БАШЫНА КАРАН КүН ТүШүү
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Оор кайгыга, чоң жоготууга учуроо, кырсыкка дуушар болуу. Башына каран күн түшкөн Сансыздын алачыгы кундөгүсүнөн беш бетер шүмүрөйгөнсүп турат (Жантөшев). В.: Башына каран түн түшүү. Дөөлөттүүбү, жакырбы, деги адам баласынын башына каран түн түшпөсүнчү (Бейшеналиев). Мен Сагындык байда малай болуп азап тартып жүргөндө Карындашым Зууранын башына түн түшүптүр («Кыргызстан аялдары»). Башына күн түшүү. Алымдын башына күн түшүп турган убагы (Жантөшев). Эл башына күн түшүп турган соң үйдө жата албадым (Укаев). Адам башына оор күн түшкөндө өмүрүндөгү жакшылык кылган, ынак адамдарды эстейт экенсиң (Жусупов). Башына түн түшүү. – Ымыртта жолун жарык кылган эски каухарынын билигин өзү тепсеп өчүрсө, анын эмнесине күйүнөбүз, бу кагандын өз башына түн түшкөнү (Касымбеков).