БАШ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Адамдың, жалпы эле жаныбарлардын көз, мурун, ооз, кулак, мээ орношкон дене мүчөсү. Эсен унчукпай гана башын ийкеди да, Жуманын артынан басты (Жантөшев). Таякчан, көпчүлүгү көз айнекчен, Кашка баш чекелери бир карыштап (Токомбаев). Ат башы менен эр башы, Абалдан кайда калбаган (Бөкөнбаев). 2. Адамдын же айбандын өзү. Баштагыдай ата-энең Малга сатпайт башыңды (Тоголок Молдо). Жаңжалдан жалын чыкпайбы, Жамандык башты жутпайбы («Эр Табылды»), Санаса, баарысы отуз эки баш бодо (Бейшеналиев). || Белгилүү бир бирдик, бир бүтүн катарында алынган эсеп саны. Кош башына бир семиз Жылкыдан тандап сойгула («Эр Табылды»). 3. Бир нерсенин алгачкы чыккан жери, жогорку жагы, башталышы. Жыл башы январь. Иштин башы жакшы башталды Мен суу башына барамын, Жогортон кечүү чаламын («Эр Табылды»). Сай башынан кыйгач канал чыгарып, Так өзөндүн үстү менен жүргүзгөн (Маликов). – Ууру! Жылганын башын көздөй чапкыла (Байтемиров). 4. Дан эгиндердин дан берүүчү бөлүгү. Кызыл буудайдын ар биринин башы кере карыш (Абдукаримов). || Кээ бир өсүмдүктөрдүн тоголоктонуп чыккан желе турган бөлүгү, түбү. Шамбет, сенин Жеңиштайың ал күнү бир баш кызыл пиязды бүт жеди (Сыдыкбеков). Капустанын ар бир башы чарадай (Осмонкул). || Жалпы эле өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын эң жогорку жагы, учу. Кыштактын эли кандайдыр бир сары гүлдүү чөптүн кургатылган баштарын укалап чайнекке салып демдешет (Абдукаримов). Салкын жел көк шибердин башын ыргайт (Нуркамал). Эки жараканын башын отко салып коюп бир кемпир отурат (Бөкөнбаев). 5. Чоку, төбө, бир нерсенин жогорку, үстүнкү бөлүгү. Тоо баштарына караңыз, башыңыз айланбайт, – деди (Сыдыкбеков). Каныбек бийик асканын башында атасы Сансыздан үйрөнгөн ырын ырдап отурат (Жантөшев). 6. Тескөөчү, башкаруучу, башчы. Айымкан менен Жээнтай стол башы болуп отурушат (Бөкөнбаев). Анда он үйгө бир он башы (Жантөшев). Элүү башы, жүз башы, Эл баштаган эрлериң, Бириң калбай баарың кел («Сейтек»). 7. Болуп жаткан иштин, окуянын ж. б. дал үстү, өзү, жаны. Башына келип көп малдын Башкарма көрүп мактансын (Маликов). Жинхуа үч кыз менен очок башында тамак жасашып жүрөт (Жантөшев). 8. Мыкты, тандамал, башкалардан жогору, биринчи. Баш козу. Баш жылкы. // Ойдо жаткан таш элең Орокчунун башы элең (Тоголок Молдо).