Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө менчиктелип, ыйгарылып калуу, башы ачык эмес болуу, бирөөгө башы байлануу, турмушка чыгуу укугу жок болуу (көбүнчө бирөөгө кудалап койгон кызга карата). Ал кезде кыз бечаралар жаңыдан көзү ачылып келатканда бирөөгө башы байланып, күтүлбөгөн окуяга кез болушчу (Каимов). Жазыксыз наристе бирөөгө бармактайынан башы байланып, колукту болгону менен иши эмне?! (Каимов). Бармандын эрке кызы Айнагүл Асантайдын «торпогуна» башы байланганы жатат (Сыдыкбеков). – Атаа, ушул баланы эптеп үйлөндүрүп койсок, башы түбөлүк байланып, бизден кете албай калат эле (Баялинов). 2. Кандайдыр бир ишке жоопкер, милдеткер болуу. Анын башы байлануу да. Ишин таштап басып кете албайт, антүүгө да жарабайт («Кыргызстан маданияты»).