БАШЫ ШИШҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Бир нерсени көпкө олонуп абдан алек болуу, аябай чаташуу, кыйналуу, маң болуу. Ойлой берип башым шишиди, эч нерсе чыга турган эмес («Чалкан»). 2. Акыл-эстен ажыроо, мээси иштебей калуу (мындай учурда көбүнчө тануу же суроо маанисиндеги сөздөр, мүчөлөр менен айкашып колдонулат). Мында башы иштеген киши барбы? (Сыдыкбеков). Башым шишиптирби?