БАШ МААНЕК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Баш калкалай турган жай. – Э, Кашкарым, алдастабай жайыңды айтчы. Сопоюп жалгыз кайтканыңа, энтелегениңе караганда бизге баш маанек табылган эмес го (Бейшеналиев). 2. Караан. Үйгө баш маанек болсун үчүн гана бирөөнү ала качып келүүгө болбойт (Каимов). ...Баш-көз болбосо да, баш маанек болуп берсе кана («Чалкан»). В.: Баш баана. Же баш баана кылар жериң жок, ушинтип жүргөндөн уялсаң боло – дешип туугандарым ортого алышты («Ала-Тоо»). Кыскасы, кыйлага чейин баш баана болду (Убукеев). Баш паана. Кайда барарын, дагы кимден баш паана сурай турганын өзү да билбейт сыяктанат («Ала-Тоо»).