БАШ БОЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Башкаруу, башчылык кылуу, баштоо. Бөтөнчө ага умтулган Касымбек. Анын максаты Коңорчок, Тогуз-Торого чейинки элге баш болуп келген Келдибек тукумунун жолун торгоо (Бейшеналиев). Кара баркут кемселчен Саякбай акенин директор баш болгон бир топ мугалимдер ээрчитип келди (Осмоналиев).