БАШЫ ЖОК БАКА, КөЗү ЖОК КөГөН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жөн билгилик, акыл-эстүүлүк менен башкаргыдай, жетекчилик кылгыдай эч кимиси жок, ар кимиси өз билгенин иштей берүү деген мааниде. Бизди чала уламаларга кор кылбай, бизди башы жок бака, көзү жок көгөн окшотпой, ата болуңуз (Касымбеков). В.: Башы жок балапан, көзү жок көгөн. Башы жок балапан, көзү жок көгөн эмеспиз биз деле (Абакиров).