БАШЫН САЮУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өлүмдөн кайра тартпоо, эч тартынбай, тайманбай белсене киришүү, тобокелге салуу. – Жалгыз аттан ажырап, боорум менен жылгыча, азуулуулар үчүн сайдым башымды (Бейшеналиев). Башын сайып, мал-мүлкүн чачса да пенде чыдагыс өч алат («Кыргызстан маданияты»). Өзүңдүн таежең экөөбүздү калкалаары чын болсо, башымды сайдым (Бейшеналиев). В.: Башын тигүү. Далай жылдар бою башын тигип күрөшкөндөгү көксөгөн максаты ушул күн эле го (Бектенов). Мына ушул силердин бактылуу турмушуңар үчүн башын тигип, өмүрүн кыйган баатыр аталарыңарды эстен чыгара көрбөгүлө, айланайындар (Өмүрбаев).