БАШ БАКПОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жолобоо, келбөө, жакындабоо, кирбөө. Акбаланын үйүнөн башка бир да үйгө баш бакпады (Укаев). А Болот мойнун кессе да меймандар үстүнө баш бакпайт (Бейшеналиев). В.: Баш катпоо. Ошондон кийин алардыкына баш катпай калды («Ленинчил жаш»).