оор кайгыга же жыргалчылыкка ж.б.) дуушар болду деген мааниде. Оор эмгек, кайгылуу турмушту баштан өткөрүп чоңойдум (Жантөшев). Көрдүк бейм баштан өткөрүп, Кесирлүү жаат урушун (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Баш аман калса болду, башканын кереги жок, кечтим, калганы эч нерсе эмес деген сыяктуу бирөөлөрдүн көңүлүн улоо, же өзүн-өзү сооротуу маанисинде. Бир токол башыңдан садага, унчукпай тын дедиң. Тындым (Бейшеналиев). – Башыңыздан садага, бай, шумкардын канаты сыныптыр, араң эле жаны бар, – деди Кыяз (Эшмамбетов). В.: Баштан кулак садага. – Суранбай ал атымдын жал-куйругун алтындап алып келсе да албаймын. Баштан кулак садага! (Сыдыкбеков). Башы-көздөн садага. Жоголсо мейли, баштан-көздөн садага, – деп, анын көңүлүн улап койду (Тойбаев). Башка садага. Мейли мал-башка садага («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Баш аман калса болду, башканын кереги жок, кечтим, калганы эч нерсе эмес деген сыяктуу бирөөлөрдүн көңүлүн улоо же өзүн-өзү сооротуу маанисинде. Бир токол башыңдан садага, унчукпай тын дедиң. Тындым (Бейшеналиев). - Башыңыздан садага, бай, шумкардын канаты сыныптыр, араң эле жаны бар, -деди Кыяз (Эшмамбетов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от баштан-
1. заставить повернуть голову;
2. заставить взять какое-л. направление;
кыбыланы баштантып фольк. повернув его голову в сторону киблы (см. кыбыла);
3. подложить что-л. под голову; положить голову на что-л.;
башын жумшак баштантып фольк. положив его голову на мягкое.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШТАПКЫ ДАЛИЛ – алгачкы булактардан алынган далилдер. Алар көргөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, чыныгы документердин жардамы, кандайдыр бир из калтырылган буюмдарды кароо жолу аркылуу алынган чыныгы далилдер болушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШТАПКЫ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК РЕСУРСТАР (МҮМКҮНЧҮЛҮК) – отун катары пайдаланылуучу (мунайзат, табигый газ, күйүүчү сланец, көмүр, көң) жана кубаттын башка түрүн алуу үчүн колдонулуусу мүмкүн болгон (ядролук отун, суу жана күн кубаты, шамал менен кайнар булактардын кубаты) табигый абалдагы ресурстар.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Макул болбоо, айтканынан кайра кайтуу, айнуу, макулдугун бербей тайсалдап качып калуу. Султаналы күчкө салып, Кудайберген менен кудалашып койду эле, Атай андан баш тартты (Каимов). Табылды деген эр жүрөк азаматтын башчылыгы менен ыгым-чыгымдан баш тартып, кедейлер кол курашты (Бейшеналиев). Базарбек анын кекээрлүү сөзүн жактырбаса да, болгон ишти айтуудан баш тарткан жок (Каимов). Аткаруучулуктан, айтуучулуктан небак баш тарткам (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Макул болбоо, айтканынан кайра кайтуу, айнуу, макулдугун бербей тайсалдап качып калуу. Султаналы күчкө салып, Кудайберген менен кудалашып койду эле, Атай андан баш тартты (Каимов). Табылды деген эр жүрөк азаматтын башчылыгы менен ыгым-чыгымдан баш тартып, кедейлер кол куратты (Бейшеналиев). Базарбек анын кекээрлүү сөзүн жактырбаса да, болгон ишти айтуудан баш тарткан жок (Каимов). Аткаруучулуктан, айтуучулуктан небак баш тарткам (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШТАРТУУ КЕРЭЭЗИ – мурастоо укугунда керез ээси өзүнүн мураскоруна бир же бирнече жактын (баштартуу алгандардын) пайдасына кандайдыр бир милдетти аткаруу боюнча керээз калтырууга акысы бар. Алар Б. к-нин аткарылышын талап кылуу укугуна ээ болот. Мыйзам боюнча мураскорлордун катарына киргендер да, кирбегендер да баштартуу алышы мүмкүн. Б. к. жүктөлгөн керээз ээси мураскерден калган карыздардан сырткаркы мурас мүлктүн чыныгы наркына жараша гана өз милдетин аткарат. Мураскер турак үйдү, ижараны же дагы башка туракжайды алган мураскерди ал жайды же анын бир бөлүгүн башка бирөөнүн түбөлүк пайдалануусуна берүүгө милдеттендирүүгө акысы бар. Туракжай менчик укугунун андан ары өзгөрүшүнө карабастан, анын тийешелүү бөлүгүн түбөлүк пайдалануу укугу өз күчүн сактап кала берет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от башта- II;
Бокмурун көчтү жөнөттү, Каркырага баштатып фольк. Бокмурун отправил кочёвку (см. көч I) в сторону Каркары;
жол баштат- заставить кого-л. идти впереди и указывать путь; дать или взять кого-л. в качестве проводника;
желге жол баштатып кетти он ушёл, сделав предводителем ветер, он пошёл рыскать по белу свету.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жүргөн-турганы, жасаган иштери, кишиге жасаган мамилеси ж. б. түзүк, жакшы, начар эмес. Келиндин отуруп-турганын, кыймылын астыртан байкап отурган кемпир: «баш териси оң көрүнөт, түзүк эле киши болор», – деп ойлоп ичинен күңгүрөнүп койду («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жүргөн-турганы, жасаган иштери, кишиге жасаган мамилеси, ж.б. түзүк, жакшы, начар эмес. Келиндин отуруп-турганын, кыймылын астыртан байкап отурган кемпир: «баш териси оң көрүнөт, түзүк эле киши болор» - деп ойлоп ичинен күңгүрөнүп койду («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ачуусу келүү, кыжырлануу. Баш териси тырышып, ... алагар көзү жырткычтыкындай тикирейген Касымбек Тоголок Молдодон суук айланчыктай кайпыды (Бейшеналиев). Бул сөздүукканда бектин баш териси тырышты (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жол көрсөтүүчү, башкарып алып жүрүүчү, жетекчилик кылуучу. Жол баштоочу. // Алгачкы баштаган, негиз салуучу. Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Аалы Токомбаев – советтик кыргыз адабиятынын баштоочулары.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. прям. , перен.
имеющий голову;
жети баштуу кемпир миф. старуха о семи головах;
баштуу-көздүү адамдар фольк. почётные люди, вожаки в своей среде;
кара баштуу то же, что кара башыл (см. башыл);
кара баштуу жоо эмес, кара зоону жарбайбы? фольк. этот враг - не просто враг, он ведь чёрную скалу дробит;
2. имеющие главу, начальника; объединённые общим руководством;
шайлоо болсо, баштуу олтуралы когда будут выборы, будем едины;
аттуу-баштуу см. аттуу I;
жумуру баштуу см. жумуру.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Башы бар. Жети баштуу желмогуз.
  1. 2.                  Башчысы бар, жетекчиси бар.
  2. 3.                  өт. Үй-бүлөсү көп; Үй-бүлөлүү. Аппак үйлүү, Зоот уйлуу, Колу иштүү, Малдуу, баштуу, Ошо мен жеңекемди сагынам (Маликов).
  3. 4.                  өт. Тартиптүү, тартипке баш ийген, айтканга көнгөн, айтканды аткарган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башы бар. Жети баштуу желмогуз. Эки баштуу жылан. 2. Үй-бүлөлүү, үй-бүлөсү көп. Аппак үйлүү, зоот уйлуу, Колу иштүү, малдуу-баштуу, Ошо мен жеңекемди сагындым (Маликов). 3. өт. Тартиптүү, адептүү, тартипке баш ийген, иреттүү. Алардын үй-бүлөсү абдан баштуу. Кичинекей канаттуу жаныбарлардан болгону менен булардын баштуулугу укмуш (Таштемиров). 4. өт. Акыл-эстүү. Бузукунун өзүнө ишенбе. Сен баштуу кишисиң го (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге белсенип киришүү, тобокел кылуу, өлүмгө даяр туруу, кайра тартпоо. Ансыз да кыйынчылыкка башты байлап бара жаткан жигиттин алдында өзүн кармоого тырышып көрдү («Ала-Тоо»). Эл ичиндеги эр азаматтар башты байлап, батыштыкараймайданга аттанышты (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге белсенип киришүү, тобокел кылуу, өлүмгө даяр туруу, кайра тартпоо. Ансыз да кыйынчылыкка башты байлап бара жаткан жигиттин алдында өзүн кармоого тырышып көрдү («Ала-Тоо»). Эл ичиндеги эр азаматтар башты байлап, батышты карай майданга аттанышты (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
баштык I
1. начальник, руководитель; возглавляющий;
бригада баштыгы руководитель бригады, бригадир;
2. главарь, предводитель;
ээн баштык см. ээн.
баштык II
сумка, мешочек, торба;
ат баштык мешочек из кожи конской головы;
жем баштык торба (кормушка в виде мешочка, в который засыпают зерно и навешивают на голову лошади);
чай баштык мешочек, в котором хранится чай;
баштык-үштүк всякого рода мешочки и торбы;
баштык-үштүк, куржунду эшекке жаба салынды фольк. все свои мешочки и перемётную суму он плотно уложил на своего осла;
күйөө баштык сев., этн. угощение (обычно мясо жирной овцы и спиртные напитки), которое сваты доставляют в дом родителей девушки перед сватовством (явление последних лет);
көз баштык (в сказке) мешок из роговицы глаза (волшебное свойство его заключается в том, что его якобы нельзя наполнить);
жомокто айтылган көз баштык кандай болсо, биздин чанач нак ошондой ваш бурдюк такой же вместительный, как сказочный көз баштык.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бир нерсе салына турган кичинекей капчык. Баштык жебейт, баш жейт (макал). Шатен.. саймалуу кызыл баштыктан тамеки алып, Асанга ажардана карады (Аалы).
Ат баштык — аттын баш терисинен жасалган баштык. Жем баштык — атка жем илүү, жем берүү үчүн колдонулган баштык. Тообай Акбакайга жем баштыкты илип, жылкыларды аралай бастырды (Абдумомунов).
БАШТЫК II зат. сүйл. Башкаруучу, жетекчи, башчы.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Кара малдын баш терисин алып, ооз жагын тегеректеп кесип, алкым жагын түптөп, катырып коюшунан жасалган идиш кыргыз тилинде баштык аталган. Ушундай баштыктарды эл 1940-жылдардын аягына чейин урунуп келди. Баштык сөзү баш деген сөзгө –лык мүчөсү жалгануу аркылуу жасалган. Алгач «баш териден жасалган идиш» деген мааниде түшүнүлгөн. Кийин андай идиш таардан, кездемеден, кийизден, башка эле териден жасала баштаса деле, эски аты аларга карата колдонула бергендиктен, азыркы кезде баштык сөзүнүн баш сөзүнөн жасалары оӊой байкалбай турган болуп калган». (Сейдакматов 1988:48-49). Азыркы кыргыз тилиндеги «баш териси бузук», «баш терисинен көрүнүү», «баш териси оӊ», «баш териси тырышуу», «баш терисин байкоо» деген фразеологизмдердин келип чыгышы да жогорудагы баштык сөзү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Манаптан баштык тиктирип, Жем илейин дечү элем, Мамыркандын ашына, Бир минейин дечү элем» (Тоголок Молдо). Бул кийизден, таардан, териден, кездемеден жасалып, түрдүү нерселерди салуучу жана жанда алып жүрүүчү чакан буюм, идиш. Ага ар кандай кийиз оюмдары, сайма, терме, чырмак көчөттөрү да түшөт. «Кыргыздын үйүндө кырк баштык бар» дейт. Аларга: туз баштык, самын баштык, чай баштык, жем баштык, нан баштык, аш (тамак) баштык өңдүүлөр кирет. Азыр баштыктар өз формасын жана колдонмолук маанисин өзгөртүп, жалаң жанда алып жүрүүгө шартташууда.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кара малдын баш терисин сыйрып алып, ооз жагын тегеректеп кесип, алкым жагын түптөп, катырып коюшунан жасалган идиш кыргыз тилинде баштык аталган. Ушундай баштыктарды эл 1940-жылдардын аягына чейии урунуп келди. Баштык сөзү баш деген сөзгө -лык мүчөсү жалгануу аркылуу жасалган. Алгач ал «баш териден жасалган идиш» деген мааниде түшүнүлгөн. Кийин андай идиш таардан, кездемеден, кийизден, башка эле териден жасала баштаса деле, эски аты аларга карата колдонула бергендиктен, азыркы кезде баштык сөзүнүн баш сөзүнөн жасалары оңой байкалбай турган болуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ун-талкан, азык-түлүк жана башка ар түрдүү нерселерди салып коюу же ала жүрүү үчүн ылайыкталып жасалган буюм. Шатен саймалуу кызыл баштыктан тамеки алып, Асанга ажардана карады (Токомбаев). Баштыктардын оозун чечип, тамактарын ортого салды (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Болбогон бир нерселерди айта берип мазени алуу, тажатуу. Көрүнгөн шылтоолорду айтып башты оорутту («Ленинчил жаш»). Эшик тындырбаган кардарлар кулактын кужурун алып, башты оорутушту (Бейшеналиев). В.: Башты чиритүү. Мындайда минтиш керек дегендер башты чиритишет ко (Кыдырмышев). Башты чиритип, баламды азыткыдай имерип, акыры артына качса анысын билдирсин (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Багынуу, моюн сунуу. Кабарын уккан көп душман Жыгылып бизге баш урган (Барпы). Күрөшкөндө күч да, кан да чачылмак, Күрөшкөнгө кыйындыктар баш урмак (Токомбаев). Жалдырадың жан талаштың баш урдуң (Маликов). – Чоке, кулдугум бар! Биз жыгылдык! Айыбын тартып, алдыңарга баш уралык (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Багынуу, моюн сунуу. Кабарын уккан көп душман, Жыгылып бизге баш урган (Баршя). Күрөшкөндө күч да, кан да чачылмак, Күрөшконгө кыйындыктар башурмак (Аалы). Жалдырадың жан талаштың баш урдуң (Маликов). - Чоке, кулдугум бар! Биз жыгылдык! Айыбын тартып, алдыңарга баш уралык (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге абдан өкүнүп, кайгырып, же таң калып туруу деген мааниде колдонулат. Карап турган эл журтуң Башын чайкашып зарлады («Курманбек»). Имерилеп келе жаткан ишти кайра кетенчиктетет, бүлдүрөт, – деп кары башын чайкады (Убукеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге абдан өкүнүп, кайгырып же таң калып туруу деген мааниде колдонулат. Карап турган эл журтуң Башын чайкашып зарлады («Курманбек»). Илгерилеп келе жаткан ишти кайра кетенчиктетет, бүлдүрөт, - деп кары башын чайкады (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. стоящий во главе, руководитель; заведующий, начальник;
акылдуудан башчың болсо, адашпайсың погов. если руководитель у тебя умный, с пути не собьёшься;
склад башчысы заведующий складом, кладовщик;
чарба башчысы заведующий хозяйством;
жол башчы см. жолбашчы;
2. вожак.

Киргизско-русский словарь Юдахина
отвл. от башчы
руководство;
башчылык кыл- осуществлять руководство, возглавлять;
большевиктер партиясы жумушчу кыймылына башчылык кылды ист. партия большевиков возглавила рабочее движение;
элүү башчылык ист. положение или должность пятидесятника (см. баш 8);
жол башчылык см. жолбашчылык.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Эч кимге менчиктелбеген, эч ким ээ болбогон, эч кимдин тиешеси жок. Башы ачык оокат. Башы ачык буюм. 2. Кудалашкан, сүйлөшүп макулдашкан жери жок (кызга карата), башка күйөөгө чыгууга, кетип калууга мүмкүнчүлүгү бар, кылчактай турган, кармала турган эч нерсеси жок (күйөөдөн чыккан же жесир калган аялдарга карата). Арзыган теңине жете албай зарыгып башы ачык кыз тургай, күнү үстүнө барган токолдор, кайындаган күйөөсүн чанган кыздар да сүйгөнүнө баш кошо баштады (Сыдыкбеков). - Кантип?! Менин башым ачык эмес да? (Бейшеналиев). Өнөрлүү келиндин башы ачык экендигин айтсам, акын токтоосуз учасың (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эч кимге менчиктелбеген, эч ким ээ болбогон, эч кимдин тиешеси жок. Башы ачык оокат. Башы ачык буюм. 2. Кудалашкан, сүйлөшүп макулдашкан жери жок (кызга карата), башка күйөөгө чыгуута, кетип калууга мүмкүнчүлүгү бар, кылчактай турган, кармала турган эч нерсеси жок (күйөөдөн чыккан, же жесир калган аялдарга карата). Арзыган теңине жете албай зарыгып башы ачык кыз тургай, күнү үстүнө барган токолдор, кайындаган күйөөсүн чанган кыздар да сүйгөнүнө баш кошо баштады (Сыдыкбеков). – Кантип?! Менин башым ачык эмес да? (Бейшеналиев). өнөрлүү келиндин башы ачык экендигин айтсам, акын токтоосуз учасың (Бейшеналиев). В.: Башы бош. Эмне үчүн «башым бош эмес» дедиң, башы бош да кыз болобу? (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эркиндигин алуу, өз алдынча болуу мүмкүнчүлүгүнө жетүү. Үрпүкан энеси менен жеңесине сыр бөлүшсө, алары башы ачылмайынча антташкан жигитин айыл четине жолотпоосун айтып безилдешти (Бейшеналиев). Жакында гана башы ачылып, эс-учун жыя баштаптыр («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эркиндигин алуу, өз алдынча болуу мүмкүнчүлүгүнө жетүү. Үрпүкан энеси менен жеңесине сыр бөлүшсө, алары башы ачылмайынча антташкан жигитин айыл четине жолотпоосун айтып безилдешти (Бейшеналиев). Жакында гана башы ачылып, эс-учун жыя баштаптыр («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө менчиктелип, ыйгарылып калуу, башы ачык эмес болуу, бирөөгө башы байлануу, турмушка чыгуу укугу жок болуу (көбүнчө бирөөгө кудалап койгон кызга карата). Ал кезде кыз бечаралар жаңыдан көзү ачылып келатканда бирөөгө башы байланып, күтүлбөгөн окуяга кез болушчу (Каимов). Жазыксыз наристе бирөөгө бармактайынан башы байланып, колукту болгону менен иши эмне?! (Каимов). Бармандын эрке кызы Айнагүл Асантайдын «торпогуна» башы байланганы жатат (Сыдыкбеков). – Атаа, ушул баланы эптеп үйлөндүрүп койсок, башы түбөлүк байланып, бизден кете албай калат эле (Баялинов). 2. Кандайдыр бир ишке жоопкер, милдеткер болуу. Анын башы байлануу да. Ишин таштап басып кете албайт, антүүгө да жарабайт («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө менчиликтеп, ыйгарылып калуу, башы ачык эмес болуу, бирөөгө башы байлануу, турмушка чыгуу укугу жок болуу (көбүнчө бирөөгө кудалап койгон кызга карата). Ал кезде кыз бечаралар жаңыдан көзү ачылып келатканда бирөөгө башы байланып, күтүлбөгөн окуяга кез болушчу (Каимов). Жазыксыз наристе бирөөгө бармактайынан башы байланып, колукту болгону менен иши эмне?! (Каимов). Бармандын эрке кызы Айнагүл Асантайдын «торпогуна» башы байланганы жатат (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз башына өзү ээ боло албоо, кимдир бирөөгө көз каранды болуу, бирөөнүн эркине баш ийүү. - Атаа, ушул баланы эптеп үйлөндүрүп койсок, башы түбөлүк байланып, бизден кете албай калат эле (Баялинов). Байга башы байланган жакыр. 2. Кандайдыр бир ишке жоопкер, милдеткер болуу. Анын башы байлануу да. Ишин таштап басып кете албайт, антүүгө да жарабайт («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бытыранды, чачыранды, баш аламан, ар кайсы жакка андаалап, самсыган, азып-тозгон. Катын бала, мал-мүлк менен эч кимдин жумушу жок, дүрдүккөн элдин башы бапан, аягы сапан («Ала-Тоо»). Эми андагы элдин көргөн күнүн айтпа, башы бапан, аягы сапан (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бытыранды, чачыранды, баш аламан, ар кайсы жакка андаалап, самсыган, азып-тозгон. Катын бала, мал-мүлк менен эч кимдин жумушу жок, дүрдүккөн элдин башы бапан, аягы сапан («Ала-Тоо»). Эми андагы элдин көргөн күнүн айтпа, башы бапан, аягы сапан (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин жөн-жайын жакшы билген, ар нерсени түшүнгөн, түшүнүгү жакшы. Башы бар чымчык сага карматпас (Осмоналиев). Аны көрүп-билип турган башы бар киши кайдан... көк бөрүгө түшсүн (Кыдырмышев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эптеп бир жерге орундашып, байыр алып, жайланышып калуу, акырындан аралашуу. Минтип араң башы батып отурганда бир мертебе кадыр түн күткөнгө жарабай уйкуга көмөлөнгөнү уят (Бейшеналиев). Айылчы абасы «тентиреп Жумгалда жүргөндө көчүрө келип, оозуңа аш, үстүңө үй тигип, башың батып тыңыганда, менин эмгегимди кайтарбай таштап каччу сенсиңби» - деп кине койсо, төрт айласы түгөнөр (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эптеп бир жерге орундашып, байыр алып, жайланышып калуу, акырындан аралашуу. Минтип араң башы батып отурганда бир мертебе кадыр түн күткөнгө жарабай уйкуга көмөлөнгөнү уят (Бейшеналиев). Айылчы абасы «тентиреп Жумгалда жүргөндө көчүрө келип, оозуңа аш, үстүңө үй тигип, башың батып тыңыңганда, менин эмгегимди кайтарбай таштап каччу сенсиңби», – деп кине койсо, төрт айласы түгөнөр (Бейшеналиев). В.: Багалчагы батуу. Чу дегеңде багалчагы батып, чоочун элге бышыгып, кең-кесири аралаша торолсунчу (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сыйышып кете ала тургандай, ылайыктуу, ыңгайлуу жай таба албоо, бир жерге байыр алып, туруктуу жай таап аралашып кете албоо. Же башым батып, багалчагым сыйбай кетип калабы? («Ала-Тоо»). Башы батып, багалчагы сыйбай көрүнгөн жерде жүргөндө хан күйөөнүн аркасы менен оозу ашка, буту төргө жетип отурат (Көчкөнов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сыйышып кете ала тургандай, ылайыктуу, ыңгайлуу жай таба албоо, бир жерге байыр алып, туруктуу жай таап аралашып кете албоо. Же башым батып, багалчагым сыйбай кетип калабы? («Ала-Тоо»). Башы батып, багалчагы сыйбай көрүнгөн жерде жүргөндө хан күйөөнүн аркасы менен оозу ашка, буту төргө жетип отурат (Көчкөнов). В.: Башы батып, балтыры сыйбоо. Башы батып, балтыры сыйбай жатып кылган ишин кара! («Чалкан»). Багалчагы сыйбоо. Бул жерге да багалчагым сыйбай кетип каламбы деп коркот («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
«Эмне болсоң ошо бол, өз убалың өзүнө, өз милдетиң өзүңдө» деген мааниде көбүнчө тил албай, кежирлик кылган кишиге карата колдонулат. Жок, атасын тартпай калды бул уул. Мейли, башы баш, багалчагы кара таш (Айтматов). Бирок, баласы анысынан баш тарптаган соң «менден калган бир тукум экенсиң да, башың баш, багалчагың кара таш» дегендей нааразы (Медетов). Башың баш, багалчагың кара таш! Ач бел, куу жондо өл! (Айтматов)

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
«Эмне болсоң ошо бол, өз убалың өзүңө, өз милдетиң өзүңдө» деген мааниде көбүнчө тил албай, кежирлик кылган кишиге карата колдонулат. Жок, атасын тартпай калды бул уул. Мейли, башы баш, багалчагы кара таш (Айтматов). Бирок баласы анысынан баш тартпаган соң «менден калган бир тукум экенсиң да, башың баш, багалчагың кара таш» дегендей нааразы (Медетов). Башың баш, багалчагың кара таш! Ач бел, куу жондо өл! (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Убайымсыз, кайгысыз, эч кемтиги жок, телегейи тегиз. Тирүүчүлүктө башы бүтүн, боору эсен киши аз, кулундарым, чынарым куласа, чырпыгым бар, – деп Музооке баба «Муңдуу күүсүн» зыңылдата күнгүрөндү (Бейшеналиев). В.: Боору бүтүн, башы эсен. Бул күндөрдө боору бүтүн, башы эсен ток пейил адамдардын башына да ой түшкөн (Каимов). Боору бүтүн. Э, кызым, азыр кайда барсаң Мамайдын көрү. Боору бүтүн киши калбайт окшойт (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсенин жөн-жайын абдан биле элек, түшүнө элек, абдан дасыгып кагыла элек, али жаш. Башы быша элек Айымкан да үйдө эмне байлык бар, эмне жок жана өзү эмне бүтүрүп жүргөнүн күйөөсүнө айтчу эмес (Каимов). Чарбанын көп жагдайына түшүнө албай жаштык кылып жатат. Башы быша элек да («Кыргызстан Туусу»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин жөн-жайын абдан биле элек, түшүнө элек, абдан дасыгып кагыла элек, али жаш. Башы быша элек Айымкан да үйдө эмне байлык бар, эмне жок жана өзү эмне бүтүрүп жүргөнүн күйөөсүнө айтчу эмес (Каимов). Чарбанын көп жагдайына түшүнө албай жаштык кылып жатат. Башы быша элек да («Кыргыз Туусу»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге абдан такшалаган, дасыккан, жакшы-жаманды башынан көп өткөрүп бышыккан, кадик болгон, кагылган. Көптү көрүп, башы бышкан алардын жүрөгү кандайдыр мандем иштин болгонун туят (Мырзаев). Кандим болуп башы бышкан адамдай жигиттин жапылдаганын Айылчы жактыра ...мулуйду (Бейшеналиев). Бирок азыр башы бышкан Ал кездеги мен эмес. Мен жетим, жетилдим, эч кимиңден эми бала кем эмес (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге абдан такшалаган, дасыган, жакшы-жаманды башынан көп өткөрүп бышыккан, кадик болгон, кагылган. Көптү көрүп башы бышкан алардын жүрөгү кандайдыр мандем иштин болгонун туят (Мырзаев). Кандим болуп башы бышкан адамдай жигиттин жапылдаганын Айылчы жактыра... мулуйду (Бейшеналиев). Бирок азыр башы бышкан Ал кездеги мен эмес. Мен жетим, жетилдим, эч кимиңден эми бала кем эмес (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дени-карды соо, алдан-күчтөн тая элек, карылыгы жете элек, тың, колунан иш келет. Башым жаздыкта, белим оттукта эмес ко, кудая шүгүр (Үмөталиев). Мусанын азыр башы жаздыкта, бели оттукта эмес. Аялы экөө тең куландан соо («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дени-карды соо, алдан-күчтөн тая элек, карылыгы жете элек, тың, колунан иш келет. Башым жаздыкта, белим оттукта эмес ко, кудая шүгүр (Үмөталиев). Мусанын азыр башы жаздыкта, бели оттукта эмес. Аялы экөө тең куландан соо («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. өлүү, каза табуу, көз жумуу, дүйнөдөн кайтуу. – Мен калган өмүрүмө ыракат тилеп отурганым жок, башым жерге кирсе о дүйнөдөн ыйман берсин деп, ошону тилеп отурам (Укаев). Сен менин элдешпес душманымсың. Мен аны башым жерге киргенде да унутпайм (Осмоналиев). 2. Бирөөнүн алдында өзүн кылмыштуудай сезип тике карай албоо, баш көтөрө албоо, оңтойсуз абалда калуу, катуу уят болуу. – И-и, бу киши жазуучу экен го? – деп палатадагылар күбүр-шыбыр болуп сүйлөшүп калышты, Качыкенин башы жерге кирип кетти (Абдукаимов). Баятан бери Жапардын көзүнө көп илинбеске аракет кылып, жашырынып бурчта отурган Зейнептин башы жерге кире түштү (Баялинов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өлүү, каза табуу, көз жумуу, дүйнөдөн кайтуу. - Мен калган өмүрүмө ыракат тилеп отурганым жок, башым жерге кирсе о дүйнөдөн ыйман берсин деп, ошону тилеп отурам (Укаев). Сен менин элдешпес душманымсың. Мен аны башым жерге киргенде да унутпайм (Осмоналиев). 2. Бирөөнүн алдында өзүн кылмыштуудай сезип тике карай албоо, баш көтөрө албоо, оңтойсуз абалда калуу, катуу уят болуу. - И-и, бу киши жазуучу экен го? - деп палатадагылар күбүр-шыбыр болуп сүйлөшүп калышты, Качыкенин башы жерге кирип кетти (Абдукаимов). Баятан бери Жапардын көзүнө көп илинбеске аракет кылып, Жашырынып бурчта отурган Зейнептин башы жерге кире түштү (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акылы жетпөө, аягына чейин толук жеткире түшүнө албоо. Төрөңөрдүн шаан-шөкөт менен узатылганына башым жетпеди (Осмоналиев). – Макоом. Ушуга да сенин башың жетпейт. Айла жок... (Бейшеналиев). В.: Мээси жетпөө. Мындай кыйма-чийме тетиктерине биздин мээбиз жетмек беле? («Жаш ленинчи»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акыл-эси жок, начар, бир нерсенин жөнүн түшүнө албаган. Сенин башы жок балдарың үчүн мектепке чакырылып жүрүп, чачым агарды. Карыттың! – деп урушчу элең (Осмоналиев). Эч жерде иштебесе, же үй-бүлөсү болбосо, ошентип жүргөнү жүргөн да андай башы жок ургандын («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Акыл-эси жок, начар, бир нерсенин жөнүн түшүнө албаган. Сенин башы жок балдарың үчүн мектепке чакырылып жүрүп, чачым агарды. Карыттың! - деп урушчу элең (Осмоналиев). Эч жерде иштебесе же үй-бүлөсү болбосо, ошентип жүргөнү жүргөн да андай башы жокургандын («Ала-Тоо»),

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жөн билгилик, акыл-эстүүлүк менен башкаргыдай, жетекчилик кылгыдай эч кимиси жок, ар кимиси өз билгенин иштей берүү деген мааниде. Бизди чала уламаларга кор кылбай, бизди башы жок бака, көзү жок көгөн окшотпой, ата болуңуз (Касымбеков). В.: Башы жок балапан, көзү жок көгөн. Башы жок балапан, көзү жок көгөн эмеспиз биз деле (Абакиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жөн билгилик, акыл-эстүүлүк менен башкаргыдай, жетекчилик кылгыдай эч кимиси жок, ар кимиси өз билгенин иштей берүү деген мааниде. Бизди чала уламаларга кор кылбай, бизди башы жок бака, көзү жок көгөн окшотпой, ата болуңуз (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени жакшы түшүнүү, колунан келүү, жаман-жакшыны ажырата алуу, түшүнө билүү. Жапжаш жигит, аспирант, башы иштейт (Борбиев). Кеп анда эмес, – кеп мунун башы иштегенинде, жакшы окууга жарайт (Тойбаев). – Макул, менин башым иштебесин, ал эми калгандар да акылынан айнып калдыбы (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсени жакшы түшүнүү, колунан келүү, жаман-жакшыны ажырата алуу, түшүнө билүү. Жап-жаш жигит, аспирант, башы иштейт (Борбиев). Кеп анда эмес, - кеп мунун башы иштегенинде, жакшы окууга жарайт (Тойбаев). -Макул, менин башым иштебесин, ал эми каландар да акылынан айнып калдыбы. (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерсе менен болуп көпкө ойлонуу, бир чечимге, бир пикирге келе албоо, эч тыянак чыгара албай убаралануу, айласы кетүү. - Ох-х... Башым катып калды, көрбөгөн жерибиз болсо, ... Жол алыс, кантип барып келер экенбиз (Саякбаев). Бул аялдын чын айтканына же тим эле кекээрлеп жатканына түшүнбөй Балтабайдын башы катты («Чалкан»). Аны кандай кылып дарылоону билбей башы катты (Кыдырмышев). Мына ушинтип Алымкул нечен түрдүү ой-санаага батып, башы катып отурду (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсе менен болуп көпкө ойлонуу, бир чечимге, бир пикирге келе албоо, эч тыянак чыгара албай убаралануу, айласы кетүү. – Ох-х... Башым катып калды, көрбөгөн жерибиз болсо, ... Жол алыс, кантип барып келер экенбиз (Саякбаев). Бул аялдын чын айтканына, же тим эле кекээрлеп жатканына түшүнбөй Балтабайдьш башы катты («Чалкан»). Аны кандай кылып дарылоону билбей башы катты (Кыдырмышев). Мына ушинтип Алымкул нечен түрдүү ой-санаага батып, башы катып отурду (Абдукаримов). В.: Башы ооруу. Башы ооруган ушундай мезгилде: кула жоргосунун жоголушу, колго түшкөн ууруну айлына батынып кирип, бошотуп кетиши жаман жөрөлгө (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башы ооруган сыяктанып, өзүн начар сезүү, эч нерсеге көңүлү келбөө. Анын кулагы чуулдап, башы кеңгиреп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калды («Ала-Тоо»). 2. өзүнчө бир чечимге келе албай ыргылжың болуу. Каякка басарын билбей, башы кеңгиреп турду (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Башы ооруган сыяктанып, өзүн начар сезүү, эч нерсеге көңүлү келбөө. Анын кулагы чуулдап, башы кеңгиреп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калды («Ала-Тоо»). 2. Өзүнчө бир чечимге келе албай ыргылжын болуу. Каякка басарын билбей, башы кеңгиреп турду (Укаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: кара башыл
1) черноголовый;
2) человек как он есть, настоящий человек;
мен азыр кара башыл киши издеп чыктым я вышел искать человека;
малдан байге саюу мындай турсун, кара башыл адамдан байге сайышы да ыктымал не говоря уж о призе в виде скота, он может поставить в качестве приза даже человека;
сары башыл (или сарбашыл)
1) желтоголовый (об овце);
2) название травы;
ак сары башыл (или ак сарбашыл) этн. жертвенная овца.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жогору жагы менен, үстү жагы менен, баш жагы менен жүрүү. Аңгыча Андрей экөө катарлаша бастырып, жар башылап келип калышты (Байтемиров). 2. Баш-башынан оттоо, уч жагынан өтүү. Койлор чөп башылап оттошот (Сыдыкбеков). Эрке жел чөп башылай жортуп леп-леп (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айласы кетүү, эмне кыларын биле албай башы катуу. Кандай айла болот деп, адамдын башы маң болуп («Семетей»). Байымбет кайсынысына ишенерин билбей башы маң болду (Бейшеналиев). Эмне үчүн мындай экенин биле албай башы маң болду (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айласы кетүү, эмне кыларын биле албай башы катуу. Бул байланышты эч кандай алдамчылык менен кыянатчылык буза алмак эмес, кандайча болуп кетти, билбейм, башым маң болот да калат (Абдукаимов). Байымбет кайсынысына ишенерин билбей башы маң болду (Бейшеналиев). Эмне үчүн мындай экенин биле албай башы маң болду (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне кылса да, өлтүрсө да, кандай жазаласа да (эч качан макул болбойм деген мааниде). Абылкасым! Башымды кессең да, Салкынайдын торпогуна күбө боло албайм (Абдукаимов). Жасоолдукка башымды кессе да көнбөйм (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне кылса да, өлтүрсө да, кандай жазаласа да (эч качан макул болбойм деген мааниде). Абылкасым! Башымды кессең да Салкынайдын торпогуна күбө боло албайм (Абдукаимов). Жасоолдукка башымды кессе да көнбөйм (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. к. баш оту менен. 2. Улуулугуна, же кандайдыр адамдык сапатына карабастан деген мааниде, көбүнчө, туура эмес иш кылган адамдарга карата нааразылыгын билдирүүдө, уяткарууда колдонулат. Сакалдуу башың менен ушундай да иш кыласыңбы? Колго түшкөн карышкырды эркек башың менен куткарып жибергениң уят эмеспи? Ичет, катын башы менен (Жусупов). Экинчиден, Серкебай, Серкебай башы менен эшигине келаткан мартабасына сыймыктанды (Осмоналиев). Эркек башы менен жерге көмөлөнүп өзү маскараланды (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. к. БАШ ОТУ МЕНЕН 2. Улуулугуна же кандайдыр адамдык сапатына карабастан деген мааниде көбүнчө туура эмес иш кылган адамдарга карата нааразылыгын билдирип уяткарууда колдонулат. Сакалдуу башың менен ушундай да ищ кыласыңбы? Колго түшкөн карышкырды эркек башың менен куткарып жибергениң уят эмеспи? Ичет, катын башы менен (Жусупов). Экинчиден, Серкебай башы менен эшигине келаткан мартабасына сыймыктанды (Осмоналиев). Эркек башы менен жерге көмөлөнүп өзү маскараланды (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көндүм болгон, өнөкөт болуп калган адат калбайт, аны өлмөйүнчө таштабайт. - Болушуңду актабай эле кой. Анын мындай опуртмалуулугу башы менен жатат (Бейшеналиев). Сенин мындай катаал, кырс кыялың башың менен жатат го! Жалгыз балаңа ийикпесең, кимге жакшылык кыласың - деп кемпир чалын жемелей баштады («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көндүм, өнөкөт болгон адатын калтырбоо, аны өлмөйүнчө таштабоо. – Болушуңду актабай эле кой. Анын мындай опуртмалуулугу башы менен жатат (Бейшеналиев). Сенин мындай катаал, кырс кыялың башың менен жатат го! Жалгыз балаңа ийикпесең, кимге жакшылык кыласың, – деп кемпир чалын жемелей баштады («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бүт мүмкүнчүлүгүн жумшаса да, бардык күчү менен катуу аракеттенсе да, өлүп-тирилип иштесе да. Кимдин кабыргасын кайыштырган кандай кайгысы бар экенин билсең, сүйлөшө алсаң, эл башы менен жер казса да бүтүрүп берет (Абдукаимов). Ансыз деле эчтемесин аябаган немелер дагы эле аябайт, башы менен жер казса да берет («Кыргызстан маданияты»). Башым менен жер казсам, Бай карабайт убалга (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бүт мүмкүнчүлүгүн жумшоо, бардык күчү менен катуу аракеттенүү, өлүп-тирилип иштөө. Кимдин кабыргасын кайыштырган кандай кайгысы бар экенин билсең, сүйлөшө алсаң, эл башы менен жер казса да бүтүрүп берет (Абдукаимов). Ансыз деле эчтемесин аябаган немелер дагы эле аябайт, башы менен жер казса да берет («Кыргызстан маданияты»). Башым менен жер казсам, Бай карабайт убалга (Осмонкул). В.: Төбөсү менен жер казуу. Төбөм менен жер казсам да жакшылыкты билбедиң («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч тартынбай, аянбай, бүт мүмкүнчүлүгү, бардык далалаты кан-жаны менен абдан берилип аракеттенүү. Эрдигине бел байлап, ынтымагыңа башым менен кирип кеткем, Ыркың бузба, баатырым, ырыс алды - ынтымак (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтканына көнүү, дегенине макул болуу (көбүнчө кандайдыр бир өтүнүчүн аткарган кишиге карата). Бул жакшылыгыңыз үчүн башым тартуу («Ленинчил жаш»). – Анда бөрү жүрбөс катмарлар менен кайкыйбыз. Башым тартуу (Бейшеналиев). Малы, мүлкү курусун, башым тартуу кылайын (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтканына көнүү, дегенине макул болуу (көбүнчө кандайдыр бир өтүнүчүн аткарган кишиге карата). Бул жакшылыгыныз үчүн башым тартуу («Ленинчил жаш»), -Анда бөрү жүрбөс катмарлар менен кайкыйбыз. Башым тартуу (Бейшеналиев). Малы, мүлкү курусун, башым тартуу кылайын (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иши оңолуу, мансабы, мартабасы, зоболосу көтөрүлүү. Башыңа бак консун, ырыс этегиңден жалгасын (Сыдыкбеков). Эми жаңы өкматтын аркасында башына бак конгон мына бул кайниңдин аркасы да (Сыдыкбеков). Майданда жүргөн жеринде, Бак консун сенин башыңа (фольк.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши оңолуу, мансабы, мартабасы, зоболосу көтөрүлүү. Башыңа бак консун, ырыс этегиңен жалгасын (Сыдыкбеков). Эми жаңы өкматтын аркасында башына бак конгон мына бул кайниңдин аркасы да (Сыдыкбеков). Майданда жүргөн жеринде, Бак консун сенин башыңа (фольк.). В.: Башына куш конуу. Бактыбектин башына куш конуп, болуп-толуп турган кези («Ала-Тоо»). Бак кушу конуп башына, Жаш кошкондой жашына (Ш. Үмөталиев). Башына кут конуу. Анын башына кут конду. Башына кут конгон киши.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыйын-кыстоо ишке дуушар болуу, мусапырлык башына келүү, айласы кетип, кыйналган абалда болуу. Башыбызга булут айланып, жүлүнүбүз үзүлүп, жүрөгүбүз жараланып турат (Ш. Үмөталиев). В.: Башына булут ойноо. Нөкөндүн ыйманы учуп, башына булут ойноп кеткендей болду (Ш. үмөталиев). Башына кара булут айлануу. Кеткениң байкалып, башыңа кара булут айлана баштаган чакта аны таламандын тал түшүндө сыйпаласаң таппайсың... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзү кылган иштин кесепетинен кырсыкка учуроо, кыйычылыкка дуушар болуу. Көргөн-билгендер өзүнүн кылганы өз башына жетти дегендей болсун (Турусбеков). Өз мойнуна кара чаар жылан болуп оролгону – өзүң кылган жаман жорук өз башыңа жеткени (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзү кылган иштин кесепетинен кырсыкка учуроо, кыйынчылыкка дуушар болуу. Көргөн-билгендер өзүнүн кылганы өз башына жетти дегендей болсун (Турусбеков). Өз мойнуна кара чаар жылан болуп оролгону - өзүң кылган жаман жорук өз башыңа жеткени (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кирептер болуу, кыйын-кыстоо абалда калуу. Жездем экөөңдүн башыңа иш түштүбү? (Тойбаев). Башыңа иш түшкөндө акылдуу кишилер, пулдуу кишилер белдүү келет, билип кой (Касымбеков). В.: Башына мүшкүл иш түшүү. Чыныгы адам гана башыңа мүшкүл иш түшкөндө колунан келген жардамын аябайт тура («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ар нерсени айтып кызыктырып, алдап-соолап азгыра берүү, өзүнө тартуунун амалын жасоо, дегенине көндүрүү аракетинде болуу. Бирок менин башымды айландырган Абдраим корбашы болду (Мияшев). Өлчөөсү кургурлар кийин кичүү кызым Галинанын башын айландырып өз чөйрөсүнө тартыптыр («Советтик Кыргызстан»), Ошентип Жамий мырза бир заматта Кашгарынын башын айландырып салды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ар нерсени айтып кызыктырып, алдап-соолап азгыра берүү, өзүнө тартуунун амалын жасоо, дегенине көндүрүү аракетинде болуу. Бирок менин башымды айландырган Абдраим корбашы болду (Мияшев). өлчөөсү кургурлар кийин кичүү кызым Галинанын башын айландырып өз чөйрөсүнө тартыптыр («Советтик Кыргызстан»). Ошентип Жамий мырза бир заматта Кашгарынын башын айландырып салды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оор кайгыга, чоң жоготууга учуроо, кырсыкка дуушар болуу. Башына каран күн түшкөн Сансыздын алачыгы кундөгүсүнөн беш бетер шүмүрөйгөнсүп турат (Жантөшев). В.: Башына каран түн түшүү. Дөөлөттүүбү, жакырбы, деги адам баласынын башына каран түн түшпөсүнчү (Бейшеналиев). Мен Сагындык байда малай болуп азап тартып жүргөндө Карындашым Зууранын башына түн түшүптүр («Кыргызстан аялдары»). Башына күн түшүү. Алымдын башына күн түшүп турган убагы (Жантөшев). Эл башына күн түшүп турган соң үйдө жата албадым (Укаев). Адам башына оор күн түшкөндө өмүрүндөгү жакшылык кылган, ынак адамдарды эстейт экенсиң (Жусупов). Башына түн түшүү. – Ымыртта жолун жарык кылган эски каухарынын билигин өзү тепсеп өчүрсө, анын эмнесине күйүнөбүз, бу кагандын өз башына түн түшкөнү (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БАШЫНА КАРАН КҮН ТҮШҮҮ Дөөлөттүүбү, жакырбы, деги адам баласынын башына каран түн түшпөсүнчү (Бейшеналиев). Мен Сагындык байда малай болуп азап тартып жүргөндө Карындашым Зууранын башына түн түшүптүр («Кыргызстан аялдары»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түшүнбөө, түшүнө албоо. Ушинтип молдолор тарабынан өмүрдө укпаган сөздөр сүйлөнүп жатты. Алардын бири да менин башыма кирген жок (Элебаев). 2. Эч ойлобоо, оюна да келбөө. Арзыматты сүйүү деген ой башына да кирген эмес (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Түшүнбөө, түшүнө албоо. Ушинтип молдолор тарабынан өмүрдө укпаган сөздөр сүйлөнүп жатты. Алардын бири да менин башыма кирген жок (Элебаев). 2. Эч ойлобоо, оюна да келбөө. Арзыматты сүйүү деген ой башыма да кирген эмес (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан ардактоо, урматтоо, сыйлоо, кадырлоо. Эли-журтуң сени башына көтөрөт. – Сен бүткүл элдикисиң (Бейшеналиев). 2. Ызы-чуу, уу-чуу салуу, тынчтыкты бузуп дүрбөлөң түшүрүү. Тамды башына көтөрүп кыйкырат дейсиң, тим эле үйдөн безип чыгып кеткиң келет (Мырзаев). Айылдагы кыз-келиндерге чаң салып, бүт айылды башыма көтөрчүмүн (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан ардактоо, урматтоо, сыйлоо, кадырлоо. Эли-журтуң сени башына көөтөрөт. - Сен бүткүл элдикисиң (Бейшеналиев). 2. Ызы-чуу, уу-чуу салуу, тынчтыкты бузуп дүрбөлөң түшүрүү. Тамды башына көтөрүп кыйкырат дейсиң, тим эле үйдөн безип чыгып кеткиң келет (Мырзаев). Айылдагы кыз-келиндерге чаң салып, бүт айылды башыма көтөрчүмүн (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Издегени табылып, иши оңолуп, төбөсү көккө жете түшкөндөй. Эл арасында Кумарбек да жүрөт. Акинайды көрдү. Башына күн туугандай сүйүндү (Осмоналиев). В.: Башына күн, аягына ай туугандай. Күткөн адамы келип, башына күн, аягына ай туугандай сүйүндү (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БАШЫНА КАРАН КҮН ТҮШҮҮ Алымдын башына күн түшүп турган убагы (Жантөшев). Эл башына күн түшүп турган соң үйдө жата албадым (Укаев). Адам башына оор күн түшкөндө өмүрүндөгү жакшылык кылган, ынак адамдарды эстейт экенсиң (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыргын салуу, кылычташып чабышуу, катуу кармашуу. Башына кылыч ойнотуп, Каарданып кирди эле («Манас»). Алысыраак балбанды, Айза менен сойлотту, Андан жакын келгенин, Башына кылыч ойнотту («Сейтек»). Топ арасы улам суюлуп, каардуу душмандын башына кылыч ойнотуп жатты (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кыргын салуу, кылычташып чабышуу, катуу кармашуу. Башына кылыч ойнотуп, Каарданып кирди эле («Манас»). Алысыраак балбанды, Айза менен сойлотту, Андан жакын келгенин, Башына кылыч ойнотту («Сейтек»). Топ арасы улам суюлуп, каардуу душмандын башына кылыч ойнотуп жатты (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир коркунучтан, кырсыктан, кыйын абалдан кутулуу аракетинде болуу, жан далбасалоо. Не бир түркүн жигиттер, өлүмдөн башын ала качам менен андан күчтүү кордукка жолугат (Осмоналиев). Жүзүңдү жашырып башыңды ала качып, шагыңдан алыс түшпөпсүң (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир коркунучтан, кырсыктан, кыйын абалдан кутулуу аракетинде болуу, жан далбасалоо. Не бир түркүн жигиттер, өлүмдөн башын ала качам менен андан күчтүү кордукка жолугат (Осмоналиев). Жүзүңдү жашырып башыңды ала качып, шагыңдан алыс түшпөпсүң (Бейшеналиев). В.: Башын арачалоо. Мал-мүлк менен эч кимдин жумушу болгон жок. Ар ким өз башын арачалады («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирди көрсөтүү, сазайын окутуу, кыйноо, катуу жазалоо. Шашпа колума тийсең башыңа май кайнатармын, – деди Карачал («Ала-Тоо»). Башыңарга май кайнатып жиберейин. В.: Башына чай кайнатуу. – Эми оңбой калдың, Сендей ууру иттей шимшиген селсаяктын башына чай кайнатуу керек (Бейшеналиев). Башына жаңгак чагуу. – Эмне, Арапбай башыңарга жаңгак чагып жатабы? («Ала-Тоо»). Сендей иттин башына жаңгак чагамын («Кыргызстан маданияты»). Мээсине май кайнатуу. Айдарбек датка баштаган чоң муштумдардын мээсине май кайнатайын (Жантөшев). Мээсине чай кайнатуу. Кыскасы бай-манаптардын мээсине чай кайнатып, жүрөгүн ала баштадык (Жантөшев). Чокусуна чай кайнатуу. Анын колуна тийсең чокуңа чай кайнайт («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши кыйшаңдоо, кыйчалыштоо, дөөлөтү кетүү, даражасы төмөндөө, начарлоо. Башыңан бактың качкан соң, Адам эмес, жаш бала коркпойт заарыңдан (Токтогул). В.: Башынан бак таюу. Жыл өткөн сайын Күрүчбектин курчу кетилип, мизи мокоп, башынан бак таюуда (Осмоналиев). Башынан бак кушу учуу. Башынан бак кушу уча баштаган бай, манаптардын каршылыгы күчөй баштады (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ашып-ташкан кененчиликте, жыргалдын үстүндө жашоо. Эзүүчүлөрдүн оокатында жүргөндө... жинкиндери түгөнүп шорлогон кургурлар, өзүнө-өзү ээлик болгон, башынан май аккан жыргал турмушка жеткенине ыраазы (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сары түс кайгы, убайым, санаа тартуунун белгиси. Башка сары чалуу (өңү сары түстүү чүпүрөктөн селде чалынуу, сары жоолук менен башын бууш, ж.б.) капа болуп туталануунун, катуу убайым жеп, санааркагандыктын белгиси. Жаалданып калыптыр, Башына сары чалыптыр («Манас» С. О.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күйөөсүн теңсинбей чанып кетүү, күйөөсүн таштап башка бирөөгө ооп кетүү. Кызын тынчытсын, же ал менин башымды аттап чанганы жүрөбү (Токомбаев). Менин гана башымды аттайт э, томаяктын кызы (Сыдыкбеков). 2. Тийиштүү адамга айтпай, билдирбей туруп, өз билгенинче иш кылуу, аны көзүнө илбөө. Башымды аттап, сөзүмдү таштап Бекназардан калка күтүп кеткен экен деп каарына алса кантти? (Касымбеков). Эрез талашкан коңшу манап калпа ажынын ага кеңешип-таңашпай башын аттап, ажыдаардай оп тартып тереңдеп баратканына Касымбек терикти (Бейшеналиев). Көзүмдүн тирүүсүндө дөө да, шаа да башымды аттай албайт (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Күйөөсүн теңсибей чанып кетүү, жактырбай таштап кетүү, башка бирөөгө ооп кетүү. Албоочудай болдуң башымды аттап, эр издедим (Осмоналиев). - Менин гана башымды аттайт э, томаяктын кызы (Сыдыкбеков). Эрке токолу башын аттап кетти деген сөзгө калбайын деп чочуду (Көчкөнов). 2. Тийиштүү адамга айтпай, билдирбей, анын макулдугун укпай туруп өзүнчө, өз билгениңдей иштей берүү. Башымды аттап, сөзүмдү таштап Бекназардан калка күтүп кеткен экен деп каарына алса кантти? (Касымбеков). Эрез талашкан коңшу манап калпа ажынын ага кеңешип-таңашпай башын аттап.. ажыдаардай оп тартып тереңдеп баратканына Касымбек терикти (Бейшеналиев). Көзүмдүн тирүүсүндө дөө да, шаа да башымды аттай албайт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күтүлбөгөн окуя боло калганына, же таң каларлык ишти белгилөөдө тамаша иретинде айтуу. О, балдар, жаңылык, башкарма келди. Башына чөп сындыралы! – деп өмүрбек күлө басып келди (Жусупов). Күмүштүн башына чөп сындырып койгула, биринчи биздин үйүбүзгө бут басып олтурушу, – деди Күлапия («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Күтүлбөгөн окуя боло калганына же таң каларлык ишти белгилөө да тамаша иретинде айтуу. О, балдар, жаңылык, башкарма келди. Башына чөп сындыралы! - деп Өмүрбек күлө басып келди (Жусупов). Күмүштүн башына чөп сындырып койгула, биринчи биздин үйүбүзгө бут басып олтурушу, - деди Күлапия («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бирөөгө кудалап койгон кыздын, күйөөсү менен ажырашкан же күйөөсү өлгөн жесир аялдын башка бирөөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн чечүү, өз алдынча болууга эркиндик берүү. Кашгарыңызга Чоюбек болуштун токолун көндүрүп, башын ачкан менмин (Бейшеналиев). Эгер сен да менчилеп балдардын тилегин орундатууга даяр болсоң, кызымдын башын ачып ал (Каимов). Кээси ага-туугандарын, кээси байлардын чогуу жүргөн көңүлдөш жигиттерин ээрчитип келип, баштарын ачып,... күбөлүк наме алып кетип жатышат (Бейшеналиев). Салт ушундай, төркүндөрүн чакыртып, Айзаданын карасын алып, кааласа башын ачып, уруксат кылышы ыктымал (Касымбеков). 2. Жалпы эле талаш-тартыш, түшүнүксүз маселенин жөнүн ажыратуу, эмне экендигин айкындап чечип алуу. Ырас келдиң, баягы иштердин башын ачып кетпесең болчудай эмес («Ала-Тоо»). Ал эми ууру машинанын башын ачышар, ал жагына көп тереңдебейм («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кудалашкан кыздын же жесир аялдын башка бирөөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн чечүү, эркиндик берүү. Кудалуу кыздын башын ачуу үчүн, башкасын айтпаганда да, элүүдөй ири кара керек эле (Каимов). – Башымды ачып кетсин, – деп Салима атасына айттырган (Абдукаримов). 2. Кандайдыр бир нерсенин, иштин жөн-жайын такташтырып ажыратуу. Ырас келдиң, баягы иштердин башын ачып кетпесең болчудай эмес («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жыргатуу, чеке жылытуу, жакшылык көрсөтүү. Карабек жакшылык ойлоп, биздин башыбызга чырак жакканы келе жатат дейсиңби? (Жантөшев). Орозахун менен Азимакундун баштарына чырак жагып, төрт тараптарын кыбыла кылды (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жыргатуу, чеке жылытуу, жакшылык көрсөтүү. Карабек жакшылык ойлоп, биздин башыбызга чырак жакканы келе жатат дейсиңби? (Жантөшев). Орозахун менен Азимакундун баштарына чырак жагып, төрт тараптарын кыбыла кылды (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. өз эркинче боло албоо, бирөөгө көз каранды болуу, бирөөлөрдүн бийлигинде, кол алдында болуу. Башымды байлап коюп, мени да, аялымды да кул, күң ордуна жумшайт экен (Баялинов). Башын байлап коюп күң урунууну билбейсиңби, эси жок эселек (Турусбеков). 2. Тобокелге салуу, эч нерседен кайра тартпай белсене киришүү, өлүмгө да даяр туруу. Сен айткан жыргал заман үчүн мен башымды өлүмгө байлап койгомун (Жантөшев). Мен эл-жер үчүн, силер үчүн деп башымды байлап коюп, күн-түн дебей жер кезип жүрөм («Ала-Тоо»). Тобок «туулдум, өлдүм» тобокелге башын байлап, элдин намысы үчүн макулдайт (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өз эркинче боло албоо, бирөөгө көз каранды болуу, бирөөлөрдүн бийлигинде, кол алдында болуу. Башымды байлап коюп, мени да, аялымды да кул, күң ордуна жумшайт экен (Баялинов). Башын байлап коюп күң урунууну билбейсиңби, эси жок эселек (Турусбеков). 2. Тобокелге салуу, эч нерседен кайра тартпай белсене киришүү, өлүмгө да даяр туруу. Сен айткан жыргал заман үчүн мен башымды өлүмгө байлап койгомун (Жантөшев). Мен эл-жер үчүн, силер үчүн деп башымды байлап коюп, күн-түн дебей жер кезип жүрөм («Ала-Тоо»). Тобок «туулдум, өлдүм» тобокелге башын байлап, элдин намысы үчүн макулдайт (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир жерге жыйноо, чогултуу, топтоо (көбүнчө ынтымакка келтирүү, биргелешип кеңеш куруу же сый көрсөтүү, коноктоо маанисинде). Сен болсоң жигиттердин башын бириктирип жатасың («Ала-Тоо»). Элдин башын бириктирди (Жусупов). В.: Башын кошуу. Балыкчылардын айлынын башын кошуп, бириктирип отурган уюткусундай эле (Укаев). Райдын бошонуп келген шылтоосу менен Акбала ушул айылдын сыйлуу кишилеринин башын кошуп, коноктоп жибермек болду («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир жерге жыйноо, чогултуу, топтоо (көбүнчө ынтымакка келтирүү, биргелешип кеңеш куруу же сый көрсөтүү, коноктоо маанисинде). Сен болсоң жигиттердин башын бириктирип жатасың («Ала-Тоо»). Элдин башын бириктирди (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жок кылды, жоготту, көзүн тазалады, өлтүрдү, өмүрүн кыркты. Кандуу согуш далайдын башын жеди («Кыргызстан маданияты»). -Кул-кутан, жарды-жалчыдан канчасынын башын жеди. - Өзгөнү коелу.. баатыр Шеримбектин эле куну канчага турат? (Бейшеналиев). 2. Өзүнө өзү зыян келтирди, өзүн кырсыкка, өлүмгө дуушар кылды. Ал ошентип тил албай жүрүп, башын жеди.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жок кылды, жоготту, көзүн тазалады, өлтүрдү, өмүрүн кыркты. Кандуу согуш далайдын башын жеди («Кыргызстан маданияты»). – Кул-кутан, жарды-жалчыдан канчасынын башын жеди. – өзгөнү коёлу... баатыр Шеримбектин эле куну канчага турат? (Бейшеналиев). 2. Өзүнө өзү зыян келтирди, өзүн кырсыкка, өлүмгө дуушар кылды. Ал ошентип тил албай жүрүп, башын жеди. В.: Башын жутуу. Кек кууган Эсир акыры Оросулдун башын жутту (Осмоналиев). Тартипсиздикти баштагандар керт башын жутарына түшүнүштү (Бектенов). Айкаш абдан катуу болуп, эки тараптан тең миңдеген адамдардын башын жутту (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тике карай албоо (көбүнчө бир нерседен тартынып уялган, же өзүн күнөөлүүдөй сезип кысылган абалга карата). Асан айбыгып башын жерге салды («Ала-Тоо»). Ошондо гана үйдөгүлөр жапырт башын жерге салып кызарып кеткен Асылбекти карап калышты (Абакиров). 2. Капа болгон, көңүлү чөккөн, сабыры суз абалда шылкыйып төмөн кароо, баш көтөрбөө. Кибиреп ушул да капаны сезгенсип, башын жерге салыптыр (Жусупов). Анын үшкүрүгү отургандарга муздак шамалдай бир тийип, баары башын жерге салып калышты (Абдукаимов). Салый менен Эсир башын жерге салып, түнөрүп үйгө киришти (Осмоналиев). В.: Башын салаңдатуу. Башын салаңдаткан бойдон менин жанымдан акырын өтүп кетти («Советтик Кыргызстан»). Энесинин өлгөндүгүнө бир жыл болгондугун эстеп, баятан бери Бүкөш башын салаңдатып отурат («Ала-Тоо»). Башын салуу. Бир кедей басып барды башын салып, Далайга оозу барбай заарканып (Маликов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Тике карай албоо (көбүнчө бир нерседен тартынып уялган же өзүн күнөөлүүдөй сезип кысылган абалга карата). Асан айбыгып башын жерге салды («Ала-Тоо»). Ошондо гана үйдөгүлөр жапырт башын жерге салып кызарып кеткен Асылбекти ... карап калышты (Абакиров). 2. Капа болгон, көңүлү чөккөн, сабыры суз абалда шылкыйып төмөн кароо, баш көтөрбөө. Кибиреп ушул да капаны сезгенсип, башын жерге салыптыр (Жусупов). Анын үшкүрүгү отургандарга муздак шамалдай бир тийип, баары башын жерге салып калышты (Абдукаимов). Салый менен Эсир башын жерге салып, түнөрүп үйгө киришти (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсеге абдан берилип, жан дили менен киришүү, баш көтөрбөй, тыным албай катуу аракеттенүү. Зулумдун аялынын колкосу, өтүнүчү боюнча башын жерден албай иштөөдө (Бейшеналиев). 2. к. Башын жерге салуу 1, 2. Мамбеткул атасынын каарына калып, айыптуу болгон баладай башын жерден албай, анын соңунан ээрчип отурду (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсеге абдан берилип, жан дили менен киришүү, баш көтөрбөй, тыным албай катуу аракеттенүү. Зулумдун аялынын колкосу, өтүнүчү боюнча башым жерден албай иштөөдө (Бейшеналиев). 2. к. БАШЫН ЖЕРГЕ САЛУУ 1, 2. Мамбеткул атасынын каарына калып, айыптуу болгон баладай башын жерден албай, анын соңунан ээрчип отурду (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БАШЫН ЖЕДИ Кек кууган Эсир акыры Оросулдун башын жутту (Осмоналиев). Тартипсиздикти баштагандар керт башын жутарына түшүнүштү (Бектенов). Айкаш абдан катуу болуп, эки тараптан тең миңдеген адамдардын башын жутту (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жоокерчилик учурда душманга каршы чыгуу, эч тартынбай өлүмдү бет алуу, тобокелге салып белсене киришүү. Эми алар маңдайга жазганды көрдүк дешип, баштарын канжыгага байлап салышты (Садыбакасов). Же анын башын канжыгага байлап чыккан суук түрүн байкадыбы, айтор айылга кире алган жок (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жоокерчилик учурда душманга каршы чыгуу, эч тартынбай өлүмдү бет алуу, тобокелге салып белсене киришүү. Эми алар маңдайга жазганды көрдүк дешип, баштарын канжыгага байлап салышты (Садыбакасов). Же анын башын канжыгага байлап чыккан суук түрүн байкадыбы, айтор, айылга кире алган жок (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жашырынуу, изин жашыруу, бир нерсеге аралашпоо, көрүнбөө, андан өзүн алыс кармоо аракетинде болуу. Кедей туугандын атына өтүп, башымды катып жашырган түбүмдү чукуп, абтарыйкатымды ойрондотуп жүрбөсүн (Бейшеналиев). Бай-манаптар өзгөрүштү кабылдабай, мал-мүлкүн жашырып, башын катып, тоо таш жамынып четтен күч издешүүдө (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашырынуу, изин жашыруу, бир нерсеге аралашпоо, көрүнбөө, андан өзүн алыс кармоо аракетинде болуу. Кедей туугандын атына өтүп, башымды катып жашырган түбүмдү чукуп, абтарыйкатымды ойрондотуп жүрбөсүн (Бейшеналиев). Бай-манаптар өзгөрүштү кабылдабай, мал-мүлкүн жашырып, башын катып, тоо-таш жамынып четтен күч издешүүдө (Бейшеналиев). В.: Башын калкалоо. Көрсө, ал сот өзүнүн чыныгы жүзүн жашырып, башын калкалап жүргөн бир улутчул жана Бийаалы, Түркмөндөр менен байланышкан сот экен (Жантөшев). Башын ийнине катуу. Апсамат эрксизден башын ийнине ката койду (Жакыпбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Болбогон бир нерселер жөнүндө айта берип катуу ойлонтуу, мазесин алуу, алек кылуу, башын маң кылуу. – Сатканынын бизге кереги эмне! – Башымды катырбачы менин (Осмоналиев). В.: Башын кычытуу. Экөө эки жагынан чыгып, анын башын кычытып баса берди (Осмоналиев). Башын оорутуу. Орунсуз сөздү айтып, Түлөбердинин башын оорутчу эмес (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БАШЫН БИРИКТИРҮҮ Балыкчылардын айлынын башын кошуп, бириктирип отурган уюткусундай эле (Укаев). Райдын бошонуп келген шылтоосу менен Акбала ушул айылдын сыйлуу кишилеринин башын кошуп, коноктоп жибермек болду («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге катуу санааркап, көңүлү чөгүү, басынуу, абдан мүңкүрөгөн абалда болуу. Байымбет кейиштен башын көтөрө албай турган учурда Букарбайдын кылчактап, коё турайын дегени ыраазы кылды (Бейшеналиев). Момун адам дагы да башын жерден көтөрө албай калды (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге катуу санааркап, көңүлү чөгүү, басынуу, абдан мүңгүрөгөн абалда болуу. Байымбет кейиштен башын көтөрө албай турган учурда Букарбайдын кылчактап, кое турайын дегени ыраазы кылды (Бейшеналиев). Момун адам дагы да башын жерден көтөрө албай калды (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир жагымсыз начар иштен (катуу оорудан, чоң кырсыктан, узак жолдон ж.б.) аман калган адамга сый көрсөтүү иретинде кийим-кече кийгизүү же бир нерсе тартуулоо. Ой, айтмакчы, сен, Максүт акенин башын куттуктоого камын (Турусбеков). Иниң өзү келгенде башын куттуктап ат мингизейин (Жантөшев). Куру кол кантип барасыз. Башын куттуктаганга не ылайык?! (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир жагымсыз начар иштен (катуу оорудан, чоң кырсыктан, узак жолдон ж.б.) аман калган адамга сый көрсөтүү иретинде кийим-кече кийгизүү, же бир нерсе тартуулоо. Ой, айтмакчы, сен, Максүт акенин башын куттуктоого камын (Турусбеков). Иниң өзү келгенде башын куттуктап ат мингизейин (Жантөшев). Куру кол кантип барасыз. Башын куттуктаганга не ылайык?! (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне кыларын билбей айласы кеткен абалга калтыруу, башын катыруу. Агыштын уулу Кыязды Айла менен үркүтүп, Амал менен коркутуп, Сөз салып башын маң кылды («Сейтек»). Ал эмең ошол туюк кемегени көрсөтүп, элдин башын маң кылып, азгырып, кандуу коогага дүүлүктүрүп жатат (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне кыларын билбей айласы кеткен абалга калтыруу, башын катыруу. Агыштын уулу Кыязды Айла менен үркүтүп, Амал менен коркутуп, Сөз салып башын маң кылды («Сейтек»). Ал эмең ошол туюк кемегени көрсөтүп, элдин башынмаңкылып, азгырып, кандуу коогага дүүлүктүрүп жатат (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өлүмдөн кайра тартпоо, эч тартынбай, тайманбай белсене киришүү, тобокелге салуу. – Жалгыз аттан ажырап, боорум менен жылгыча, азуулуулар үчүн сайдым башымды (Бейшеналиев). Башын сайып, мал-мүлкүн чачса да пенде чыдагыс өч алат («Кыргызстан маданияты»). Өзүңдүн таежең экөөбүздү калкалаары чын болсо, башымды сайдым (Бейшеналиев). В.: Башын тигүү. Далай жылдар бою башын тигип күрөшкөндөгү көксөгөн максаты ушул күн эле го (Бектенов). Мына ушул силердин бактылуу турмушуңар үчүн башын тигип, өмүрүн кыйган баатыр аталарыңарды эстен чыгара көрбөгүлө, айланайындар (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өлүмдөн кайра тартпоо, эч тартынбай, тайманбай белсене киришүү, тобокелге салуу. - Жалгыз аттан ажырап, боорум менен жылгыча, азуулуулар үчүн сайдым башымды (Бейшеналиев). Башын сайып, мал-мүлкүн чачса да пенде чыдагыс өч алат («Кыргызстан маданияты»). Өзүңдүн таежең экөөбүздү калкалаары чын болсо, башымды сайдым (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне кылса да, канчалык аракеттенсе да (көбүнчө, эч мүмкүн эмес, аткарууга болбойт, иш жүзүнө ашпайт деген мааниде). Мен башымды ташка койгуласам да бир учурган кушум кайрылып келип колума конбойт (Абдукаимов). Башымды ташка койгуласам да толу аяк толугу менен колго тийбей турганына түшүндүм (Каимов). В.: Башын ташка урса да. Ушул азыр башымды ташка урсам да эчтеке чыкпасына көзүм жетип эле турат (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне кылса да, канчалык аракеттенсе да (көбүнчө эч мүмкүн эмес, аткарууга болбойт, иш жүзүнө ашпайт деген мааниде). Мен башымды ташка койгуласам да бир учурган кушум кайрылып келип колума конбойт (Абдукаимов). Башымды ташка койгуласам да толулуу аяк толугу менен колго тийбей турганына түшүндүм (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Азгыруу, өзүнө тартуу, айла-амал менен бир нерсеге макулдатуу. Эртең жанагы тоголонгон семиз энесинин башын тегеретип кел («Кыргызстан маданияты»). Үзүлүп-түшүп, айланып-кагылып, өпкө-жүрөгүн чаап, башыңызды заматта тегеретип таштайт (Борбиев). Осмондун башын тегеретип көрдү (Саатов). 2. дин. Дубалап сүйдүрүү, тартуу деген мааниде. Анын башын тегеретип алса керек. Мончоктой болгон балдарына да карабай ээрчип кете берди («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Азгыруу, өзүнө тартуу, айла-амал менен бир нерсеге макулдатуу. Эртең жанагы тоголонгон семиз энесинин башын тегеретип кел («Кыргызстан маданияты»). Үзүлүп-түшүп, айланып-кагылып, өпкө-жүрөгүн чаап, башыңызды заматта тегеретип таштайт (Борбиев). Осмондун башын тегеретип көрдү (Саатов). 2. дин. Сыйкырдап сүйдүрүү, тартуу деген мааниде. Анын башын тегеретип алса керек. Мончоктой болгон балдарына да карабай ээрчип кете берди («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БАШЫН САЮУ Далай жылдар бою башын тигип күрөшкөндөгү көксөгөн максаты ушул күн эле го (Бектенов). Мына ушул силердин бактылуу турмушуңар үчүн башын тигип өмүрүн кыйган баатыр аталарыңарды эстен чыгара көрбөгүлө, айланайындар (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Болгон кырсык бардык балээ сага болсун, өз башың менен кетсин деген сыяктуу жек көрүү маанисиндеги каргыш. О, ыймансыз каапыр! Башыңа көрүнгүр! Уятың болсо чыныңды айт (Тойбаев). В.: Кара башыңа көрүнгүр! Кара башыңа көрүнгүр! Эмне эле таң атпай шаңшып калган. Бул бала-бакыранын жанын койбойт ко (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бет алды кете берүү, максатсыз туш келди баса берүү, оюна эмне түшө калса, ошону иштөө. Көчкөндөр башы оогон жакка илкип кетип жатышты (Сыдыкбеков). Ага катуулаганда мурдатан көндүм селсаяк... башы оогон жакка бастырары бышык (Бейшеналиев). Башым оогон жакка бурулуп баса бердим, кете бердим (Борбиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бет алды кете берүү, максатсыз туш келди баса берүү, оюна эмне түшө калса, ошону иштөө. Көчкөндөр башы оогон жакка илкип кетип жатышты (Сыдыкбеков). Ага катуулаганда мурдатан көндүм селсаяк... башы оогон жакка бастырары бышык (Бейшеналиев). Башым оогон жакка бурулуп баса бердим, кете бердим (Борбиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Кебелбеген, абдан салмактуу, токтоо, оор басырык. Унчукпас, башы оор шофврдун бурк эткени угулду (Өмүрбаев). 2. Бир нерсени анча этибар албаган, оңой менен жылбаган. Жаш туруп мынча башы оор болорбу? Кайнене өз алдынча кобуранып жатты («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кебелбеген, абдан салмактуу, токтоо, оор басырык. Унчукпас, башы оор шофердун бурк эткени угулду (Өмүрбаев). 2. Бир нерсени анча этибар албаган, оңой менен жылбаган. Жаш туруп мынча башы оор болорбу? Кайнене өз алдынча кобуранып жатты («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге иришип алып андан кутула албоо, бошобоо, мүмкүнчүлүгү боло албоо. Дээрлик көбү ичкенден башы чыкпай шишип-көөп, көчөдө калганын далилдер менен баяндайт (Осмоналиев). Буюрса, самоор кайнаткандан башың чыкпайт. Ага ашыкпа (Абакиров). Карыздан башы чыкпайт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге киришип алып, андан кутула албоо, бошобоо, мүмкүнчүлүгү боло албоо. Дээрлик көбү ичкенден башы чыкпай шишип-көөп, көчөдө калганын далилдер менен баяндайт (Осмоналиев). Буюрса, самоор кайнаткандан башың чыкпайт. Ага ашыкпа (Абакиров). Карыздан башы чыкпайт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени көпкө ойлонуп абдан алек болуу, аябай чаташуу, кыйналуу, маң болуу. Ойлой берип башым шишиди, эч нерсе чыга турган эмес («Чалкан»). 2. Акыл-эстен ажыроо, мээси иштебей калуу (мындай учурда көбүнчө тануу же суроо маанисиндеги сөздөр, мүчөлөр менен айкашып колдонулат). Мында башы шишиген киши барбы? (Сыдыкбеков). Башым шишиптирби?

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсени көпкө олонуп абдан алек болуу, аябай чаташуу, кыйналуу, маң болуу. Ойлой берип башым шишиди, эч нерсе чыга турган эмес («Чалкан»). 2. Акыл-эстен ажыроо, мээси иштебей калуу (мындай учурда көбүнчө тануу же суроо маанисиндеги сөздөр, мүчөлөр менен айкашып колдонулат). Мында башы иштеген киши барбы? (Сыдыкбеков). Башым шишиптирби?