Киргизско-русский словарь Юдахина
1. прям. , перен.
имеющий голову;
жети баштуу кемпир миф. старуха о семи головах;
баштуу-көздүү адамдар фольк. почётные люди, вожаки в своей среде;
кара баштуу то же, что кара башыл (см. башыл);
кара баштуу жоо эмес, кара зоону жарбайбы? фольк. этот враг - не просто враг, он ведь чёрную скалу дробит;
2. имеющие главу, начальника; объединённые общим руководством;
шайлоо болсо, баштуу олтуралы когда будут выборы, будем едины;
аттуу-баштуу см. аттуу I;
жумуру баштуу см. жумуру.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Башы бар. Жети баштуу желмогуз.
  1. 2.                  Башчысы бар, жетекчиси бар.
  2. 3.                  өт. Үй-бүлөсү көп; Үй-бүлөлүү. Аппак үйлүү, Зоот уйлуу, Колу иштүү, Малдуу, баштуу, Ошо мен жеңекемди сагынам (Маликов).
  3. 4.                  өт. Тартиптүү, тартипке баш ийген, айтканга көнгөн, айтканды аткарган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башы бар. Жети баштуу желмогуз. Эки баштуу жылан. 2. Үй-бүлөлүү, үй-бүлөсү көп. Аппак үйлүү, зоот уйлуу, Колу иштүү, малдуу-баштуу, Ошо мен жеңекемди сагындым (Маликов). 3. өт. Тартиптүү, адептүү, тартипке баш ийген, иреттүү. Алардын үй-бүлөсү абдан баштуу. Кичинекей канаттуу жаныбарлардан болгону менен булардын баштуулугу укмуш (Таштемиров). 4. өт. Акыл-эстүү. Бузукунун өзүнө ишенбе. Сен баштуу кишисиң го (Байтемиров).