БАШКАРМА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кандайдыр бир мекемеге, уюмга жетекчилик кылуучу орган. Борбордук курорт башкармасы. Жеңил өнөр жай башкармасы. // Авария болгон шахтага дүрбөп кен башкармасынан да келишти (Сасыкбаев). Тезинен башкарманын мүчөлөрүн чакыр (Жантөшев). || Ушул орган жайгашкан жай, имарат. Колхоздун башкармасы эл менен жык, Тынышпай, бири кирсе, бири чыгып (Үмөталиев). 2. сүйл. Колхоздун председатели. Тигил коңшу колхоздо он жылча калыс башкарма болуп турдум (Шимеев). Улууга жаман айтпаган Биздин, биздин башкарма (Осмонов).