БАШ АЛАМАН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Иретсиз, тартипсиз, чакчелекей, чаржайыт. Бул жерде тартип да жок баш аламан, Куш көргөн каргалардан болдук жаман (Аалы). Үй ичи күү-күү болуп, баш аламан сөздөр айтылат (Байтемиров). Андан ары баш аламан боло түштү, Ушунум түш болсо экен деп тиледи (Жусупов).