Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жетекчилик кылуу, башчылык кылуу. Уул, кыз окуп билимдүү Өз өлкөсүн башкарган (Осмонкул).
2. өт. Тейлөө, иштөө. Заводдордо станокту башкарган, Ар күн сайын 4-5 норма аткарган (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
башкар- I
1. управлять, возглавлять;
эл башкар- управлять народом, стоять во главе народа, вести за собой народ;
жакшы жашынан эл башкарат, жаман карыган сайын жашарат погов. хороший смолоду ведёт народ, а дурной чем больше стареет, тем больше молодеет (т.е. ведёт себя несообразно с возрастом);
2. ухаживать (за скотом);
мал башкар- ухаживать за скотом;
кыштак эли өз-өз короолорунда малдарын эчак башкарып болушкан жители кишлака давно уже управились со своим скотом.
башкар- II
изменяться;
мүнөзү башкара түштү поведение его вдруг изменилось.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башчылык кылуу, жетекчилик кылуу, бийлик жүргүзүү. Эстүү жигит бийлесе, Элин жакшы башкарат (Осмонкул). Билген миңди башкарат, билбеген миңге кошулат (макал). || Баш-көз болуу, тартипке салуу. Акылман Айкын байбиче Балдарды үйдө башкарат (Барпы). 2. Тейлөө, машинаны, станокту ж. б. жүргүзө, иштете билүү. Машина да жолдон чыкчу беле апай,– деди Акия озунуп кемпирге. – Муну башкарып бараткан шофер эмеспи, көрбөйсүзбү (Сыдыкбеков). Заводдордо станокту башкарган, Ар күн сайын 4–5 норма аткарган (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. управление;
жергилнктүү башкарма органдары местные органы управления;
2. уст. редакция (газеты, журнала и т.п.);
"Эркин-Тоо" башкармасы редакция (газеты) "Эркин-Тоо";
3. сев. правление колхоза;
башкармабыздын председатели председатель нашего правления;
4. сев. председатель правления колхоза.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир мекемеге, уюмга жетекчилик кылуучу орган. Борбордук курорт башкармасы. Жеңил өнөр жай башкармасы. // Авария болгон шахтага дүрбөп кен башкармасынан да келишти (Сасыкбаев). Тезинен башкарманын мүчөлөрүн чакыр (Жантөшев). || Ушул орган жайгашкан жай, имарат. Колхоздун башкармасы эл менен жык, Тынышпай, бири кирсе, бири чыгып (Үмөталиев). 2. сүйл. Колхоздун председатели. Тигил коңшу колхоздо он жылча калыс башкарма болуп турдум (Шимеев). Улууга жаман айтпаган Биздин, биздин башкарма (Осмонов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРМА (ДИРЕКЦИЯ) – акционердик укук боюнча акционердик коомдун коллегиалдуу аткаруу органы. Коомдун уставынын, ошондой эле аны чакыруунун жана чечим кабыл алуунун мөөнөтү жана тартиби белгиленүүчү, директорлор кеңеши тарабынан бекитилген коомдун ички документинин (жобо, регламент же башка документинин) негизинде иш жүргүзөт. Акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кеңешинин чечимдерин аткарат. Акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирбеген коомдун күндөлүк ишмердигин жетектөөнүн баардык маселелери Б-нын компетенциясына таандык. Б. ишеним катсыз эле коомдун атынан иш жүргүзөт, анын мүдөөлөрүн чагылдырат, анын атынан бүтүмдөрдү түзөт, штаттарды бекитет, коомдун баардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от башкар- I
заведывание, управление;
башкаруу аппараты управленческий аппарат,
башкаруу мекемеси уст. административный орган;
коомдук өзүн өзү башкаруу уст. общественное самоуправление.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРУУ ТАРИЗИ – анын шарттуу булактары менен мүнөздөлгөн бийликти уюштуруу таризи; түзүмү жана жогорку органдарынын абалы (мамлекет, парламент, өкмөт башчысы), ошондой эле алардын өзара мамилелеринин белгиленген тартиби. Мамлекет башчысынын укуктук статусу Б. т. негизги аныктоочу белгиси болуп саналат (республикада – шайлануучу жана алмашуучу, монархиялык мамлекетте – мурасталуучу). Заманбап мамлекеттерге эки түрдүү: республикалык жана жеке бийлик Б. т. мүнөздүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын талаптагыдай башкаруу иштерине каршы аракеттенүүчү, алардын кадыр-баркын түшүрүүчү, ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуучу кылмыштар. Андайларга: бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү; мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү; өзүмбилемдик жана башкалар кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРУУЧУ КОМПАНИЯ – түзүлгөн келишимдин негизинде белгилүү ишмердикти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар коммерциялык уюм. КР мыйзамдарында Б. к-нын бааракы активдеринин жана инвестициялык фонддордун активдерин башкаруу чөйрөсүндө ишкердик жүргүзүү мүмкүндүгү каралган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРУУЧУ УЮМ – акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен, келишим боюнча акционердик коомдун аткаруучу органынын ыйгарым укугу берилиши мүмкүн болгон коммерциялык уюм. Түзүлгөн келишимдин шарттары, эгер коомдун уставында башка жагдайлар каралбаса, коомдун директорлор кеңиши тарабынан бекитилет.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
managed code (noun)
Code that is executed by the common language runtime environment rather than directly by the operating system. Managed code applications gain common language runtime services such as automatic garbage collection, runtime type checking and security support, and so on. These services help provide uniform platform- and language-independent behavior of managed-code applications.