Киргизско-русский словарь Юдахина
1. управление;
жергилнктүү башкарма органдары местные органы управления;
2. уст. редакция (газеты, журнала и т.п.);
"Эркин-Тоо" башкармасы редакция (газеты) "Эркин-Тоо";
3. сев. правление колхоза;
башкармабыздын председатели председатель нашего правления;
4. сев. председатель правления колхоза.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир мекемеге, уюмга жетекчилик кылуучу орган. Борбордук курорт башкармасы. Жеңил өнөр жай башкармасы. // Авария болгон шахтага дүрбөп кен башкармасынан да келишти (Сасыкбаев). Тезинен башкарманын мүчөлөрүн чакыр (Жантөшев). || Ушул орган жайгашкан жай, имарат. Колхоздун башкармасы эл менен жык, Тынышпай, бири кирсе, бири чыгып (Үмөталиев). 2. сүйл. Колхоздун председатели. Тигил коңшу колхоздо он жылча калыс башкарма болуп турдум (Шимеев). Улууга жаман айтпаган Биздин, биздин башкарма (Осмонов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРМА (ДИРЕКЦИЯ) – акционердик укук боюнча акционердик коомдун коллегиалдуу аткаруу органы. Коомдун уставынын, ошондой эле аны чакыруунун жана чечим кабыл алуунун мөөнөтү жана тартиби белгиленүүчү, директорлор кеңеши тарабынан бекитилген коомдун ички документинин (жобо, регламент же башка документинин) негизинде иш жүргүзөт. Акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кеңешинин чечимдерин аткарат. Акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирбеген коомдун күндөлүк ишмердигин жетектөөнүн баардык маселелери Б-нын компетенциясына таандык. Б. ишеним катсыз эле коомдун атынан иш жүргүзөт, анын мүдөөлөрүн чагылдырат, анын атынан бүтүмдөрдү түзөт, штаттарды бекитет, коомдун баардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет.