БАШКА ЧЫГУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Үстөмдүк кылуу, бийлеп алуу, күч алып кетүү. Башкарма, башкарма деп койсо, башка чыгып баратасың (Абакиров). Кутуруп башка чыгып баратышкан букараларды эсине келтирүү үчүн атайлап иштеген (Каимов). Келинди өзгөчө бөпөлөп кеттиң, башыңа чыгарып алба -деп бетине айтканы кайда («Ала-Тоо»).