Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашырынуу, изин жашыруу, бир нерсеге аралашпоо, көрүнбөө, андан өзүн алыс кармоо аракетинде болуу. Кедей туугандын атына өтүп, башымды катып жашырган түбүмдү чукуп, абтарыйкатымды ойрондотуп жүрбөсүн (Бейшеналиев). Бай-манаптар өзгөрүштү кабылдабай, мал-мүлкүн жашырып, башын катып, тоо-таш жамынып четтен күч издешүүдө (Бейшеналиев). В.: Башын калкалоо. Көрсө, ал сот өзүнүн чыныгы жүзүн жашырып, башын калкалап жүргөн бир улутчул жана Бийаалы, Түркмөндөр менен байланышкан сот экен (Жантөшев). Башын ийнине катуу. Апсамат эрксизден башын ийнине ката койду (Жакыпбеков).