Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирди көрсөтүү, сазайын окутуу, кыйноо, катуу жазалоо. Шашпа колума тийсең башыңа май кайнатармын, – деди Карачал («Ала-Тоо»). Башыңарга май кайнатып жиберейин. В.: Башына чай кайнатуу. – Эми оңбой калдың, Сендей ууру иттей шимшиген селсаяктын башына чай кайнатуу керек (Бейшеналиев). Башына жаңгак чагуу. – Эмне, Арапбай башыңарга жаңгак чагып жатабы? («Ала-Тоо»). Сендей иттин башына жаңгак чагамын («Кыргызстан маданияты»). Мээсине май кайнатуу. Айдарбек датка баштаган чоң муштумдардын мээсине май кайнатайын (Жантөшев). Мээсине чай кайнатуу. Кыскасы бай-манаптардын мээсине чай кайнатып, жүрөгүн ала баштадык (Жантөшев). Чокусуна чай кайнатуу. Анын колуна тийсең чокуңа чай кайнайт («Ала-Тоо»).