Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсеге өтө берилип иштөө, бүт мүмкүнчүлүгү, бардык күчү менен аракеттенүү, катуу киришүү. Калемиңди койкоңдотуп кечке бирдемени шилтегенсип, такыр баш көтөрбөйсүң (Бейшеналиев). Кедейлердин .. баш көтөрбөй термелеген мээнетчилдиги кайра өзүлөрүнүн шорун кайнатууда (Бейшеналиев). Биз күнү-түнү баш көтөрбөй иштедик («Кыргызстан аялдары»). 2. Каршылык көрсөтө албоо, өзүнүн алсыз экендиги көрүнүү. Ай, алдуунун таманы алдында баш көтөрө албай тебеленген алсыздык күн ай! (Осмоналиев). Жармач туугандарың жер чукушуп, баш көтөрө алышпай калышпадыбы? - деди Асанбайга туугандары (Сыдыкбеков). 3. Катуу сынып калуу, уят болуп калуу. Эл алдында баш көтөрө албай, журттан обочолоп калышты (Каимов). Уялганыман кечке баш көтөрө албадым (Мырзаев).