БАШ БАГУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Эшиктен баш созуп кароо, башын кылтыйтуу, бир аз көрүнүү. Залга батпай эшиктен баш баккан адамдардын жалтырап эле көздөрү көрүнөт (Баялинов). Күн уясына баш бакты (Баялинов). Иттер арсылдап, аттар дүбүрттөп, үй-үйлөрдөн зайыптар баш багышты (Сыдыкбеков). 2. Кирүү, кирип чыгуу. Иштин жөн-жайын тактамак үчүн алардыкына баш бактым («Ленинчил жаш»).