Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кара малдын баш терисин сыйрып алып, ооз жагын тегеректеп кесип, алкым жагын түптөп, катырып коюшунан жасалган идиш кыргыз тилинде баштык аталган. Ушундай баштыктарды эл 1940-жылдардын аягына чейии урунуп келди. Баштык сөзү баш деген сөзгө -лык мүчөсү жалгануу аркылуу жасалган. Алгач ал «баш териден жасалган идиш» деген мааниде түшүнүлгөн. Кийин андай идиш таардан, кездемеден, кийизден, башка эле териден жасала баштаса деле, эски аты аларга карата колдонула бергендиктен, азыркы кезде баштык сөзүнүн баш сөзүнөн жасалары оңой байкалбай турган болуп калган.