БАШЫН АТТОО
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Күйөөсүн теңсинбей чанып кетүү, күйөөсүн таштап башка бирөөгө ооп кетүү. Кызын тынчытсын, же ал менин башымды аттап чанганы жүрөбү (Токомбаев). Менин гана башымды аттайт э, томаяктын кызы (Сыдыкбеков). 2. Тийиштүү адамга айтпай, билдирбей туруп, өз билгенинче иш кылуу, аны көзүнө илбөө. Башымды аттап, сөзүмдү таштап Бекназардан калка күтүп кеткен экен деп каарына алса кантти? (Касымбеков). Эрез талашкан коңшу манап калпа ажынын ага кеңешип-таңашпай башын аттап, ажыдаардай оп тартып тереңдеп баратканына Касымбек терикти (Бейшеналиев). Көзүмдүн тирүүсүндө дөө да, шаа да башымды аттай албайт (Сыдыкбеков).