БАШЫН АЛА КАЧУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кандайдыр бир коркунучтан, кырсыктан, кыйын абалдан кутулуу аракетинде болуу, жан далбасалоо. Не бир түркүн жигиттер, өлүмдөн башын ала качам менен андан күчтүү кордукка жолугат (Осмоналиев). Жүзүңдү жашырып башыңды ала качып, шагыңдан алыс түшпөпсүң (Бейшеналиев).