БАШ ТАРТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Макул болбоо, айтканынан кайра кайтуу, айнуу, макулдугун бербей тайсалдап качып калуу. Султаналы күчкө салып, Кудайберген менен кудалашып койду эле, Атай андан баш тартты (Каимов). Табылды деген эр жүрөк азаматтын башчылыгы менен ыгым-чыгымдан баш тартып, кедейлер кол куратты (Бейшеналиев). Базарбек анын кекээрлүү сөзүн жактырбаса да, болгон ишти айтуудан баш тарткан жок (Каимов). Аткаруучулуктан, айтуучулуктан небак баш тарткам (Бейшеналиев).