Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башы бар. Жети баштуу желмогуз. Эки баштуу жылан. 2. Үй-бүлөлүү, үй-бүлөсү көп. Аппак үйлүү, зоот уйлуу, Колу иштүү, малдуу-баштуу, Ошо мен жеңекемди сагындым (Маликов). 3. өт. Тартиптүү, адептүү, тартипке баш ийген, иреттүү. Алардын үй-бүлөсү абдан баштуу. Кичинекей канаттуу жаныбарлардан болгону менен булардын баштуулугу укмуш (Таштемиров). 4. өт. Акыл-эстүү. Бузукунун өзүнө ишенбе. Сен баштуу кишисиң го (Байтемиров).