БАШЫ БАТЫП, БАГАЛЧАГЫ СЫЙБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Сыйышып кете ала тургандай, ылайыктуу, ыңгайлуу жай таба албоо, бир жерге байыр алып, туруктуу жай таап аралашып кете албоо. Же башым батып, багалчагым сыйбай кетип калабы? («Ала-Тоо»). Башы батып, багалчагы сыйбай көрүнгөн жерде жүргөндө хан күйөөнүн аркасы менен оозу ашка, буту төргө жетип отурат (Көчкөнов).