БАШЫН КАНЖЫГАГА БАЙЛОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жоокерчилик учурда душманга каршы чыгуу, эч тартынбай өлүмдү бет алуу, тобокелге салып белсене киришүү. Эми алар маңдайга жазганды көрдүк дешип, баштарын канжыгага байлап салышты (Садыбакасов). Же анын башын канжыгага байлап чыккан суук түрүн байкадыбы, айтор айылга кире алган жок (Укаев).