БАШКА КЕЛүү
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кокусунан кандайдыр бир нерсеге (көбүнчө кырсыкка, оор абалга, кыйынчылыкка ж.б.) дуушар болуу. Башка келгенди көз көрөт (макал). Башка келсе көтөрбөскө чара жок. В.: Башка түшүү. Карыпчылык абал башка түшүп, мүңкүрөп отурган кишилердин көңүлүн көтөргүсү келди окшойт («Ала-Тоо»). Айдан улам кыгыздар күн эсебин, аба ырайын, жылдын оор-жеңилин, башка түшөр жамандык-жакшылыкты болжогон (Жусупов). Жапаа жеке эле биздин башка түшүптүрбү (Бейшеналиев).