БАШЫН БАЙЛОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Өз эркинче боло албоо, бирөөгө көз каранды болуу, бирөөлөрдүн бийлигинде, кол алдында болуу. Башымды байлап коюп, мени да, аялымды да кул, күң ордуна жумшайт экен (Баялинов). Башын байлап коюп күң урунууну билбейсиңби, эси жок эселек (Турусбеков). 2. Тобокелге салуу, эч нерседен кайра тартпай белсене киришүү, өлүмгө да даяр туруу. Сен айткан жыргал заман үчүн мен башымды өлүмгө байлап койгомун (Жантөшев). Мен эл-жер үчүн, силер үчүн деп башымды байлап коюп, күн-түн дебей жер кезип жүрөм («Ала-Тоо»). Тобок «туулдум, өлдүм» тобокелге башын байлап, элдин намысы үчүн макулдайт (Бейшеналиев).