Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башчылык кылуу, жетекчилик кылуу, бийлик жүргүзүү. Эстүү жигит бийлесе, Элин жакшы башкарат (Осмонкул). Билген миңди башкарат, билбеген миңге кошулат (макал). || Баш-көз болуу, тартипке салуу. Акылман Айкын байбиче Балдарды үйдө башкарат (Барпы). 2. Тейлөө, машинаны, станокту ж. б. жүргүзө, иштете билүү. Машина да жолдон чыкчу беле апай,– деди Акия озунуп кемпирге. – Муну башкарып бараткан шофер эмеспи, көрбөйсүзбү (Сыдыкбеков). Заводдордо станокту башкарган, Ар күн сайын 4–5 норма аткарган (Осмонкул).