Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эч кимге менчиктелбеген, эч ким ээ болбогон, эч кимдин тиешеси жок. Башы ачык оокат. Башы ачык буюм. 2. Кудалашкан, сүйлөшүп макулдашкан жери жок (кызга карата), башка күйөөгө чыгуута, кетип калууга мүмкүнчүлүгү бар, кылчактай турган, кармала турган эч нерсеси жок (күйөөдөн чыккан, же жесир калган аялдарга карата). Арзыган теңине жете албай зарыгып башы ачык кыз тургай, күнү үстүнө барган токолдор, кайындаган күйөөсүн чанган кыздар да сүйгөнүнө баш кошо баштады (Сыдыкбеков). – Кантип?! Менин башым ачык эмес да? (Бейшеналиев). өнөрлүү келиндин башы ачык экендигин айтсам, акын токтоосуз учасың (Бейшеналиев). В.: Башы бош. Эмне үчүн «башым бош эмес» дедиң, башы бош да кыз болобу? (Убукеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Эч кимге менчиктелбеген, эч ким ээ болбогон, эч кимдин тиешеси жок. Башы ачык оокат. Башы ачык буюм. 2. Кудалашкан, сүйлөшүп макулдашкан жери жок (кызга карата), башка күйөөгө чыгууга, кетип калууга мүмкүнчүлүгү бар, кылчактай турган, кармала турган эч нерсеси жок (күйөөдөн чыккан же жесир калган аялдарга карата). Арзыган теңине жете албай зарыгып башы ачык кыз тургай, күнү үстүнө барган токолдор, кайындаган күйөөсүн чанган кыздар да сүйгөнүнө баш кошо баштады (Сыдыкбеков). - Кантип?! Менин башым ачык эмес да? (Бейшеналиев). Өнөрлүү келиндин башы ачык экендигин айтсам, акын токтоосуз учасың (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эркиндигин алуу, өз алдынча болуу мүмкүнчүлүгүнө жетүү. Үрпүкан энеси менен жеңесине сыр бөлүшсө, алары башы ачылмайынча антташкан жигитин айыл четине жолотпоосун айтып безилдешти (Бейшеналиев). Жакында гана башы ачылып, эс-учун жыя баштаптыр («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эркиндигин алуу, өз алдынча болуу мүмкүнчүлүгүнө жетүү. Үрпүкан энеси менен жеңесине сыр бөлүшсө, алары башы ачылмайынча антташкан жигитин айыл четине жолотпоосун айтып безилдешти (Бейшеналиев). Жакында гана башы ачылып, эс-учун жыя баштаптыр («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө менчиктелип, ыйгарылып калуу, башы ачык эмес болуу, бирөөгө башы байлануу, турмушка чыгуу укугу жок болуу (көбүнчө бирөөгө кудалап койгон кызга карата). Ал кезде кыз бечаралар жаңыдан көзү ачылып келатканда бирөөгө башы байланып, күтүлбөгөн окуяга кез болушчу (Каимов). Жазыксыз наристе бирөөгө бармактайынан башы байланып, колукту болгону менен иши эмне?! (Каимов). Бармандын эрке кызы Айнагүл Асантайдын «торпогуна» башы байланганы жатат (Сыдыкбеков). – Атаа, ушул баланы эптеп үйлөндүрүп койсок, башы түбөлүк байланып, бизден кете албай калат эле (Баялинов). 2. Кандайдыр бир ишке жоопкер, милдеткер болуу. Анын башы байлануу да. Ишин таштап басып кете албайт, антүүгө да жарабайт («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө менчиликтеп, ыйгарылып калуу, башы ачык эмес болуу, бирөөгө башы байлануу, турмушка чыгуу укугу жок болуу (көбүнчө бирөөгө кудалап койгон кызга карата). Ал кезде кыз бечаралар жаңыдан көзү ачылып келатканда бирөөгө башы байланып, күтүлбөгөн окуяга кез болушчу (Каимов). Жазыксыз наристе бирөөгө бармактайынан башы байланып, колукту болгону менен иши эмне?! (Каимов). Бармандын эрке кызы Айнагүл Асантайдын «торпогуна» башы байланганы жатат (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз башына өзү ээ боло албоо, кимдир бирөөгө көз каранды болуу, бирөөнүн эркине баш ийүү. - Атаа, ушул баланы эптеп үйлөндүрүп койсок, башы түбөлүк байланып, бизден кете албай калат эле (Баялинов). Байга башы байланган жакыр. 2. Кандайдыр бир ишке жоопкер, милдеткер болуу. Анын башы байлануу да. Ишин таштап басып кете албайт, антүүгө да жарабайт («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бытыранды, чачыранды, баш аламан, ар кайсы жакка андаалап, самсыган, азып-тозгон. Катын бала, мал-мүлк менен эч кимдин жумушу жок, дүрдүккөн элдин башы бапан, аягы сапан («Ала-Тоо»). Эми андагы элдин көргөн күнүн айтпа, башы бапан, аягы сапан (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бытыранды, чачыранды, баш аламан, ар кайсы жакка андаалап, самсыган, азып-тозгон. Катын бала, мал-мүлк менен эч кимдин жумушу жок, дүрдүккөн элдин башы бапан, аягы сапан («Ала-Тоо»). Эми андагы элдин көргөн күнүн айтпа, башы бапан, аягы сапан (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин жөн-жайын жакшы билген, ар нерсени түшүнгөн, түшүнүгү жакшы. Башы бар чымчык сага карматпас (Осмоналиев). Аны көрүп-билип турган башы бар киши кайдан... көк бөрүгө түшсүн (Кыдырмышев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эптеп бир жерге орундашып, байыр алып, жайланышып калуу, акырындан аралашуу. Минтип араң башы батып отурганда бир мертебе кадыр түн күткөнгө жарабай уйкуга көмөлөнгөнү уят (Бейшеналиев). Айылчы абасы «тентиреп Жумгалда жүргөндө көчүрө келип, оозуңа аш, үстүңө үй тигип, башың батып тыңыганда, менин эмгегимди кайтарбай таштап каччу сенсиңби» - деп кине койсо, төрт айласы түгөнөр (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эптеп бир жерге орундашып, байыр алып, жайланышып калуу, акырындан аралашуу. Минтип араң башы батып отурганда бир мертебе кадыр түн күткөнгө жарабай уйкуга көмөлөнгөнү уят (Бейшеналиев). Айылчы абасы «тентиреп Жумгалда жүргөндө көчүрө келип, оозуңа аш, үстүңө үй тигип, башың батып тыңыңганда, менин эмгегимди кайтарбай таштап каччу сенсиңби», – деп кине койсо, төрт айласы түгөнөр (Бейшеналиев). В.: Багалчагы батуу. Чу дегеңде багалчагы батып, чоочун элге бышыгып, кең-кесири аралаша торолсунчу (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сыйышып кете ала тургандай, ылайыктуу, ыңгайлуу жай таба албоо, бир жерге байыр алып, туруктуу жай таап аралашып кете албоо. Же башым батып, багалчагым сыйбай кетип калабы? («Ала-Тоо»). Башы батып, багалчагы сыйбай көрүнгөн жерде жүргөндө хан күйөөнүн аркасы менен оозу ашка, буту төргө жетип отурат (Көчкөнов). В.: Башы батып, балтыры сыйбоо. Башы батып, балтыры сыйбай жатып кылган ишин кара! («Чалкан»). Багалчагы сыйбоо. Бул жерге да багалчагым сыйбай кетип каламбы деп коркот («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сыйышып кете ала тургандай, ылайыктуу, ыңгайлуу жай таба албоо, бир жерге байыр алып, туруктуу жай таап аралашып кете албоо. Же башым батып, багалчагым сыйбай кетип калабы? («Ала-Тоо»). Башы батып, багалчагы сыйбай көрүнгөн жерде жүргөндө хан күйөөнүн аркасы менен оозу ашка, буту төргө жетип отурат (Көчкөнов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
«Эмне болсоң ошо бол, өз убалың өзүңө, өз милдетиң өзүңдө» деген мааниде көбүнчө тил албай, кежирлик кылган кишиге карата колдонулат. Жок, атасын тартпай калды бул уул. Мейли, башы баш, багалчагы кара таш (Айтматов). Бирок баласы анысынан баш тартпаган соң «менден калган бир тукум экенсиң да, башың баш, багалчагың кара таш» дегендей нааразы (Медетов). Башың баш, багалчагың кара таш! Ач бел, куу жондо өл! (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
«Эмне болсоң ошо бол, өз убалың өзүнө, өз милдетиң өзүңдө» деген мааниде көбүнчө тил албай, кежирлик кылган кишиге карата колдонулат. Жок, атасын тартпай калды бул уул. Мейли, башы баш, багалчагы кара таш (Айтматов). Бирок, баласы анысынан баш тарптаган соң «менден калган бир тукум экенсиң да, башың баш, багалчагың кара таш» дегендей нааразы (Медетов). Башың баш, багалчагың кара таш! Ач бел, куу жондо өл! (Айтматов)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Убайымсыз, кайгысыз, эч кемтиги жок, телегейи тегиз. Тирүүчүлүктө башы бүтүн, боору эсен киши аз, кулундарым, чынарым куласа, чырпыгым бар, – деп Музооке баба «Муңдуу күүсүн» зыңылдата күнгүрөндү (Бейшеналиев). В.: Боору бүтүн, башы эсен. Бул күндөрдө боору бүтүн, башы эсен ток пейил адамдардын башына да ой түшкөн (Каимов). Боору бүтүн. Э, кызым, азыр кайда барсаң Мамайдын көрү. Боору бүтүн киши калбайт окшойт (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин жөн-жайын абдан биле элек, түшүнө элек, абдан дасыгып кагыла элек, али жаш. Башы быша элек Айымкан да үйдө эмне байлык бар, эмне жок жана өзү эмне бүтүрүп жүргөнүн күйөөсүнө айтчу эмес (Каимов). Чарбанын көп жагдайына түшүнө албай жаштык кылып жатат. Башы быша элек да («Кыргыз Туусу»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсенин жөн-жайын абдан биле элек, түшүнө элек, абдан дасыгып кагыла элек, али жаш. Башы быша элек Айымкан да үйдө эмне байлык бар, эмне жок жана өзү эмне бүтүрүп жүргөнүн күйөөсүнө айтчу эмес (Каимов). Чарбанын көп жагдайына түшүнө албай жаштык кылып жатат. Башы быша элек да («Кыргызстан Туусу»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге абдан такшалаган, дасыккан, жакшы-жаманды башынан көп өткөрүп бышыккан, кадик болгон, кагылган. Көптү көрүп, башы бышкан алардын жүрөгү кандайдыр мандем иштин болгонун туят (Мырзаев). Кандим болуп башы бышкан адамдай жигиттин жапылдаганын Айылчы жактыра ...мулуйду (Бейшеналиев). Бирок азыр башы бышкан Ал кездеги мен эмес. Мен жетим, жетилдим, эч кимиңден эми бала кем эмес (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге абдан такшалаган, дасыган, жакшы-жаманды башынан көп өткөрүп бышыккан, кадик болгон, кагылган. Көптү көрүп башы бышкан алардын жүрөгү кандайдыр мандем иштин болгонун туят (Мырзаев). Кандим болуп башы бышкан адамдай жигиттин жапылдаганын Айылчы жактыра... мулуйду (Бейшеналиев). Бирок азыр башы бышкан Ал кездеги мен эмес. Мен жетим, жетилдим, эч кимиңден эми бала кем эмес (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дени-карды соо, алдан-күчтөн тая элек, карылыгы жете элек, тың, колунан иш келет. Башым жаздыкта, белим оттукта эмес ко, кудая шүгүр (Үмөталиев). Мусанын азыр башы жаздыкта, бели оттукта эмес. Аялы экөө тең куландан соо («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дени-карды соо, алдан-күчтөн тая элек, карылыгы жете элек, тың, колунан иш келет. Башым жаздыкта, белим оттукта эмес ко, кудая шүгүр (Үмөталиев). Мусанын азыр башы жаздыкта, бели оттукта эмес. Аялы экөө тең куландан соо («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. өлүү, каза табуу, көз жумуу, дүйнөдөн кайтуу. – Мен калган өмүрүмө ыракат тилеп отурганым жок, башым жерге кирсе о дүйнөдөн ыйман берсин деп, ошону тилеп отурам (Укаев). Сен менин элдешпес душманымсың. Мен аны башым жерге киргенде да унутпайм (Осмоналиев). 2. Бирөөнүн алдында өзүн кылмыштуудай сезип тике карай албоо, баш көтөрө албоо, оңтойсуз абалда калуу, катуу уят болуу. – И-и, бу киши жазуучу экен го? – деп палатадагылар күбүр-шыбыр болуп сүйлөшүп калышты, Качыкенин башы жерге кирип кетти (Абдукаимов). Баятан бери Жапардын көзүнө көп илинбеске аракет кылып, жашырынып бурчта отурган Зейнептин башы жерге кире түштү (Баялинов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өлүү, каза табуу, көз жумуу, дүйнөдөн кайтуу. - Мен калган өмүрүмө ыракат тилеп отурганым жок, башым жерге кирсе о дүйнөдөн ыйман берсин деп, ошону тилеп отурам (Укаев). Сен менин элдешпес душманымсың. Мен аны башым жерге киргенде да унутпайм (Осмоналиев). 2. Бирөөнүн алдында өзүн кылмыштуудай сезип тике карай албоо, баш көтөрө албоо, оңтойсуз абалда калуу, катуу уят болуу. - И-и, бу киши жазуучу экен го? - деп палатадагылар күбүр-шыбыр болуп сүйлөшүп калышты, Качыкенин башы жерге кирип кетти (Абдукаимов). Баятан бери Жапардын көзүнө көп илинбеске аракет кылып, Жашырынып бурчта отурган Зейнептин башы жерге кире түштү (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акылы жетпөө, аягына чейин толук жеткире түшүнө албоо. Төрөңөрдүн шаан-шөкөт менен узатылганына башым жетпеди (Осмоналиев). – Макоом. Ушуга да сенин башың жетпейт. Айла жок... (Бейшеналиев). В.: Мээси жетпөө. Мындай кыйма-чийме тетиктерине биздин мээбиз жетмек беле? («Жаш ленинчи»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Акыл-эси жок, начар, бир нерсенин жөнүн түшүнө албаган. Сенин башы жок балдарың үчүн мектепке чакырылып жүрүп, чачым агарды. Карыттың! - деп урушчу элең (Осмоналиев). Эч жерде иштебесе же үй-бүлөсү болбосо, ошентип жүргөнү жүргөн да андай башы жокургандын («Ала-Тоо»),

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акыл-эси жок, начар, бир нерсенин жөнүн түшүнө албаган. Сенин башы жок балдарың үчүн мектепке чакырылып жүрүп, чачым агарды. Карыттың! – деп урушчу элең (Осмоналиев). Эч жерде иштебесе, же үй-бүлөсү болбосо, ошентип жүргөнү жүргөн да андай башы жок ургандын («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жөн билгилик, акыл-эстүүлүк менен башкаргыдай, жетекчилик кылгыдай эч кимиси жок, ар кимиси өз билгенин иштей берүү деген мааниде. Бизди чала уламаларга кор кылбай, бизди башы жок бака, көзү жок көгөн окшотпой, ата болуңуз (Касымбеков). В.: Башы жок балапан, көзү жок көгөн. Башы жок балапан, көзү жок көгөн эмеспиз биз деле (Абакиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жөн билгилик, акыл-эстүүлүк менен башкаргыдай, жетекчилик кылгыдай эч кимиси жок, ар кимиси өз билгенин иштей берүү деген мааниде. Бизди чала уламаларга кор кылбай, бизди башы жок бака, көзү жок көгөн окшотпой, ата болуңуз (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени жакшы түшүнүү, колунан келүү, жаман-жакшыны ажырата алуу, түшүнө билүү. Жапжаш жигит, аспирант, башы иштейт (Борбиев). Кеп анда эмес, – кеп мунун башы иштегенинде, жакшы окууга жарайт (Тойбаев). – Макул, менин башым иштебесин, ал эми калгандар да акылынан айнып калдыбы (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсени жакшы түшүнүү, колунан келүү, жаман-жакшыны ажырата алуу, түшүнө билүү. Жап-жаш жигит, аспирант, башы иштейт (Борбиев). Кеп анда эмес, - кеп мунун башы иштегенинде, жакшы окууга жарайт (Тойбаев). -Макул, менин башым иштебесин, ал эми каландар да акылынан айнып калдыбы. (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерсе менен болуп көпкө ойлонуу, бир чечимге, бир пикирге келе албоо, эч тыянак чыгара албай убаралануу, айласы кетүү. - Ох-х... Башым катып калды, көрбөгөн жерибиз болсо, ... Жол алыс, кантип барып келер экенбиз (Саякбаев). Бул аялдын чын айтканына же тим эле кекээрлеп жатканына түшүнбөй Балтабайдын башы катты («Чалкан»). Аны кандай кылып дарылоону билбей башы катты (Кыдырмышев). Мына ушинтип Алымкул нечен түрдүү ой-санаага батып, башы катып отурду (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсе менен болуп көпкө ойлонуу, бир чечимге, бир пикирге келе албоо, эч тыянак чыгара албай убаралануу, айласы кетүү. – Ох-х... Башым катып калды, көрбөгөн жерибиз болсо, ... Жол алыс, кантип барып келер экенбиз (Саякбаев). Бул аялдын чын айтканына, же тим эле кекээрлеп жатканына түшүнбөй Балтабайдьш башы катты («Чалкан»). Аны кандай кылып дарылоону билбей башы катты (Кыдырмышев). Мына ушинтип Алымкул нечен түрдүү ой-санаага батып, башы катып отурду (Абдукаримов). В.: Башы ооруу. Башы ооруган ушундай мезгилде: кула жоргосунун жоголушу, колго түшкөн ууруну айлына батынып кирип, бошотуп кетиши жаман жөрөлгө (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башы ооруган сыяктанып, өзүн начар сезүү, эч нерсеге көңүлү келбөө. Анын кулагы чуулдап, башы кеңгиреп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калды («Ала-Тоо»). 2. өзүнчө бир чечимге келе албай ыргылжың болуу. Каякка басарын билбей, башы кеңгиреп турду (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Башы ооруган сыяктанып, өзүн начар сезүү, эч нерсеге көңүлү келбөө. Анын кулагы чуулдап, башы кеңгиреп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калды («Ала-Тоо»). 2. Өзүнчө бир чечимге келе албай ыргылжын болуу. Каякка басарын билбей, башы кеңгиреп турду (Укаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: кара башыл
1) черноголовый;
2) человек как он есть, настоящий человек;
мен азыр кара башыл киши издеп чыктым я вышел искать человека;
малдан байге саюу мындай турсун, кара башыл адамдан байге сайышы да ыктымал не говоря уж о призе в виде скота, он может поставить в качестве приза даже человека;
сары башыл (или сарбашыл)
1) желтоголовый (об овце);
2) название травы;
ак сары башыл (или ак сарбашыл) этн. жертвенная овца.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жогору жагы менен, үстү жагы менен, баш жагы менен жүрүү. Аңгыча Андрей экөө катарлаша бастырып, жар башылап келип калышты (Байтемиров). 2. Баш-башынан оттоо, уч жагынан өтүү. Койлор чөп башылап оттошот (Сыдыкбеков). Эрке жел чөп башылай жортуп леп-леп (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айласы кетүү, эмне кыларын биле албай башы катуу. Кандай айла болот деп, адамдын башы маң болуп («Семетей»). Байымбет кайсынысына ишенерин билбей башы маң болду (Бейшеналиев). Эмне үчүн мындай экенин биле албай башы маң болду (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айласы кетүү, эмне кыларын биле албай башы катуу. Бул байланышты эч кандай алдамчылык менен кыянатчылык буза алмак эмес, кандайча болуп кетти, билбейм, башым маң болот да калат (Абдукаимов). Байымбет кайсынысына ишенерин билбей башы маң болду (Бейшеналиев). Эмне үчүн мындай экенин биле албай башы маң болду (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне кылса да, өлтүрсө да, кандай жазаласа да (эч качан макул болбойм деген мааниде). Абылкасым! Башымды кессең да Салкынайдын торпогуна күбө боло албайм (Абдукаимов). Жасоолдукка башымды кессе да көнбөйм (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне кылса да, өлтүрсө да, кандай жазаласа да (эч качан макул болбойм деген мааниде). Абылкасым! Башымды кессең да, Салкынайдын торпогуна күбө боло албайм (Абдукаимов). Жасоолдукка башымды кессе да көнбөйм (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. к. баш оту менен. 2. Улуулугуна, же кандайдыр адамдык сапатына карабастан деген мааниде, көбүнчө, туура эмес иш кылган адамдарга карата нааразылыгын билдирүүдө, уяткарууда колдонулат. Сакалдуу башың менен ушундай да иш кыласыңбы? Колго түшкөн карышкырды эркек башың менен куткарып жибергениң уят эмеспи? Ичет, катын башы менен (Жусупов). Экинчиден, Серкебай, Серкебай башы менен эшигине келаткан мартабасына сыймыктанды (Осмоналиев). Эркек башы менен жерге көмөлөнүп өзү маскараланды (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. к. БАШ ОТУ МЕНЕН 2. Улуулугуна же кандайдыр адамдык сапатына карабастан деген мааниде көбүнчө туура эмес иш кылган адамдарга карата нааразылыгын билдирип уяткарууда колдонулат. Сакалдуу башың менен ушундай да ищ кыласыңбы? Колго түшкөн карышкырды эркек башың менен куткарып жибергениң уят эмеспи? Ичет, катын башы менен (Жусупов). Экинчиден, Серкебай башы менен эшигине келаткан мартабасына сыймыктанды (Осмоналиев). Эркек башы менен жерге көмөлөнүп өзү маскараланды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көндүм, өнөкөт болгон адатын калтырбоо, аны өлмөйүнчө таштабоо. – Болушуңду актабай эле кой. Анын мындай опуртмалуулугу башы менен жатат (Бейшеналиев). Сенин мындай катаал, кырс кыялың башың менен жатат го! Жалгыз балаңа ийикпесең, кимге жакшылык кыласың, – деп кемпир чалын жемелей баштады («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көндүм болгон, өнөкөт болуп калган адат калбайт, аны өлмөйүнчө таштабайт. - Болушуңду актабай эле кой. Анын мындай опуртмалуулугу башы менен жатат (Бейшеналиев). Сенин мындай катаал, кырс кыялың башың менен жатат го! Жалгыз балаңа ийикпесең, кимге жакшылык кыласың - деп кемпир чалын жемелей баштады («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бүт мүмкүнчүлүгүн жумшаса да, бардык күчү менен катуу аракеттенсе да, өлүп-тирилип иштесе да. Кимдин кабыргасын кайыштырган кандай кайгысы бар экенин билсең, сүйлөшө алсаң, эл башы менен жер казса да бүтүрүп берет (Абдукаимов). Ансыз деле эчтемесин аябаган немелер дагы эле аябайт, башы менен жер казса да берет («Кыргызстан маданияты»). Башым менен жер казсам, Бай карабайт убалга (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бүт мүмкүнчүлүгүн жумшоо, бардык күчү менен катуу аракеттенүү, өлүп-тирилип иштөө. Кимдин кабыргасын кайыштырган кандай кайгысы бар экенин билсең, сүйлөшө алсаң, эл башы менен жер казса да бүтүрүп берет (Абдукаимов). Ансыз деле эчтемесин аябаган немелер дагы эле аябайт, башы менен жер казса да берет («Кыргызстан маданияты»). Башым менен жер казсам, Бай карабайт убалга (Осмонкул). В.: Төбөсү менен жер казуу. Төбөм менен жер казсам да жакшылыкты билбедиң («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч тартынбай, аянбай, бүт мүмкүнчүлүгү, бардык далалаты кан-жаны менен абдан берилип аракеттенүү. Эрдигине бел байлап, ынтымагыңа башым менен кирип кеткем, Ыркың бузба, баатырым, ырыс алды - ынтымак (Тойбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтканына көнүү, дегенине макул болуу (көбүнчө кандайдыр бир өтүнүчүн аткарган кишиге карата). Бул жакшылыгыныз үчүн башым тартуу («Ленинчил жаш»), -Анда бөрү жүрбөс катмарлар менен кайкыйбыз. Башым тартуу (Бейшеналиев). Малы, мүлкү курусун, башым тартуу кылайын (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтканына көнүү, дегенине макул болуу (көбүнчө кандайдыр бир өтүнүчүн аткарган кишиге карата). Бул жакшылыгыңыз үчүн башым тартуу («Ленинчил жаш»). – Анда бөрү жүрбөс катмарлар менен кайкыйбыз. Башым тартуу (Бейшеналиев). Малы, мүлкү курусун, башым тартуу кылайын (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши оңолуу, мансабы, мартабасы, зоболосу көтөрүлүү. Башыңа бак консун, ырыс этегиңен жалгасын (Сыдыкбеков). Эми жаңы өкматтын аркасында башына бак конгон мына бул кайниңдин аркасы да (Сыдыкбеков). Майданда жүргөн жеринде, Бак консун сенин башыңа (фольк.). В.: Башына куш конуу. Бактыбектин башына куш конуп, болуп-толуп турган кези («Ала-Тоо»). Бак кушу конуп башына, Жаш кошкондой жашына (Ш. Үмөталиев). Башына кут конуу. Анын башына кут конду. Башына кут конгон киши.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иши оңолуу, мансабы, мартабасы, зоболосу көтөрүлүү. Башыңа бак консун, ырыс этегиңден жалгасын (Сыдыкбеков). Эми жаңы өкматтын аркасында башына бак конгон мына бул кайниңдин аркасы да (Сыдыкбеков). Майданда жүргөн жеринде, Бак консун сенин башыңа (фольк.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыйын-кыстоо ишке дуушар болуу, мусапырлык башына келүү, айласы кетип, кыйналган абалда болуу. Башыбызга булут айланып, жүлүнүбүз үзүлүп, жүрөгүбүз жараланып турат (Ш. Үмөталиев). В.: Башына булут ойноо. Нөкөндүн ыйманы учуп, башына булут ойноп кеткендей болду (Ш. үмөталиев). Башына кара булут айлануу. Кеткениң байкалып, башыңа кара булут айлана баштаган чакта аны таламандын тал түшүндө сыйпаласаң таппайсың... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзү кылган иштин кесепетинен кырсыкка учуроо, кыйычылыкка дуушар болуу. Көргөн-билгендер өзүнүн кылганы өз башына жетти дегендей болсун (Турусбеков). Өз мойнуна кара чаар жылан болуп оролгону – өзүң кылган жаман жорук өз башыңа жеткени (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзү кылган иштин кесепетинен кырсыкка учуроо, кыйынчылыкка дуушар болуу. Көргөн-билгендер өзүнүн кылганы өз башына жетти дегендей болсун (Турусбеков). Өз мойнуна кара чаар жылан болуп оролгону - өзүң кылган жаман жорук өз башыңа жеткени (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кирептер болуу, кыйын-кыстоо абалда калуу. Жездем экөөңдүн башыңа иш түштүбү? (Тойбаев). Башыңа иш түшкөндө акылдуу кишилер, пулдуу кишилер белдүү келет, билип кой (Касымбеков). В.: Башына мүшкүл иш түшүү. Чыныгы адам гана башыңа мүшкүл иш түшкөндө колунан келген жардамын аябайт тура («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ар нерсени айтып кызыктырып, алдап-соолап азгыра берүү, өзүнө тартуунун амалын жасоо, дегенине көндүрүү аракетинде болуу. Бирок менин башымды айландырган Абдраим корбашы болду (Мияшев). Өлчөөсү кургурлар кийин кичүү кызым Галинанын башын айландырып өз чөйрөсүнө тартыптыр («Советтик Кыргызстан»), Ошентип Жамий мырза бир заматта Кашгарынын башын айландырып салды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ар нерсени айтып кызыктырып, алдап-соолап азгыра берүү, өзүнө тартуунун амалын жасоо, дегенине көндүрүү аракетинде болуу. Бирок менин башымды айландырган Абдраим корбашы болду (Мияшев). өлчөөсү кургурлар кийин кичүү кызым Галинанын башын айландырып өз чөйрөсүнө тартыптыр («Советтик Кыргызстан»). Ошентип Жамий мырза бир заматта Кашгарынын башын айландырып салды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оор кайгыга, чоң жоготууга учуроо, кырсыкка дуушар болуу. Башына каран күн түшкөн Сансыздын алачыгы кундөгүсүнөн беш бетер шүмүрөйгөнсүп турат (Жантөшев). В.: Башына каран түн түшүү. Дөөлөттүүбү, жакырбы, деги адам баласынын башына каран түн түшпөсүнчү (Бейшеналиев). Мен Сагындык байда малай болуп азап тартып жүргөндө Карындашым Зууранын башына түн түшүптүр («Кыргызстан аялдары»). Башына күн түшүү. Алымдын башына күн түшүп турган убагы (Жантөшев). Эл башына күн түшүп турган соң үйдө жата албадым (Укаев). Адам башына оор күн түшкөндө өмүрүндөгү жакшылык кылган, ынак адамдарды эстейт экенсиң (Жусупов). Башына түн түшүү. – Ымыртта жолун жарык кылган эски каухарынын билигин өзү тепсеп өчүрсө, анын эмнесине күйүнөбүз, бу кагандын өз башына түн түшкөнү (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БАШЫНА КАРАН КҮН ТҮШҮҮ Дөөлөттүүбү, жакырбы, деги адам баласынын башына каран түн түшпөсүнчү (Бейшеналиев). Мен Сагындык байда малай болуп азап тартып жүргөндө Карындашым Зууранын башына түн түшүптүр («Кыргызстан аялдары»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түшүнбөө, түшүнө албоо. Ушинтип молдолор тарабынан өмүрдө укпаган сөздөр сүйлөнүп жатты. Алардын бири да менин башыма кирген жок (Элебаев). 2. Эч ойлобоо, оюна да келбөө. Арзыматты сүйүү деген ой башына да кирген эмес (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Түшүнбөө, түшүнө албоо. Ушинтип молдолор тарабынан өмүрдө укпаган сөздөр сүйлөнүп жатты. Алардын бири да менин башыма кирген жок (Элебаев). 2. Эч ойлобоо, оюна да келбөө. Арзыматты сүйүү деген ой башыма да кирген эмес (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан ардактоо, урматтоо, сыйлоо, кадырлоо. Эли-журтуң сени башына көтөрөт. – Сен бүткүл элдикисиң (Бейшеналиев). 2. Ызы-чуу, уу-чуу салуу, тынчтыкты бузуп дүрбөлөң түшүрүү. Тамды башына көтөрүп кыйкырат дейсиң, тим эле үйдөн безип чыгып кеткиң келет (Мырзаев). Айылдагы кыз-келиндерге чаң салып, бүт айылды башыма көтөрчүмүн (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан ардактоо, урматтоо, сыйлоо, кадырлоо. Эли-журтуң сени башына көөтөрөт. - Сен бүткүл элдикисиң (Бейшеналиев). 2. Ызы-чуу, уу-чуу салуу, тынчтыкты бузуп дүрбөлөң түшүрүү. Тамды башына көтөрүп кыйкырат дейсиң, тим эле үйдөн безип чыгып кеткиң келет (Мырзаев). Айылдагы кыз-келиндерге чаң салып, бүт айылды башыма көтөрчүмүн (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Издегени табылып, иши оңолуп, төбөсү көккө жете түшкөндөй. Эл арасында Кумарбек да жүрөт. Акинайды көрдү. Башына күн туугандай сүйүндү (Осмоналиев). В.: Башына күн, аягына ай туугандай. Күткөн адамы келип, башына күн, аягына ай туугандай сүйүндү (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БАШЫНА КАРАН КҮН ТҮШҮҮ Алымдын башына күн түшүп турган убагы (Жантөшев). Эл башына күн түшүп турган соң үйдө жата албадым (Укаев). Адам башына оор күн түшкөндө өмүрүндөгү жакшылык кылган, ынак адамдарды эстейт экенсиң (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кыргын салуу, кылычташып чабышуу, катуу кармашуу. Башына кылыч ойнотуп, Каарданып кирди эле («Манас»). Алысыраак балбанды, Айза менен сойлотту, Андан жакын келгенин, Башына кылыч ойнотту («Сейтек»). Топ арасы улам суюлуп, каардуу душмандын башына кылыч ойнотуп жатты (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыргын салуу, кылычташып чабышуу, катуу кармашуу. Башына кылыч ойнотуп, Каарданып кирди эле («Манас»). Алысыраак балбанды, Айза менен сойлотту, Андан жакын келгенин, Башына кылыч ойнотту («Сейтек»). Топ арасы улам суюлуп, каардуу душмандын башына кылыч ойнотуп жатты (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир коркунучтан, кырсыктан, кыйын абалдан кутулуу аракетинде болуу, жан далбасалоо. Не бир түркүн жигиттер, өлүмдөн башын ала качам менен андан күчтүү кордукка жолугат (Осмоналиев). Жүзүңдү жашырып башыңды ала качып, шагыңдан алыс түшпөпсүң (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир коркунучтан, кырсыктан, кыйын абалдан кутулуу аракетинде болуу, жан далбасалоо. Не бир түркүн жигиттер, өлүмдөн башын ала качам менен андан күчтүү кордукка жолугат (Осмоналиев). Жүзүңдү жашырып башыңды ала качып, шагыңдан алыс түшпөпсүң (Бейшеналиев). В.: Башын арачалоо. Мал-мүлк менен эч кимдин жумушу болгон жок. Ар ким өз башын арачалады («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирди көрсөтүү, сазайын окутуу, кыйноо, катуу жазалоо. Шашпа колума тийсең башыңа май кайнатармын, – деди Карачал («Ала-Тоо»). Башыңарга май кайнатып жиберейин. В.: Башына чай кайнатуу. – Эми оңбой калдың, Сендей ууру иттей шимшиген селсаяктын башына чай кайнатуу керек (Бейшеналиев). Башына жаңгак чагуу. – Эмне, Арапбай башыңарга жаңгак чагып жатабы? («Ала-Тоо»). Сендей иттин башына жаңгак чагамын («Кыргызстан маданияты»). Мээсине май кайнатуу. Айдарбек датка баштаган чоң муштумдардын мээсине май кайнатайын (Жантөшев). Мээсине чай кайнатуу. Кыскасы бай-манаптардын мээсине чай кайнатып, жүрөгүн ала баштадык (Жантөшев). Чокусуна чай кайнатуу. Анын колуна тийсең чокуңа чай кайнайт («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши кыйшаңдоо, кыйчалыштоо, дөөлөтү кетүү, даражасы төмөндөө, начарлоо. Башыңан бактың качкан соң, Адам эмес, жаш бала коркпойт заарыңдан (Токтогул). В.: Башынан бак таюу. Жыл өткөн сайын Күрүчбектин курчу кетилип, мизи мокоп, башынан бак таюуда (Осмоналиев). Башынан бак кушу учуу. Башынан бак кушу уча баштаган бай, манаптардын каршылыгы күчөй баштады (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ашып-ташкан кененчиликте, жыргалдын үстүндө жашоо. Эзүүчүлөрдүн оокатында жүргөндө... жинкиндери түгөнүп шорлогон кургурлар, өзүнө-өзү ээлик болгон, башынан май аккан жыргал турмушка жеткенине ыраазы (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сары түс кайгы, убайым, санаа тартуунун белгиси. Башка сары чалуу (өңү сары түстүү чүпүрөктөн селде чалынуу, сары жоолук менен башын бууш, ж.б.) капа болуп туталануунун, катуу убайым жеп, санааркагандыктын белгиси. Жаалданып калыптыр, Башына сары чалыптыр («Манас» С. О.).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Күйөөсүн теңсибей чанып кетүү, жактырбай таштап кетүү, башка бирөөгө ооп кетүү. Албоочудай болдуң башымды аттап, эр издедим (Осмоналиев). - Менин гана башымды аттайт э, томаяктын кызы (Сыдыкбеков). Эрке токолу башын аттап кетти деген сөзгө калбайын деп чочуду (Көчкөнов). 2. Тийиштүү адамга айтпай, билдирбей, анын макулдугун укпай туруп өзүнчө, өз билгениңдей иштей берүү. Башымды аттап, сөзүмдү таштап Бекназардан калка күтүп кеткен экен деп каарына алса кантти? (Касымбеков). Эрез талашкан коңшу манап калпа ажынын ага кеңешип-таңашпай башын аттап.. ажыдаардай оп тартып тереңдеп баратканына Касымбек терикти (Бейшеналиев). Көзүмдүн тирүүсүндө дөө да, шаа да башымды аттай албайт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күйөөсүн теңсинбей чанып кетүү, күйөөсүн таштап башка бирөөгө ооп кетүү. Кызын тынчытсын, же ал менин башымды аттап чанганы жүрөбү (Токомбаев). Менин гана башымды аттайт э, томаяктын кызы (Сыдыкбеков). 2. Тийиштүү адамга айтпай, билдирбей туруп, өз билгенинче иш кылуу, аны көзүнө илбөө. Башымды аттап, сөзүмдү таштап Бекназардан калка күтүп кеткен экен деп каарына алса кантти? (Касымбеков). Эрез талашкан коңшу манап калпа ажынын ага кеңешип-таңашпай башын аттап, ажыдаардай оп тартып тереңдеп баратканына Касымбек терикти (Бейшеналиев). Көзүмдүн тирүүсүндө дөө да, шаа да башымды аттай албайт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күтүлбөгөн окуя боло калганына, же таң каларлык ишти белгилөөдө тамаша иретинде айтуу. О, балдар, жаңылык, башкарма келди. Башына чөп сындыралы! – деп өмүрбек күлө басып келди (Жусупов). Күмүштүн башына чөп сындырып койгула, биринчи биздин үйүбүзгө бут басып олтурушу, – деди Күлапия («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Күтүлбөгөн окуя боло калганына же таң каларлык ишти белгилөө да тамаша иретинде айтуу. О, балдар, жаңылык, башкарма келди. Башына чөп сындыралы! - деп Өмүрбек күлө басып келди (Жусупов). Күмүштүн башына чөп сындырып койгула, биринчи биздин үйүбүзгө бут басып олтурушу, - деди Күлапия («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бирөөгө кудалап койгон кыздын, күйөөсү менен ажырашкан же күйөөсү өлгөн жесир аялдын башка бирөөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн чечүү, өз алдынча болууга эркиндик берүү. Кашгарыңызга Чоюбек болуштун токолун көндүрүп, башын ачкан менмин (Бейшеналиев). Эгер сен да менчилеп балдардын тилегин орундатууга даяр болсоң, кызымдын башын ачып ал (Каимов). Кээси ага-туугандарын, кээси байлардын чогуу жүргөн көңүлдөш жигиттерин ээрчитип келип, баштарын ачып,... күбөлүк наме алып кетип жатышат (Бейшеналиев). Салт ушундай, төркүндөрүн чакыртып, Айзаданын карасын алып, кааласа башын ачып, уруксат кылышы ыктымал (Касымбеков). 2. Жалпы эле талаш-тартыш, түшүнүксүз маселенин жөнүн ажыратуу, эмне экендигин айкындап чечип алуу. Ырас келдиң, баягы иштердин башын ачып кетпесең болчудай эмес («Ала-Тоо»). Ал эми ууру машинанын башын ачышар, ал жагына көп тереңдебейм («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кудалашкан кыздын же жесир аялдын башка бирөөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн чечүү, эркиндик берүү. Кудалуу кыздын башын ачуу үчүн, башкасын айтпаганда да, элүүдөй ири кара керек эле (Каимов). – Башымды ачып кетсин, – деп Салима атасына айттырган (Абдукаримов). 2. Кандайдыр бир нерсенин, иштин жөн-жайын такташтырып ажыратуу. Ырас келдиң, баягы иштердин башын ачып кетпесең болчудай эмес («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жыргатуу, чеке жылытуу, жакшылык көрсөтүү. Карабек жакшылык ойлоп, биздин башыбызга чырак жакканы келе жатат дейсиңби? (Жантөшев). Орозахун менен Азимакундун баштарына чырак жагып, төрт тараптарын кыбыла кылды (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жыргатуу, чеке жылытуу, жакшылык көрсөтүү. Карабек жакшылык ойлоп, биздин башыбызга чырак жакканы келе жатат дейсиңби? (Жантөшев). Орозахун менен Азимакундун баштарына чырак жагып, төрт тараптарын кыбыла кылды (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. өз эркинче боло албоо, бирөөгө көз каранды болуу, бирөөлөрдүн бийлигинде, кол алдында болуу. Башымды байлап коюп, мени да, аялымды да кул, күң ордуна жумшайт экен (Баялинов). Башын байлап коюп күң урунууну билбейсиңби, эси жок эселек (Турусбеков). 2. Тобокелге салуу, эч нерседен кайра тартпай белсене киришүү, өлүмгө да даяр туруу. Сен айткан жыргал заман үчүн мен башымды өлүмгө байлап койгомун (Жантөшев). Мен эл-жер үчүн, силер үчүн деп башымды байлап коюп, күн-түн дебей жер кезип жүрөм («Ала-Тоо»). Тобок «туулдум, өлдүм» тобокелге башын байлап, элдин намысы үчүн макулдайт (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өз эркинче боло албоо, бирөөгө көз каранды болуу, бирөөлөрдүн бийлигинде, кол алдында болуу. Башымды байлап коюп, мени да, аялымды да кул, күң ордуна жумшайт экен (Баялинов). Башын байлап коюп күң урунууну билбейсиңби, эси жок эселек (Турусбеков). 2. Тобокелге салуу, эч нерседен кайра тартпай белсене киришүү, өлүмгө да даяр туруу. Сен айткан жыргал заман үчүн мен башымды өлүмгө байлап койгомун (Жантөшев). Мен эл-жер үчүн, силер үчүн деп башымды байлап коюп, күн-түн дебей жер кезип жүрөм («Ала-Тоо»). Тобок «туулдум, өлдүм» тобокелге башын байлап, элдин намысы үчүн макулдайт (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир жерге жыйноо, чогултуу, топтоо (көбүнчө ынтымакка келтирүү, биргелешип кеңеш куруу же сый көрсөтүү, коноктоо маанисинде). Сен болсоң жигиттердин башын бириктирип жатасың («Ала-Тоо»). Элдин башын бириктирди (Жусупов). В.: Башын кошуу. Балыкчылардын айлынын башын кошуп, бириктирип отурган уюткусундай эле (Укаев). Райдын бошонуп келген шылтоосу менен Акбала ушул айылдын сыйлуу кишилеринин башын кошуп, коноктоп жибермек болду («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир жерге жыйноо, чогултуу, топтоо (көбүнчө ынтымакка келтирүү, биргелешип кеңеш куруу же сый көрсөтүү, коноктоо маанисинде). Сен болсоң жигиттердин башын бириктирип жатасың («Ала-Тоо»). Элдин башын бириктирди (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жок кылды, жоготту, көзүн тазалады, өлтүрдү, өмүрүн кыркты. Кандуу согуш далайдын башын жеди («Кыргызстан маданияты»). – Кул-кутан, жарды-жалчыдан канчасынын башын жеди. – өзгөнү коёлу... баатыр Шеримбектин эле куну канчага турат? (Бейшеналиев). 2. Өзүнө өзү зыян келтирди, өзүн кырсыкка, өлүмгө дуушар кылды. Ал ошентип тил албай жүрүп, башын жеди. В.: Башын жутуу. Кек кууган Эсир акыры Оросулдун башын жутту (Осмоналиев). Тартипсиздикти баштагандар керт башын жутарына түшүнүштү (Бектенов). Айкаш абдан катуу болуп, эки тараптан тең миңдеген адамдардын башын жутту (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жок кылды, жоготту, көзүн тазалады, өлтүрдү, өмүрүн кыркты. Кандуу согуш далайдын башын жеди («Кыргызстан маданияты»). -Кул-кутан, жарды-жалчыдан канчасынын башын жеди. - Өзгөнү коелу.. баатыр Шеримбектин эле куну канчага турат? (Бейшеналиев). 2. Өзүнө өзү зыян келтирди, өзүн кырсыкка, өлүмгө дуушар кылды. Ал ошентип тил албай жүрүп, башын жеди.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Тике карай албоо (көбүнчө бир нерседен тартынып уялган же өзүн күнөөлүүдөй сезип кысылган абалга карата). Асан айбыгып башын жерге салды («Ала-Тоо»). Ошондо гана үйдөгүлөр жапырт башын жерге салып кызарып кеткен Асылбекти ... карап калышты (Абакиров). 2. Капа болгон, көңүлү чөккөн, сабыры суз абалда шылкыйып төмөн кароо, баш көтөрбөө. Кибиреп ушул да капаны сезгенсип, башын жерге салыптыр (Жусупов). Анын үшкүрүгү отургандарга муздак шамалдай бир тийип, баары башын жерге салып калышты (Абдукаимов). Салый менен Эсир башын жерге салып, түнөрүп үйгө киришти (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тике карай албоо (көбүнчө бир нерседен тартынып уялган, же өзүн күнөөлүүдөй сезип кысылган абалга карата). Асан айбыгып башын жерге салды («Ала-Тоо»). Ошондо гана үйдөгүлөр жапырт башын жерге салып кызарып кеткен Асылбекти карап калышты (Абакиров). 2. Капа болгон, көңүлү чөккөн, сабыры суз абалда шылкыйып төмөн кароо, баш көтөрбөө. Кибиреп ушул да капаны сезгенсип, башын жерге салыптыр (Жусупов). Анын үшкүрүгү отургандарга муздак шамалдай бир тийип, баары башын жерге салып калышты (Абдукаимов). Салый менен Эсир башын жерге салып, түнөрүп үйгө киришти (Осмоналиев). В.: Башын салаңдатуу. Башын салаңдаткан бойдон менин жанымдан акырын өтүп кетти («Советтик Кыргызстан»). Энесинин өлгөндүгүнө бир жыл болгондугун эстеп, баятан бери Бүкөш башын салаңдатып отурат («Ала-Тоо»). Башын салуу. Бир кедей басып барды башын салып, Далайга оозу барбай заарканып (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсеге абдан берилип, жан дили менен киришүү, баш көтөрбөй, тыным албай катуу аракеттенүү. Зулумдун аялынын колкосу, өтүнүчү боюнча башын жерден албай иштөөдө (Бейшеналиев). 2. к. Башын жерге салуу 1, 2. Мамбеткул атасынын каарына калып, айыптуу болгон баладай башын жерден албай, анын соңунан ээрчип отурду (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсеге абдан берилип, жан дили менен киришүү, баш көтөрбөй, тыным албай катуу аракеттенүү. Зулумдун аялынын колкосу, өтүнүчү боюнча башым жерден албай иштөөдө (Бейшеналиев). 2. к. БАШЫН ЖЕРГЕ САЛУУ 1, 2. Мамбеткул атасынын каарына калып, айыптуу болгон баладай башын жерден албай, анын соңунан ээрчип отурду (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БАШЫН ЖЕДИ Кек кууган Эсир акыры Оросулдун башын жутту (Осмоналиев). Тартипсиздикти баштагандар керт башын жутарына түшүнүштү (Бектенов). Айкаш абдан катуу болуп, эки тараптан тең миңдеген адамдардын башын жутту (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жоокерчилик учурда душманга каршы чыгуу, эч тартынбай өлүмдү бет алуу, тобокелге салып белсене киришүү. Эми алар маңдайга жазганды көрдүк дешип, баштарын канжыгага байлап салышты (Садыбакасов). Же анын башын канжыгага байлап чыккан суук түрүн байкадыбы, айтор айылга кире алган жок (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жоокерчилик учурда душманга каршы чыгуу, эч тартынбай өлүмдү бет алуу, тобокелге салып белсене киришүү. Эми алар маңдайга жазганды көрдүк дешип, баштарын канжыгага байлап салышты (Садыбакасов). Же анын башын канжыгага байлап чыккан суук түрүн байкадыбы, айтор, айылга кире алган жок (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жашырынуу, изин жашыруу, бир нерсеге аралашпоо, көрүнбөө, андан өзүн алыс кармоо аракетинде болуу. Кедей туугандын атына өтүп, башымды катып жашырган түбүмдү чукуп, абтарыйкатымды ойрондотуп жүрбөсүн (Бейшеналиев). Бай-манаптар өзгөрүштү кабылдабай, мал-мүлкүн жашырып, башын катып, тоо таш жамынып четтен күч издешүүдө (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашырынуу, изин жашыруу, бир нерсеге аралашпоо, көрүнбөө, андан өзүн алыс кармоо аракетинде болуу. Кедей туугандын атына өтүп, башымды катып жашырган түбүмдү чукуп, абтарыйкатымды ойрондотуп жүрбөсүн (Бейшеналиев). Бай-манаптар өзгөрүштү кабылдабай, мал-мүлкүн жашырып, башын катып, тоо-таш жамынып четтен күч издешүүдө (Бейшеналиев). В.: Башын калкалоо. Көрсө, ал сот өзүнүн чыныгы жүзүн жашырып, башын калкалап жүргөн бир улутчул жана Бийаалы, Түркмөндөр менен байланышкан сот экен (Жантөшев). Башын ийнине катуу. Апсамат эрксизден башын ийнине ката койду (Жакыпбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Болбогон бир нерселер жөнүндө айта берип катуу ойлонтуу, мазесин алуу, алек кылуу, башын маң кылуу. – Сатканынын бизге кереги эмне! – Башымды катырбачы менин (Осмоналиев). В.: Башын кычытуу. Экөө эки жагынан чыгып, анын башын кычытып баса берди (Осмоналиев). Башын оорутуу. Орунсуз сөздү айтып, Түлөбердинин башын оорутчу эмес (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БАШЫН БИРИКТИРҮҮ Балыкчылардын айлынын башын кошуп, бириктирип отурган уюткусундай эле (Укаев). Райдын бошонуп келген шылтоосу менен Акбала ушул айылдын сыйлуу кишилеринин башын кошуп, коноктоп жибермек болду («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге катуу санааркап, көңүлү чөгүү, басынуу, абдан мүңкүрөгөн абалда болуу. Байымбет кейиштен башын көтөрө албай турган учурда Букарбайдын кылчактап, коё турайын дегени ыраазы кылды (Бейшеналиев). Момун адам дагы да башын жерден көтөрө албай калды (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге катуу санааркап, көңүлү чөгүү, басынуу, абдан мүңгүрөгөн абалда болуу. Байымбет кейиштен башын көтөрө албай турган учурда Букарбайдын кылчактап, кое турайын дегени ыраазы кылды (Бейшеналиев). Момун адам дагы да башын жерден көтөрө албай калды (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир жагымсыз начар иштен (катуу оорудан, чоң кырсыктан, узак жолдон ж.б.) аман калган адамга сый көрсөтүү иретинде кийим-кече кийгизүү же бир нерсе тартуулоо. Ой, айтмакчы, сен, Максүт акенин башын куттуктоого камын (Турусбеков). Иниң өзү келгенде башын куттуктап ат мингизейин (Жантөшев). Куру кол кантип барасыз. Башын куттуктаганга не ылайык?! (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир жагымсыз начар иштен (катуу оорудан, чоң кырсыктан, узак жолдон ж.б.) аман калган адамга сый көрсөтүү иретинде кийим-кече кийгизүү, же бир нерсе тартуулоо. Ой, айтмакчы, сен, Максүт акенин башын куттуктоого камын (Турусбеков). Иниң өзү келгенде башын куттуктап ат мингизейин (Жантөшев). Куру кол кантип барасыз. Башын куттуктаганга не ылайык?! (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне кыларын билбей айласы кеткен абалга калтыруу, башын катыруу. Агыштын уулу Кыязды Айла менен үркүтүп, Амал менен коркутуп, Сөз салып башын маң кылды («Сейтек»). Ал эмең ошол туюк кемегени көрсөтүп, элдин башын маң кылып, азгырып, кандуу коогага дүүлүктүрүп жатат (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне кыларын билбей айласы кеткен абалга калтыруу, башын катыруу. Агыштын уулу Кыязды Айла менен үркүтүп, Амал менен коркутуп, Сөз салып башын маң кылды («Сейтек»). Ал эмең ошол туюк кемегени көрсөтүп, элдин башынмаңкылып, азгырып, кандуу коогага дүүлүктүрүп жатат (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өлүмдөн кайра тартпоо, эч тартынбай, тайманбай белсене киришүү, тобокелге салуу. – Жалгыз аттан ажырап, боорум менен жылгыча, азуулуулар үчүн сайдым башымды (Бейшеналиев). Башын сайып, мал-мүлкүн чачса да пенде чыдагыс өч алат («Кыргызстан маданияты»). Өзүңдүн таежең экөөбүздү калкалаары чын болсо, башымды сайдым (Бейшеналиев). В.: Башын тигүү. Далай жылдар бою башын тигип күрөшкөндөгү көксөгөн максаты ушул күн эле го (Бектенов). Мына ушул силердин бактылуу турмушуңар үчүн башын тигип, өмүрүн кыйган баатыр аталарыңарды эстен чыгара көрбөгүлө, айланайындар (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өлүмдөн кайра тартпоо, эч тартынбай, тайманбай белсене киришүү, тобокелге салуу. - Жалгыз аттан ажырап, боорум менен жылгыча, азуулуулар үчүн сайдым башымды (Бейшеналиев). Башын сайып, мал-мүлкүн чачса да пенде чыдагыс өч алат («Кыргызстан маданияты»). Өзүңдүн таежең экөөбүздү калкалаары чын болсо, башымды сайдым (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне кылса да, канчалык аракеттенсе да (көбүнчө, эч мүмкүн эмес, аткарууга болбойт, иш жүзүнө ашпайт деген мааниде). Мен башымды ташка койгуласам да бир учурган кушум кайрылып келип колума конбойт (Абдукаимов). Башымды ташка койгуласам да толу аяк толугу менен колго тийбей турганына түшүндүм (Каимов). В.: Башын ташка урса да. Ушул азыр башымды ташка урсам да эчтеке чыкпасына көзүм жетип эле турат (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне кылса да, канчалык аракеттенсе да (көбүнчө эч мүмкүн эмес, аткарууга болбойт, иш жүзүнө ашпайт деген мааниде). Мен башымды ташка койгуласам да бир учурган кушум кайрылып келип колума конбойт (Абдукаимов). Башымды ташка койгуласам да толулуу аяк толугу менен колго тийбей турганына түшүндүм (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Азгыруу, өзүнө тартуу, айла-амал менен бир нерсеге макулдатуу. Эртең жанагы тоголонгон семиз энесинин башын тегеретип кел («Кыргызстан маданияты»). Үзүлүп-түшүп, айланып-кагылып, өпкө-жүрөгүн чаап, башыңызды заматта тегеретип таштайт (Борбиев). Осмондун башын тегеретип көрдү (Саатов). 2. дин. Дубалап сүйдүрүү, тартуу деген мааниде. Анын башын тегеретип алса керек. Мончоктой болгон балдарына да карабай ээрчип кете берди («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Азгыруу, өзүнө тартуу, айла-амал менен бир нерсеге макулдатуу. Эртең жанагы тоголонгон семиз энесинин башын тегеретип кел («Кыргызстан маданияты»). Үзүлүп-түшүп, айланып-кагылып, өпкө-жүрөгүн чаап, башыңызды заматта тегеретип таштайт (Борбиев). Осмондун башын тегеретип көрдү (Саатов). 2. дин. Сыйкырдап сүйдүрүү, тартуу деген мааниде. Анын башын тегеретип алса керек. Мончоктой болгон балдарына да карабай ээрчип кете берди («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. БАШЫН САЮУ Далай жылдар бою башын тигип күрөшкөндөгү көксөгөн максаты ушул күн эле го (Бектенов). Мына ушул силердин бактылуу турмушуңар үчүн башын тигип өмүрүн кыйган баатыр аталарыңарды эстен чыгара көрбөгүлө, айланайындар (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Болгон кырсык бардык балээ сага болсун, өз башың менен кетсин деген сыяктуу жек көрүү маанисиндеги каргыш. О, ыймансыз каапыр! Башыңа көрүнгүр! Уятың болсо чыныңды айт (Тойбаев). В.: Кара башыңа көрүнгүр! Кара башыңа көрүнгүр! Эмне эле таң атпай шаңшып калган. Бул бала-бакыранын жанын койбойт ко (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бет алды кете берүү, максатсыз туш келди баса берүү, оюна эмне түшө калса, ошону иштөө. Көчкөндөр башы оогон жакка илкип кетип жатышты (Сыдыкбеков). Ага катуулаганда мурдатан көндүм селсаяк... башы оогон жакка бастырары бышык (Бейшеналиев). Башым оогон жакка бурулуп баса бердим, кете бердим (Борбиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бет алды кете берүү, максатсыз туш келди баса берүү, оюна эмне түшө калса, ошону иштөө. Көчкөндөр башы оогон жакка илкип кетип жатышты (Сыдыкбеков). Ага катуулаганда мурдатан көндүм селсаяк... башы оогон жакка бастырары бышык (Бейшеналиев). Башым оогон жакка бурулуп баса бердим, кете бердим (Борбиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кебелбеген, абдан салмактуу, токтоо, оор басырык. Унчукпас, башы оор шофердун бурк эткени угулду (Өмүрбаев). 2. Бир нерсени анча этибар албаган, оңой менен жылбаган. Жаш туруп мынча башы оор болорбу? Кайнене өз алдынча кобуранып жатты («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Кебелбеген, абдан салмактуу, токтоо, оор басырык. Унчукпас, башы оор шофврдун бурк эткени угулду (Өмүрбаев). 2. Бир нерсени анча этибар албаган, оңой менен жылбаган. Жаш туруп мынча башы оор болорбу? Кайнене өз алдынча кобуранып жатты («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге киришип алып, андан кутула албоо, бошобоо, мүмкүнчүлүгү боло албоо. Дээрлик көбү ичкенден башы чыкпай шишип-көөп, көчөдө калганын далилдер менен баяндайт (Осмоналиев). Буюрса, самоор кайнаткандан башың чыкпайт. Ага ашыкпа (Абакиров). Карыздан башы чыкпайт.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге иришип алып андан кутула албоо, бошобоо, мүмкүнчүлүгү боло албоо. Дээрлик көбү ичкенден башы чыкпай шишип-көөп, көчөдө калганын далилдер менен баяндайт (Осмоналиев). Буюрса, самоор кайнаткандан башың чыкпайт. Ага ашыкпа (Абакиров). Карыздан башы чыкпайт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени көпкө ойлонуп абдан алек болуу, аябай чаташуу, кыйналуу, маң болуу. Ойлой берип башым шишиди, эч нерсе чыга турган эмес («Чалкан»). 2. Акыл-эстен ажыроо, мээси иштебей калуу (мындай учурда көбүнчө тануу же суроо маанисиндеги сөздөр, мүчөлөр менен айкашып колдонулат). Мында башы шишиген киши барбы? (Сыдыкбеков). Башым шишиптирби?

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсени көпкө олонуп абдан алек болуу, аябай чаташуу, кыйналуу, маң болуу. Ойлой берип башым шишиди, эч нерсе чыга турган эмес («Чалкан»). 2. Акыл-эстен ажыроо, мээси иштебей калуу (мындай учурда көбүнчө тануу же суроо маанисиндеги сөздөр, мүчөлөр менен айкашып колдонулат). Мында башы иштеген киши барбы? (Сыдыкбеков). Башым шишиптирби?