БАШ-АЯГЫН ЖЫЮУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жыйынып-теринип иреттелип алуу, тартипке келүү, жыйынтыктуу абалга келүү. Туш келди бытырабай баш-аягын жыйнап, антсе да, сыртта да тартип бир кыйла бекемделип калган («Ала-Тоо»). 2. Эсине келүү, өзүнө келүү, мурдагы калыбына келүү. Баягыдай эмес, бир аз баш-аягын жыйып, кайраттанып калыптыр. Болуш жылкынын артынан куугунчу жөнөтө албай бөгөлүп жатканда кара тамандар баш-аягын жыйып алышты («Ала-Тоо»).