БАШЫН ЖЕРДЕН АЛБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Бир нерсеге абдан берилип, жан дили менен киришүү, баш көтөрбөй, тыным албай катуу аракеттенүү. Зулумдун аялынын колкосу, өтүнүчү боюнча башым жерден албай иштөөдө (Бейшеналиев). 2. к. БАШЫН ЖЕРГЕ САЛУУ 1, 2.
Мамбеткул атасынын каарына калып, айыптуу болгон баладай башын жерден албай, анын соңунан ээрчип отурду (Каимов).