Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Моюн сунуу, багынуу, айтканына, талабына макул болуу, көнүү. Бул өмүрүмдө эч кимге баш ийбедим (Жантөшев). Чындап баш ийгенин байката, бутун солбуй чөгөлөй комдонду (Бейшеналиев). - Байым башынан мыйзамга баш ийген адам (Сыдыкбеков).