Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Болбогон бир нерселерди айта берип мазени алуу, тажатуу. Көрүнгөн шылтоолорду айтып башты оорутту («Ленинчил жаш»). Эшик тындырбаган кардарлар кулактын кужурун алып, башты оорутушту (Бейшеналиев). В.: Башты чиритүү. Мындайда минтиш керек дегендер башты чиритишет ко (Кыдырмышев). Башты чиритип, баламды азыткыдай имерип, акыры артына качса анысын билдирсин (Бейшеналиев).