Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч ойлонбой, алды-кийинин ойлонбостон эле, мейлиге салып. Баш-аягына карабай качты. Куугунчулардан кутулган экөө баш-аягына карабай жаналакетке түшүп, чаап барышканда «күр-р» эткен доош чыгат (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жыйынып-теринип иреттелип алуу, тартипке келүү, жыйынтыктуу абалга келүү. Туш келди бытырабай баш-аягын жыйнап, антсе да, сыртта да тартип бир кыйла бекемделип калган («Ала-Тоо»). 2. Эсине келүү, өзүнө келүү, мурдагы калыбына келүү. Баягыдай эмес, бир аз баш-аягын жыйып, кайраттанып калыптыр. Болуш жылкынын артынан куугунчу жөнөтө албай бөгөлүп жатканда кара тамандар баш-аягын жыйып алышты («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жыйынып-теринип иреттелип алуу, тартипке келүү, жыйынчактуу абалга келүү. Туш келди батырабай баш-аягы жыйнап, ичте да, сыртта да тартип бир кыйла бекемделип калган («Ала-Тоо»). 2. Эсине келүү, өзүнө келүү, мурдагы калыбына келүү. Баягыдай эмес, бир аз баш-аягын жыйып кайраттанып калыптыр. Болуш жылкынын артынан куугунчу жөнөтө албай бөгөлүп жатканда кара тамандар баш-аягын жыйып алышты («Ала-Тоо»).