Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бирөөгө кудалап койгон кыздын, күйөөсү менен ажырашкан же күйөөсү өлгөн жесир аялдын башка бирөөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн чечүү, өз алдынча болууга эркиндик берүү. Кашгарыңызга Чоюбек болуштун токолун көндүрүп, башын ачкан менмин (Бейшеналиев). Эгер сен да менчилеп балдардын тилегин орундатууга даяр болсоң, кызымдын башын ачып ал (Каимов). Кээси ага-туугандарын, кээси байлардын чогуу жүргөн көңүлдөш жигиттерин ээрчитип келип, баштарын ачып,... күбөлүк наме алып кетип жатышат (Бейшеналиев). Салт ушундай, төркүндөрүн чакыртып, Айзаданын карасын алып, кааласа башын ачып, уруксат кылышы ыктымал (Касымбеков). 2. Жалпы эле талаш-тартыш, түшүнүксүз маселенин жөнүн ажыратуу, эмне экендигин айкындап чечип алуу. Ырас келдиң, баягы иштердин башын ачып кетпесең болчудай эмес («Ала-Тоо»). Ал эми ууру машинанын башын ачышар, ал жагына көп тереңдебейм («Чалкан»).