Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кудалашуу, кызга куда түшүп коюу же жесир аялды никелеп коюу. Чынын айтсам, нике кайып, башын байлап коёюн, – деп жатам (Турусбеков). Аталаш агабыз – Акинге баш байлап койсок кантет? Сага айтайын деп оозум батпай жүрбөйбү (Осмоналиев). Эгерде сен Сарыгул менен баш байласаң да менден жашырбооң керек эле (Абдукаимов). 2. Көз каранды кылып коюу, өз эркинче боло албай калуу. Байга башы байланган жакыр.