БАШЫН АЧУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кудалашкан кыздын же жесир аялдын башка бирөөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн чечүү, эркиндик берүү. Кудалуу кыздын башын ачуу үчүн, башкасын айтпаганда да, элүүдөй ири кара керек эле (Каимов). – Башымды ачып кетсин, – деп Салима атасына айттырган (Абдукаримов). 2. Кандайдыр бир нерсенин, иштин жөн-жайын такташтырып ажыратуу. Ырас келдиң, баягы иштердин башын ачып кетпесең болчудай эмес («Ала-Тоо»).