БАШЫ МЕНЕН ЖАТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көндүм болгон, өнөкөт болуп калган адат калбайт, аны өлмөйүнчө таштабайт. - Болушуңду актабай эле кой. Анын мындай опуртмалуулугу башы менен жатат (Бейшеналиев). Сенин мындай катаал, кырс кыялың башың менен жатат го! Жалгыз балаңа ийикпесең, кимге жакшылык кыласың - деп кемпир чалын жемелей баштады («Ала-Тоо»).